Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Чекисттердин чектен чыккан жоругу


Коен-Талаа айылы
Коен-Талаа айылы

Ноокаттагы Коен-Талаа айылынын тургундары менен улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн кагылышуусун териштирүү башталды. Кыштак жашоочулары кишилерди карай ок аткан чекисттерге карата катаал чара көрүүнү талап кылууда. Ал эми жергиликтүү бийлик окуяга шашылыш баа берүү эртелик кылаарын эскертүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, 8-апрель күнү кечке маал Орусия жараны, өзү ушул жерлик Казым Төрөкуловдун Коен-Талаа айылындагы үйүнө беш-алты милиция жана үч улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келип, ага санкцияны сыртынан көрсөтүп, «сенде Хизбут-тахрир партиясына таандык баракчалар, китептер, тасмалар бар экен. Батириңди тинтебиз!» деп демитишкен.

Үй ээси "күнөөмдү кантип далилдейсиңер?" дегиче, бирөөлөрдөн кабар уккан атасы Рахмидин Төрөкулов, апасы Шарапат жетип келишкен. Аңгыча айылдыктар да топтолуп, окуяга абай салып турушкан.

Солдон оңго карай: Казым, апасы Шарапат, атасы Рахмидин.
Шарапат Төрөкулова өзүн Ноокат райондук улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисимин деп тааныштырган кишиге кайрылып, «сизден шектенип турам, ичиңизде бир нерселер бар окшойт» деп колун сунганда, тигил адам сөгүнүп, аялдын пешенесине тапанча такаган.

Арага Рахмидин Төрөкулов түшкөндө, аны адегенде башына, кийинчерээк бутуна аткан. Бактыга жараша ок тийген эмес.

Рахмидин – Казым Төрөкуловдун атасы
Коен-Талаа айылынын тургуну Матлюба Тургунбаева ошо күндү мындайча эскерет:

...Чекисттер Казым Төрөкуловдун атасына карай эки-үч ирет ок атышты. Өз көзүм менен көрдүм. Кыштактагылар бир паста топтолуп, ызы-чуу түшкөндө, милиция таңыркап карап турду. Ошо маалда коопсуздук кызматынын өкүлдөрү качып кетишти. Эмне, жөнөкөй жарандарды укук коргоо органдары каалагандай коркутуп-үркүтүп, укугун тебелесе боло береби? Калкка каршы курал көтөргөндөрдү кармап, башкаларга сабак иретинде көпчүлүктүн көзүнчө жазалаш керек.

Матлюба Тургунбаеванын кебин Орусия жараны, Ноокатта тууганчылап жүргөн Казым Төрөкулов төмөнкүчө улады:

-Ноокат райондук улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Саламат Сартов эки кишиси менен чагым уюштуруп, эптеп мени кармаганы келишиптир. Мени «Хизбут-тахрир партиясынын мүчөсү, а түгүл лидери. Уюмду каржылайт» деп жазып алышыптыр санкциянын ичине. Чала-була окутушту. Бирок эч кандай далили жок. Айылдагылар түп көтөрүлүп, чекисттердин арам ойлорун таш каптырды.

Казым Төрөкуловдун үйү.
Казым Төрөкулов өзү жана жердештери улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө карата катаал чара көрүүсүн талап кылып жаткандыгын билдирди.

Ноокат районуну акими Ахматжан Махаммадов бул окуяга укуктук баа берүү эртелик кылаарын жарыялады.

Ноокат райондук милициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Эрматовдун билдирүүсүнө караганда, жарандар менен чекисттердин кагылышуусун иликтөө Ош облус прокурорунун жеке көзөмөлүнө алынды.

Ошол эле учурда жергиликтүү серепчилер бийлик активдүү инсандарга укук коргоо органдары аркылуу ар кандай коркутуп-үркүтүү уюштуруп, репрессия жолоюна түштү деп коңгуроо кагууда. Алардын болжолунда, эгерде окуя ушул өңүттө уланып олтурса, жарандар менен бийлик акыры кагылышып, стабилдешип бараткан кырдаалды туңгуюкка кептеши ыктымал.

XS
SM
MD
LG