Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Нуралыктардын үйлөрү курулуп бүтпөй жатат


Бир жыл мурда болгон жер титирөөдөн Нура айылы дээрлик бүт кыйрап калган.
Бир жыл мурда болгон жер титирөөдөн Нура айылы дээрлик бүт кыйрап калган.

Былтыр зилзалада толук кыйрап, 75 адамынан ажыраган Нура айылынын тургундары үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жаткандыгына тынчсызданууда.

Кыргыз Өкмөтү былтыркы зилзаладан толук кыйраган Нура айылын 15-августка дейре калыбына келтирүүнү убада кылган. Бирок ал сөз мүдөөсүнө жеткен жок. Бул туурасында табигый кырсыктан жапа чеккендер өздөрү буларга токтолушту:

Токторбаева Динара: - Тезирээк бүтүп берсе, биздин эң эле орчундуу көйгөйүбүз ошол болуп атат. Сентябрь, октябрларда суук башталат. Келип 26- августта берилет кетишти.

Эрменбаева Калия: - Ссуда берсе дейбиз. Биз үзүлгөндү улашыбыз керек да, үйгө киргенде да ичин Кызыл-тазыл кылыш керек. Биз бул боюнча көп жерге кайрылдык, бирок жооп болбоду.

Эркинбаев Белек: - Төрт айдан бери эми фундаменти коюлган үйлөр бар, ал үйлөр качан бүтөт белгисиз, суук түшө баштады. Жол, суу түтүктөрү боюнча МЧС жакшы иштеп берди.

Маткасымова Нурайым: -
Менин жолдошумдун үйү жазылбай калды. Жакшынакай эле үйлөрү барлар тууган-уруктары көптөрү жаалап өткөрүп коет экен. Менде тууган-урук жок,бир эле эжем бар, анын дагы жолдошу жок, беш баласы бар. Кечээ жакында эжемдин 16га чыккан баласы каза болду, нервден ооруп калган. Көйгөйдү, акыбалды сураган эч ким жок, биз көмүскөдө эле калабыз.

Ушундан улам Нура айылынын өкүлдөрү президент Бакиевге жолугуунун амалын издешүүдө. Анда турак жайдан тышкары да төмөнкүдөй маселелер козголмокчу:

-Орчундуу проблемабыз Ош шаарынын айланасынан жер алуу. Экинчиси, чек ара зонасында жашаган элдерге пенсиянын көлөмүн көбөйтүү, анан кароосуз калган ата-энелерибиз бар балдарынан ажырап, ошолорго материалдык жардамдар берилсе деген ойлорубуз бар, - деди Сары-Таш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, учурда ардагер-мугалим Асылкан Абдырахманова.

Биз жаңыдан курулуп жаткан Нура шаарчасынын жашоочуларынын ал-акыбалын сураштырып жүрүп, айыл четине топтолгон кишилердин үстүнөн чыктык:

-Ата-энесинен, бир туугандарынан ажыраган Жумашев Нурбек деген бар. Ага үй дагы жок, аялы да, өзү дагы иштебейт. Балдары майда.

Өзүн архитектура жана курулуш агенттигинин Оштогу өкүлүмүн деп тааныштырган жигит турак жайлардын бүткөрүлүшүнүн кечеңдетилип жаткандыгын чогулгандарга мындайча түшүндүрдү:

-Материалдарыбыз өз убагында чыкпай калганы, электр жарыгынын өз убагында болбой калган учур болуп атат. Аба ырайынын таасири болуп атат. Бүгүнкү күндө 350дөн ашык адам иштеп атат. Бирине бүтүшүбүз кыйын болот, муну деле биз моюнга алышыбыз керек. Бирок жок дегенде 10-15не чейин бүтөбүз.

Анткен менен топтолгондордун арасынан айрымдары нааразылыгын ачык эле туюндурушту:

-Убада бере беришет экен, үчүнчү жолу убада берди. Бакиевден деле коркпойт экен, Кудайдан эле коркпосо. Октябрдын биринде деле бүтпөйт бул үйлөр. Мында күнөө жок, бул жерде Токтосун деген бар экен, Бакиевдин күйөө баласы имиш. Баардын үйдүн курулушун артка тарткан ушул киши болуп атат.

Ошол күнү Өзгөчө кырдаал министрлиги бүткөргөн мончону, электр түйүнүн жана ички жолду тапшыруу салтанатына катышкан тармактын жетекчиси Камчыбек Ташиев да калктын арыз-муңун тыңдап, аларды Өкмөткө төкпөй чачпай жеткирээрин убада кылды:

-Бишкекке барып эле бул маселени мен кабыргасынан коем. Биз унчукпай карап отура берсек кечигип кете тургандай. Токтосун жана башка деп атабыз булардын баардыгын курулуш агенттиги тандап алган. Ошолор жооп берет.

Нура айылын калыбына келтирүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, өзгөчө кырдаал министри Камчыбек Ташиев жаңы шаарча 15-20- сентябрга дейре тапшырылаарын, курулушчулар бул сапар сөзүнө турбаса, аларга карата президент Курманбек Бакиев катуу чара көрөөрүн эскертти.

Ошого карабастан курулушчулардын убадасынан жалкып калган Нура айылынын тургундары Президентке өкүл жөнөтүшөөрүн, эгерде айылдын тикелениши дагы создуктурулса, нааразылык акцияларын уюштурушаарын билдиришти.
XS
SM
MD
LG