Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Президенттик жарыш Жалал-Абатта кызыды


Президент К. Бакиев бүгүн Жалал-Абат шаарында жана Аксы районунда болду. Мамлекет башчы менен жолугушууга БЭКтин өкүлдөрү киргизилген жок. БЭКтин бирдиктүү талапкери А. Атамбаев кечээ Аксыда болуп, бүгүн Базар-Коргон районунда жолугушууларды өткөрдү.

К. Бакиев Жалал-Абаттагы жолугушуусунда президенттик кызматынын баштапкы эки жылы жалаң митинг- пикеттер менен коштолсо да, бийлик элге кызмат өтөп жатканын, социалдык – экономикалык абалдын жакшырганын баяндады. Жалал-Абад облусунун аймагында "Камбар-Ата" 2 ГЭСи менен Таш-Көмүр шаарында цемент заводу курулууда, аталган калаадагы «Крисстал» аттуу жарым өткөргүчтөр ишкана жарым криссталдык кремний өндүрүүдө.

- Акты деле кара дей берсек бул Кудайга деле, элге деле жакпайт. Акты - ак деп, караны - кара деп, болуп аткан өзгөрүүлөрдү көрбөсө көз докдурга көргөзүш керек. Союз мезгилинде гана бул ГЭСтер курулган. Азыр мына Камбар-Ата-2ни өз күчүбүз менен куруп атабыз. Канча жылдан бери, мына 20 жылдан ашык сөз болуп келген, ана иштетебиз, мына иштетебиз деп. Поликристталдык кремний эми чыкты. Ошол заводдун продукциясы Чүй облусунда жайгашкан Орловкадан монокристалдык кремний чыкты. Мындай заводдор дүйнө жүзүндө он гана мамлекетте бар. Ушул заводду толук иштетсек, биз дүйнөгө чыгара турган продукцияга ээ болуп атабыз.

Президент К. Бакиев Жалал-Абад аймагында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө
Тышкы саясат маселесине сөз тизгинин бурган К. Бакиев буга дейре башка өлкөлөр Кыргызстанды теңине албай келгендигин белгиледи. Анын айтымында, «мамиле жакшырганы менен коңшу өлкөлөр арасында анча-мынча чек ара көйгөйлөрү бар, бирок ага мамлекет башчылардын тиешеси жок. Кемчиликтерди жергиликтүү денгээлдеги кызматкерлер кетирүүдө».

Көз каранды эмес байкоочулар К. Бакиевдин жолугушуусуна атайын уруксаты бар адамдардын катышканын, коопсуздук иштери аябай күчөтүлгөнүн белгилөөдө.

20-июнда түштөн кийин К. Бакиев Аксы районуна барды. БЭКтин жергиликтүү координатору Кадыркул Өмүрбеков президенттин райондогу жолугушуусуна сынчыл маанайдагы кишилер кирбей калганын билдирди. Анын белгилешинче, «Ак жол» партиясынын күбөлүгү менен жолугушууга кирмек болгон БЕКтин эки мүчөсүн тартип сакчылар токтотуп калышкан. Анын бири Исраил Мамакеев мамлекет башчыга даярдаган он чакты суроосуна жооп ала алган жок.

И. Мамакеев « Аксы окуясы аягына чыгабы, президенттике талапкер А. Атамбаевдин Ала-Бука районундагы шайлоо штабынын мүчөсү Акила Атабаева аттуу кыз эмне үчүн иштен четтетилди?" – деген өңдүү суроолорду бергиси келген. Бул маалыматтарды "Азаттыкка" БЭКтин Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорундагы жана Таш-Көмүр шаары менен Шамалдуу-Сай шаарчасындагы координатору Кадыркул Өмүрбеков жеткирди.

Бирдиктүү элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад аймагында жолугушууларды өткөрүүдө.
БЭКтин бирдиктүү талапкери А.Атамбаевдин Базар-Коргон районундагы жолугушуусу болоор алдында укук коргоо уюмдары жергиликтүү тургундарды барбоого үндөгөн. Бул тууралу А. Атамбаевдин маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаев билдирди. Бирок маалымат катчы менен Кадыркул Өмүрбековдун айткандарын облустук ички иштер башкармасынын өкүлү жокко чыгарды.

Райондун Акман айылында А. Атамбаев үй- бүлөлүк башкаруу Кыргызстанга залакасын тийгизерин айтып, кирешелүү жайлар мыйзамсыз менчиктиштирилгенине ичи ачышып сүйлөдү:

- Талды-Булак заводун 300 сомго бериптир. Ошол эле «Жер-Үйгө» баратсам таластыктарды уюштуруп таш бараңга алды. Анткени «Жер-Үйдү» дагы алып кетти да 300 сомго. Ал жакта 700 кг. алтын бар Андаш кетти. Криссталды билесиңер, Шамалды-Сай ГЭС салынгын. Шамалды-Сайды болгону бир завод үчүн салган. Ошону 1 млн. долларга үй-бүлө алып койду. Кандай уятсыздык. Алтын деле түгөнөт, бирок Кристалл жасап аткан кремний эч качан баасы түшпөйт. Анткени барган сайын газ, бензин азаят. Поликремний дайыма баалуу болот. Ушул жалгыз завод Кыргызстанды бакмак, ушул жалгыз заводду 1 млн. долларга ит бекер берип койдук.

Эмки аптада Жалал-Абат аймагына президенттикке башка талапкерлердин келери күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG