Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:27

БЭКтин жолунда тоскоолдук көп


Бириккен элдик кыймылдын Аксыдагы өкүлү Кадырбек Өмүрбеков жер-жерлерде оппозиция өкүлдөрүнө ар кындай кысымдар, бут тосуулар болуп жатканын билдирүүдө.

- Кадыркул мырза шайлоонун алдында кандай мыйзам бузуулар болуп атат?

- Президент өзү кызматын токтотуш керек эле, бул эң чоң мыйзам бузуу. Андан башка жер-жерлерде тымызын бут тосуулар болуп атат. Биз 6-7 миң деп пландаштырдык эле, жаман болгон жок 4 миңдей адам келди. Бирок ушуга дагы жер-жерлерден айрым жетекчилер атайын иш чараларды уюштуруп, ушуга окшогон нерселер көп болуп атат. Бут тосуулар болуп атат айкын эле. Бийликтин электораты кадимкидей эле өзүлөрүнүн үгүт иштерин бир ай мурда баштаган. Биз мыйзам бузган жокпуз. Мыйзамды сактап 18-июнга чейин эч кандай үгүт иштерин алып барган жокпуз.

- Сиз башкарган БЭКтин Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорундагы, Шамалдуу-Сай, Таш-Көмүр шаарчасындагы мүчөлөрүнө тоскоолдуктар болуп жатабы?

- Азырынча көрүнүктүү, өтө олуттуу тоскоолдуктар боло элек. Бирок биз алдын ала органдарга, тийиштүү шайлоо комиссиясынын райондук жетекчилерине айтып, БЭКтин курамына кирген партиялардын атынан өкүлдөрдү катыштыруунун үстүндө аракет кылып атабыз. Айрым жерлерде болуп атат, бул документ, тигиниси туура эмес деп айткан. Бирок биз алардын талабына жараша аракеттерди көрүп атабыз.

- Коомчулукта айтылып келаткан Кыргызстандын бийлигинде үй-бүлөлүк башкаруунун таасирлери сезилеби?

- Ооба, ММКларга ачык бералбаганы менен, биз Чаткалга, Ала-Букага барганда угуп атабыз, 22 компания бар экен, төртөөсү гана аздыр-көптүр салык төлөшөт экен, калганы бүт борбордо биздин крышабыз бар дешип жергиликтүү бийликти тоготпойт экен. Элдердин суроолоруна дагы ал жердеги активдүү калктын суроолоруна дагы, биз силер менен сүйлөшпөйбүз, биздин крышалар бар дегендей айтышат экен. Аттарын толук атабаса дагы үй-бүлөлүк башкаруунун таасири экени ачык эле сезилип турат.

- Президенттик шайлоо таза, калыс өтөөрүнө ишенич барбы сизде?

- Жеке мен президенттик шайлоо таза, калыс өтөөрүнө ишенбейм. Бирок эл добушун Атамбаевге берерине мен ишенем.

- БЭКтин мүчөлөрү президенттик шайлоонун таза өтүшү үчүн кандай иш аракеттерди көрүшөт?

- Биз азыр жер-жерлерде мүмкүн болушунча түшүндүрүү иштерин алып барып атабыз. Ар бир шайлоо участкаларында атайын топтор түзүлөт, биз элдин берген добушун сактап калуунун үстүндө иштеп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG