Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Жетим балдар кимдин колунда?


Акыркы эки жылдын аралыгында Кыргызстандан 200гө жакын жетим балдарды чет элдиктер асырап алышкан. Алардын айрымдары чет мамлекетке мыйзамсыз жөнөтүлгөндүгү өткөн жылы маалым болуп, учурда башкы прокуратура ишти иликтеп жатат.

Назгүл Турдубекова - Балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы. Ал жетектеген коомдук уюм өспүрүмдөргө ар тараптуу жардам көрсөтүп, аларды укуктук жактан колдоп келет. Азыркы маалда жетим балдарды мыйзамсыз эле чет өлкөлүктөр асырап жаткандыгына Назгүл айым кейиди:

- Чет өлкөгө кеткен балдардын кагаздары толук эмес, аягына чыкпаган кемчиликтер байкалууда. Кээ бир жеткинчектер башка үй-бүлөгө өттү деп жазылып, ошол эле ата-энеси укугунан ажыратылды деген чечимдери жок экен. Бул маселе Кыргызстан үчүн чоң көйгөй. Биз ушул маселе боюнча жакында изилдөө жүргүзөбүз.

Өткөн жылдын жаз айларында кыргызстандык жеткинчектерди чет өлкөлүктөр багып алышына мыйзамсыз уруксат бергендиги үчүн Башкы прокуратура тарабынан 36 кылмыш иши козголгон. Бул мисалдардын айрымдары Билим берүү жана илим министрлигинин, жеке нотариустардын жана балдарды асырап алуу боюнча чет өлкөлүк агенттиктердин ортосундагы макулдашуу аркылуу болгондугу аныкталган.
Мага аларды асырап алуу үчүн эмес, органдарын сатыш үчүн алып кетип жаткандай сезилет.


2007-жылдын аягынан өткөн жылдын ноябрь айына чейин 179 өспүрүмдү чет өлкөлүктөр багып алгандыгы такталган. Бул жеткинчектердин айрымдары тууралуу эч кандай маалымат жок, дейт Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусов.

- Чет өлкөгө асырап кеткен балдардын он төртүнүн эч кандай документи жок экен. Бул кагаздары жок өспүрүмдөрдү кандай жашоо күткөнү белгисиз. Мага аларды асырап алуу үчүн эмес, органдарын сатыш үчүн алып кетип жаткандай сезилет. Бир бала кетиш үчүн Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтери, Башкы прокуратура жана соттордун макулдугу аркылуу кетет экен. Ошол жердеги күнөлүүлөр аныкталса деген эле ой.

Жетимдердин тагдыры кимге кызык?

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча азыркы маалда 209 жетим баланы чет өлкөнүн жарандары багып алышкан. “Учурда тергөө жүрүп, бардыгы текшерилүүдө, андан аркы кадамдар соттун чечимине байланышуу болот”, дейт Башкы прокуратуранын өкүлү Учкун Каримов.
Чет өлкөгө кеткен балдардын кагаздары толук эмес, аягына чыкпаган кемчиликтер байкалууда.


- Соттун макулдугу менен бул балдарды чет өлкөлүктөр асырап алышкан. Соттордун бул чечими туура эмес деген жүйө менен биз прокуратура тарабынан кайрылдык. Эми алардын бул кылыгы туура эмес деген чечим чыкса эле биз соттордун, прокуратура кызматкерлеринин жана башка тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карайбыз. Учурда тергөө иши уланууда.

Эл аралык талаптарга ылайык, бир өлкөдөн башка мамлекеттин жарандарына асырап кеткен жеткинчектер тууралуу ата-энеси аз дегенде алты ай сайын маалымат берип турушу зарыл.

Бирок эмнегедир Кыргызстандын кеткен өспүрүмдөрдүн эртеңкисине кызыккан адамдар байкалбайт. Өкмөт болсо февраль айында балдарды чет өлкөлүктөр тарабынан асыроо боюнча өз сунушун айтып, кандай кадамдар жасалаарын билдирмекчи.

"Азаттыктын" архивинен: Жетимдин жегени желим

Дүйнөнүн башка ири шаарлары өңдүү эле Алматыда да үйүнөн качып кеткен, же башка бир себептерден улам кароосуз калган көчө балдары көп. Алардын бири - 16 жаштагы Сава өз тагдырын баяндап берди. ZMa.

Жетимдин жегени желим
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG