Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Ош: «Бакиев кетсин!» менен «Ректор кетсин!» талабы кошо жаңырабы?


Оштогу мамлекеттик юридикалык институттун 80ден ашуун окутуучулары ректордун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатат. Болбосо 27-мартта нааразычылык иш-чара башташарын жарыя кылышты.

Нааразылынгандар ректор Эркин Дуйсенов окуу жайдагы мыкты окутуучуларды жөнү жок иштен кетирип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда, жаш мугалимдерге жана студент кыздарга көрсөткөн зордук-зомбулугу күч алды, деп айыптап жатат. Окуу жайдын жетекчисин ашкере улутчул катары сыпаттап, аны менен иштешүүдөн баш тарта турганын билдиришти.

Болочок сотторду, юристтерди даярдачу Оштогу жападан жалгыз бул окуу жайда «ректор кетсин» чатагы жыл башынан эле козголуп келүүдө.

Окуу жай жамааты ректордун жоруктары даана жазылган кайрылууну буга чейин Башкы прокуратурадан тартып, президент Курманбек Бакиевге чейин жолдоп, өз жетекчисинин отставкасын суранып келишкен.

Кайрылууда ректордун окуу жай бюджетин өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы, мугалимдерге жасаган зордук-зомбулугу, үстөмдүгү биринчи орунга чыгып, билим берүү маселеси эстен чыгып калгандыгы айтылат:

- Студенттер кантип билим алып жатышат, сессияны кантип тапшырып жатышат ректор такыр кызыктайт. Контракт гана төлөнсө болду. Ата-энелер балдарын окутуу үчүн кандай кыйналып жатышат, контрак төгүү үчүн талаада иштеп жүрүшөт.

Окуу жай жамаатынын тең жарымынын мындай кайрылуусунун негизинде атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, алар да ректордун пайдасына чечип кетишкен. Бирок бул чечим окуу жай жамаатын андан бетер нааразычылыгын күчөткөндөй:

- Биздин ыйлап-чыркырап туруп айткан сөздөрүбүз эч бир жетекчи тарабынан эске алынган жок. Бир тараптуу гана чечилип жатат. Себеби бийлик менен байлык баарын чечип калгандай.

Дуйсеновго коюлган дооматтар канчалык негиздүү бул тууралуу ректор өзү Азаттыкка жооп берүүдөн баш тартты. Анын орун басары Гүлсара Кулушова:

- Ызы-чуу боло берет, студенттер билим алыш керек. Биздин ректор Кыргызстандагы белгилүү үч-төрт илимпоздун катарында.

Учурда окуу жай жамааты ректорду «кетсин» же «калсын» деп эки жаатка бөлүнүп турушкан кези. Материалдык-техникалык базанын начардыгы студенттердин да отставка талап кылган окутуучуларды колдоп кетүүсүнө ыңгай жаратууда.

- Декандар группаларга кирип ректор калсын деп кол койдуруп жатышат. Биз буга каршыбыз, ректордун кетишин каалайбыз. Дуйсенов канча студент бар экенин деле билбейт болуш керек. Биз аудитория жетишпей сыртта окуп калабыз. Эки жылдан бери студенттер менен ректордун жолугушуусуна күбө боло элекмин.

Ошентип, ректордун ишмердүүлүгүнө нааразы болгон студенттер менен Дуйсеновдун отставкасын талап кылган мугалимдер 27-мартта нааразычылык акциясына чыгууга камынышууда.

Айтор 27-март күнү облустук акимиат алдында оппозициянын «Бакиев кетсин» урааны менен удаалаш эле, «ректор кетсин» кыйкырыгы да кошо жаңырат өңдөнүп калды:

- Мэрияга кайрылуу жаздык, 27-күнү 500 адамга митингге чыгууга уруксат сурадык. Эгерде жыйынтык чыгарып бербесе, ата-энелер, студенттер менен митингге чыгабыз.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG