Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Жамандыкты чогуу токтотолу!


Кан күйгөн Ош
Кан күйгөн Ош

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Кыргызстандын элине жана дүйнөлүк коомчулукка Кайрылуусу

Мына ушул кайгылуу күндөрдө биздин жүздөгөн мекендештерибиз бирин бири жек көрүп, боордошторун өлтүрүүнүн ашынган акылсыздыгынын курмандыктары болушту. Кутум провокаторлордун шыкактыгы менен миңдеген адамдар кыйратып бүлүндүрүүгө жана талап-тоноого, адам өлтүрүүгө жана зордук-зомбулукка кабылышты. Бүткүл өлкөбүз, жашыбыз менен карыбыз, курман болгондордун туугандары жана жакындары менен бирге алардын кайгысын тең бөлүшүүдө. Азыр бул кайгыга жүрөгү сыздабаган бир да кыргыздын же өзбектин үй-бүлөсү жок. Болуп өткөндөрдүн түпкү себеби-бул мурдагы башкаруучулардын бийликке кайтып келүүгө жасаган жандалбас аракети.

Көп жылдардан бери алар биздин элибиздин канын соруп, мамлекттин коргонуу механизмин- билим берүүсү менен медицинасын, милициясы менен армиясын, экономикасы менен маданиятын бүлүндүрүп келишти. Өздөрүнөн кийин мамлекеттик аппараттын саркындысын калтырышып, алар өлкөнү адамдары жок кунарсыз талаага айландырууга аракет жасашты. «Үй-бүлө» мүчөлөрү бүткүл дүйнөгө элибизди канга батырарын айтып чыгышты. Аны кантип ишке ашырганын да көрдүк. Өз элине, өзүнүн жердештери менен коңшуларына, өз өлкөсүнө каршы мурдагы Ата Мекенин канга чөгөрүүнү көздөгөн кылмыштуу жосунун ишке ашыруу максатында алар ондогон жалданмаларды тукуруп, жүздөгөн чагымчыларды жалдашты.

Мына эми жүздөгөн адамдардын өлүмү, эң коркунучтуусу-бир тууган элдердин этникалык тирешүүсү алардын ыйманында турат. Биз терроризмдин жаңы түрүнүн, болгондо да жардырууну жана куралдарды гана пайдалануунун эмес, шумдуктуудай маалыматтык провокациялардын күбөсү болдук. Чын-чынында бизге каршы жапырт кыргын салуучу жаңы куралды- этностордун ортосундагы масштабдуу чыр-чатакты уюштурууну жана шыкактоону колдонушту. Болуп өткөн трагедиянын чыныгы себеби- бул бозгун болуп куулуп чыккан топтун өкүлдөрү ойлонуштуруп жүзөгө ашырган террористтик диверсия. Биз, мына ушул оор мезгилде жоопкерчиликти өз моюнубузга алгандар, жакындары курман болгон же жабыр тарткан ар бир үй-бүлөдөн ошол кайгыдан сиздерди калкалай албагандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз.

Ооба, бийликте биздин турганыбызга эки айдын жүзү болду.Ооба, бизге каршы мүңкүрөгөн өлкөдөн ташылып кеткен эбегейсиз ресурстар жумшалууда. Өтө оор күндөрдө биз душман менен бетме бет калууга аргасыз болгондугубуз да чындык. Бирок булар болуп өткөндөр үчүн бизден күнөөнү алып сала албайт. Ошондуктан аны акташ биздин милдет. Чагымчылар менен уюштуруучулар кайсы гана жерде жашынбасын аларды таап, жасалоого сиздерге убада беребиз. Биз токтоосуз түрдө иликтеп териштирүү жүргүзүп, тийиштүү комисиянын ишинин жыйынтыгын элге маалымдайбыз. Биз жабыр таркандарга жана өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө зарыл жардамдарды беребиз. Кырсыкка кабылган аймактардагы турмушту калыбына келтирүү үчүн баарын жасайбыз.

Биз Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына кайрылуу аркылуу, бул кайгылуу окуяда бир элдин экинчи элге болгон жек көрүүсү жок экендигин бекем ишеним менен билдиребиз. Кылмышкерлер улутуна карабай адамдарды өлтүрүп, талап-тоноп жаткандыгын көрдүк. Ошол эле учурда биздин миңдеген мекендештер өздөрүнүн коңшуларын, жолдошторун, ал турсун бейтааныш адамдарды жаманчылыктан калкалап, башпаанек берип, суу менен тамагын тең бөлүшкөнүн көрдүк. Өлкөбүздүн бардык аймактарындагы, шаарларындагы жана айылдарындагы жүз миңдеген кыргызстандыктар каргашалуу кайгыны кабыргасы кайышуу менен кабыл алышты. Алар көңүл айтуу сөздөрүн гана эмес, иштиктүү жардамдарын аяшкан жок.

Жүздөгөн адамдар Ата Мекенди коргоочулардын катарына туруү үчүн элдик кошундарга жазылышып, өз ыктыяры менен чакыруу участокторуна келишти. Жапа чеккен аймактарга өлкөнүн бардык жерлеринен гуманитардык жардамдар келе баштады. Кыргыздар менен өзбектердин, Кыргызстандагы башка улуттардын өкүлдөрү болуп өткөн кайгылуу окуяны жалпынын трагедиясы катары кабыл алышты. Кылмышкерлер кармалмайынча жана жоопко тартылмайынча алардын тынчыбасы бизге белгилүү. Бүгүн Ошто жана Жалал-Абад облусунда кырдаал турукташууда. Бирок жаңы чагымчыл иштер, анын ичинде өлкөнүн башка аймактарында дагы даярдалууда. Кулатылган «Үй бүлөнүн» өкүлдөрү биздин элге террор жарыялашты жана алар кандай гана болбосун карасанатай чагымчылдыктарга даяр. Ошондуктан, биз бардык кыргызстандыктарды кыраакылыкка, чагымчыл-бузукуларга алданып-азгырылбоого чакырабыз. Биз ар бирибиз кааласа, каалабаса да дүрбөлөң салгандарды жана улуттар аралык жаңжаал чыгаруучуларды, карама-каршылыктарды козутуучуларды токтотушубуз керек.

Укук коргоо түзүмдөрү, элдик коопсуздук күчтөрү, биздин армиябыз ушул күндөрдөн тартып, шайлоолорду өткөргөнгө чейин өз кызматтарын үзгүлтүксүз күчөтүлгөн тартипте өтөшөт. Өлкөдө мамлекеттик бийликти биротоло легитимдештирүүчү саясий иш чараларды өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышыбыз керек. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен эч кимиси бийлик үчүн жандалбастабайт жана кайсы учурда болбосун кетүүгө даяр. Бирок биз азыркы түзүлгөн кырдаалда өлкөбүздө элдин жетиштүү ишенимине ээ болууга жана тез арада тартипти орнотууга жөндөмдүү башка күчтүн жок экенин жакшы түшүнөбүз. Тигил же бул саясатчылар эмне гана дешип, кандай гана убадаларды беришпесин, мындай жомоктогудай керемет болбойт. Биз өзүбүздү телегейи тегиз же дегеле мүмкүн болуучу жападан-жалгыз өкмөтпүс деп эсептебейбиз, азыр андай телегейи тегиз өкмөттүн болушу да мүмкүн эмес. «Ашуунун алдында ат алмаштырбайт».

Ошондуктан, күчтүү кысымга алуу же башка бир зордук зомбулуктуу ыкмалар менен өлкөдөгү убактылуу формата иштеп жаткан бийликти кулатуунун бардык аракеттери өлкөнү жок болуп кетүү коркунучуна алпарып такоочу кыйратуучулук болуп саналат жана түздөн-түз башаламандыктарга алып келет. Азыр «Үй бүлө» Кыргызстандын элине каршы жаңы чабуулга өтүү үчүн ушундай гана мүмкүнчүлүктү күтүп турат.

Саясий маселелерди чечүү: референдумду жана шайлоолорду өткөрүү аркылуу гана туруктуулукка жетишибиз мүмкүн. Убактылуу Өкмөт Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөргөндөн кийин дароо эле шайлоолорду жарыялоого ниеттенүүдө. Алар мыйзам боюнча мүмкүн болуучу эң жакынкы мөөнөткө дайындалат. Референдумду өткөрүүнү болтурбай коюу боюнча бардык аракеттер – бул башаламандыкка, саясий маселелерди чечүүнү кечеңдетүүгө алып баруучу жол. Жоопкерчиликтүү саясатчыларга жана Кыргызстандын элине мунун кереги жок.

Шайлоолорду тезирээк өткөрүү – бул турукташууга, чагымчыл жана кастык аракеттердин токтошуна алып баруучу жападан-жалгыз жол. Убактылуу Өкмөт биздин элибизге каршы таңууланган зордук-зомбулук аракеттер менен күрөшүү үчүн өз колунан келген бардык чараларды көрүүдө. Биз, мына ушул оор күндөрдө кан төгүүлөрдү токтотуп, жаңжаалдын дагы өөрчүп, андан ары жайылып кетпеши үчүн өз колдорунан келген үлүштөрүн кошкон, жабыркагандарга жардам берген өлкөбүздүн бардык жарандарына, бардык аймактардын жашоочуларына терең ыраазылыгыбызды билдиребиз.

Биз көйгөйлөрүбүзгө түшүнүү менен мамиле кылышкан, карама-каршылыкты жеңүүдө жана кырдаалды турукташтырууда материалдык колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүгө чечим кабыл алышкан, ЖККУ боюнча биздин өнөктөштөрүбүзгө, биринчи кезекте Россияга терең ыраазыбыз. Биз үчүн БУУ, ШКУ жана Евросоюз өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн башка мамлекеттиринин Кыргызстандын элине карата көңүл бурушканы жана көргөн камкордуктары абдан кымбат. Биз өзгөчө биздин бир туугандарыбызга – Өзбек элине жана президент Ислам Каримовго алардын даанышмандыгы жана бизге кыйынчылыкта колдоо гана көрсөтүшкөнүнө өзгөчө ыраазыбыз. Биз дүйнөлүк саясий, маалыматтык, эксперттик коомдоштукту биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларды туура түшүнүүгө жана адилет баалоого чакырабыз. Ушундай учурда биздин кайгыбызга чайкоочулук кылуу таптакыр орунсуз.
Биздин элибиз өз тарыхындагы абдан кайгылуу күндөрдү башынан кечирүүдө. Биз демократиялык укуктар үчүн күрөшүүдөбүз жана мурунку бийликтин өкүлдөрүнүн айыгышкан каршылыктарына кабылып жатабыз. Биз элдин өз келечегин эркин жана ачык-айкын тандап алуу укугун ишке ашыруу үчүн абдан оор, аз эмес учурларда курмандыктуу жол менен бара жатабыз. Биз бул оор күндөрдө жалпы улуттук кайгыга кабылдык, бирок Кыргызстандын бардык жарандарынын колдоосу менен кара ниеттиктин жана башаламандыктын күчтөрүн жеңип чыгабыз. Жакшынакай келечекке карай жолубуз канчалык кыйын болбосун, биз баарыбыз биримдикте ага жетебиз.

XS
SM
MD
LG