Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

20 жыл мурдагы Ош окуясын алдын алса болот беле?


Жалал-Абадда 20-майдагы митинг
Жалал-Абадда 20-майдагы митинг

4-июнда Ош окуясына 20 жыл толот. Жыйырма жыл мурдагы улут аралык кандуу окуя кандай негизде башталган? Алдын алса болот беле?

1990-жылы Кыргызстанда болгон кыргыз-өзбек жаңжалынын чыгышында ошол кездеги жергиликтүү бийликтердин айыбы арбын деп эсептейт Ош шаарынын тургуну, драматург Абдугани Абдугафуров:

- Алар элден ажырап калган. Элдин арасында болуп, эмнени талап кылып атканын жакшылап билгенде, ага карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө ал окуя башталбайт эле. Кызыкчылыгы бар үчүнчү күчтөр эл ичин бузуп жүргөнүн баамдабай калышты, аларга каршы чара да көрө албай калышты.

Ошол кездерде улут аралык араздашууну күчөткөн деп КДКны – Кыргызстан демократиялык кыймылын айыптагандар болгон. Айрым тарыхый документтерди көз алдынан өткөргөн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун КДКнын таптакыр тиешеси жоктугун, тескерисинче, бул кыймылдын мүчөлөрүн аралаштырганда кан төгүлбөй калмактыгын эскертти.

КДКнын теңтөрагаларынын бири, ошол кездеги Жогорку Кеңеш депутаты, жазуучу Казат Акматов кыргыз-өзбек жаңжалы үчүн да, КДКга байланыштуу туура эмес маалыматтар үчүн да ошол кездеги Ош облусунун жетекчиси, Кыргызстан Компартиясынын Ош облустук комитетинин 1-катчысы Үсөн Сыдыковду күнөөлөдү:

- Ал кыргыз жаштарына жер бериптир. Бирок өзбектер көп жашаган колхоздун жерин берип салыптыр да. Жаңжал ушундан чыкпадыбы.

Үй куруу үчүн жер талап кылуу, жер басып алуу 1990-жылы Кыргызстандын бирден-бир көйгөйү болгон. Тарыхчы Кыяз Молдокасымов 4-июнда башталган Ош окуясынын болору мурда эле байкалып калгандыгын айтат. Байкалган үчүн ал КДКнын “Майдан” гезити аркылуу Кыргызстандын жетекчилерине: “Улут аралык араздашуулар болбойт деп кепилдик бере аласыздарбы?” деп суроо койгон экен.

Демек Ош облусунун эле эмес, республиканын, тактап айтканда, Кыргыз ССРинин жетекчилиги да айыпкер. Бул ойду Казат Акматов да бышыктап, Ош окуясынан эки ай мурда Ошто жашаган өзбек улутундагы көрүнүктүү адамдар өзбек автономиясын сурап, өзбек тилин мамлекеттик тил кылууну сурап ж. б. 20 чакты беренеден турган кайрылуу кат менен Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы А. Масалиевге кайрылышкандыгын маалымдады. Бирок, К. Акматовдун айтуусунда, ага өз убагында жооп берилген эмес, түшүндүрүү иштери да жүргүзүлбөгөн. Ал турсун кат эмнегедир Өзбекстанга чейин жеткен.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, Ош окуясы – Кыргызстандагы демократиялык кыймылдарды тизгиндөө максатында Москва тарабынан уюштурулган дегенге да негиз бар.

Ош окуясын азыр майдалап эскерүүнү туура көрбөгөндөр да көп. Ар дайыма аны сабак тутуп гана жашашыбыз керек, дейт Ош шаарынын тургуну, мусулман дин ишмери Садыкжан-кары Камалиддин.

Ош окуясында жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG