Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Ош: “Бири кетти Эренге, бири кетти тереңге”


Ордолуу Оштон кетип жаткандардын саны өсүүдө.
Ордолуу Оштон кетип жаткандардын саны өсүүдө.

Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь коогалаңынан кийин Оштон өлкөнүн башка аймактарына жана чет өлкөлөргө оогондордун саны арбыды.

Муну журт которгондор калаадагы ири базарлардын жабылышы, жумушсуздуктун күчөшү, ошондой эле коопсуздук маселесинин курч тургандыгы менен байланыштырып жатышат. Ошол эле учурда шаар жетекчилиги кабатырланууга негиз жоктугун билдирүүдө.

Ош шаардык миграция комитетинин билдиришинче, июндагы этникалык кагылышуудан кийин шаардан жыйырма миңдей адам Орусиянын Москва, Красноярск, Екатеринбург, Новосибирск калааларына иш таап, учуп кетишкен. Мындан тышкары унаа жалдап Бишкек аркылуу чет өлкөлөргө жылгандар да бар, бирок алардын так эсеби жок. Орун которгондордун басымдуу бөлүгүн өзбек улутундагылар экендиги маалымдалууда. Орусияга жол тарткандардын бири Рахима Ибрагимова буларды айтты:

- Эми бул жерде жашоо кыйындады. Көчөгө чыксаң эле уруп атышат. Ошондуктан бардыгы Оштон жылганга аракет кылышууда. Албетте мекендештерибиз чекесинен жаман дегенге ооз барбайт. Арасында жакшылары арбын. Ошентсе да өзбектердин аймакта жашоосунун келечеги жок өңдөнүп калды.

Ош шаарынын дагы бир жашоочусу Аксамаай Толкунбекова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп Казакстанга журт которуп жаткандыгын ачыктады:

- Кээ бир аймактар дале коркунучтуу. Киргенде атып, коркутуп аткан экен. Бейпилдикти камсыз этпегендиги үчүн биз бийликтегилерге нааразыбыз. Булар референдумдан кийин тигинин мэрин алмаштырсак, эртең муну которуштурсак деген болбогон жумуштар менен алектенишүүдө. Булардын максаты эптеп тууган-уруктарын жана жакындарын бийликке жайгаштыруу болуп калды өңдөнөт.

Аксамаай Толкунбекова жаңы бийлик эл камын жебестен мурдагы бийликтин жолуна түшүп, коррупциялаша баштагандыгын кошумчалады.

Айрым маектештерибиз Ош коогалаңында талкаланган же өрттөлгөн ири базарлардын жабылышы да жумушсуздукту күчөткөндүгүн, мунун айынан калктын калың катмары, айрыкча жаштар башка өлкөлөргө жумуш издеп көбүрөк агылышкандыгын белгилешти.

Ошто жашаган Чынара Балтабаеванын айтымында, массалык башаламандык учурунда өрттөнгөн борбордук базарда кеминде он-он беш миң киши эмгектенчү. Ушу тапта жергиликтүү бийлик аны биротоло жаап, бул жердеги соодагерлерди шаар чекесиндеги Батыш базарына мажбурлап көчүрүп жатышат.

- Бул жерде жыйырма жылдан бери оокат кылабыз. Ошончо жыл бою шаардын
бюджетин үзгүлтүксүз толтуруп келдик. Эми эч ким менен кеңешип-таңашпастан бизди чилдей таратып жатышат. Менимче, ар жактарга бөлүштүрүшөт экен. Жаңы ордубузду эбак менчиктештирип алышыптыр. 11-июндагы коогалаңда товарларыбыз бүт таланып-тонолуп, өрттөлгөн. Баарыбыз банктарга карызбыз. Бизди эми Батыш кичи районундагы таптакыр шарты жок жайга көчкүлө дешүүдө. Ал жерде кантип отурабыз?


Кыдырып жүрүп шаардагы чакан базарлар демейдегидей эле иштеп жаткандыгын байкадык. Алардын бири – унаа тетиктерин саткан жайга баш бактык. Соода түйүнүнүн башчысы Равшан Мурзаманов буларды айтты:

- Чекесинен ачып жатабыз. Тетик базарынын 80 пайызы иштеп атат. Мурдагыдай четтен бөлүктөр түшө элек, бирок колдо бар болгону сатылууда. Наркын көтөргөн жокпуз. Тополоңго чейинки баасы калтырылды. Мисалы, ТИКО унаасынын дөңгөлөгүн адаттагыдай 1200-1300 сомдон, чоңураактарын жана жаңысын 3 миң сомдун тегерегинде сатып жатабыз.

Ош шарынын вице-мэри Абдырахман Жолдошалиев коомдук-саясий кырдаал турукташып бараткандыгын айтып, калаа тургундарынын дооматтарын четке какты:

- Ош шаарында расмий маалыматтарга таянсак, 260 миң, ал эми бейрасмий булактардын эсебинде 500-600 миң калк жашайт. Улуттук курамына үңүлсөк, кыргыздар элүү пайыздан ашыгыраагын, өзбектер кырк пайыздын тегерегин түзөт. Калгандары жергебизди байырлаган башка улуттун өкүлдөрү. Бүгүнкү күндө элибиз тынчтыкта жана биримдикте жашап жатышат. Массалык түрдө көчүп жаткан эч ким жок. Бирок биздин шаардын тургундары өзбектер жана кыргыздар Орусияга же Казакстанга жылда барып иштеп келишет. Азыр деле ошол процесс кайталанууда. Андан трагедия жана чуу жасоонун кажети жок. Туура, мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл сыртка агылгандар кичине көбүрөөк болушу ыктымал.

Абдырахман Жолдошалиев айрым дүйнөлүк бир катар уюмдар жана массалык массалык маалымат каражаттары оштук мигранттар туурасында апыртып жазып жатышкандыгына жердештери нааразы экендигин билдирди.
XS
SM
MD
LG