Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Түштүктөгү окуяларга байланыштуу 855 кылмыш иш ачылды


Кыргызстандын күч органдары аткарып аткан иш-чаралар тууралуу Ош облусунун комендантынын орун басары, генерал-майор Замирбек Молдошев “Азаттыкка” маек курду.

- Ош облусунда азыр кырдаал кандай? Күч органдары тартип сактоо жаатында кандай иш-чараларды аткарып атышат?

Замирбек Молдошев: - Азыр мурдагы учурга караганда кырдаал жакшы десек болот. Референдум бүткөндөн кийин биздин жарандардын көп кайрылуусу менен 10-августка чейин коменданттык саат киргизилген.

- Башаламандыктардан кийин кармалгандардын саны канчага жетип калды? Алар кандай жүйөө менен кармалып атышат?

Замирбек Молдошев: - Азыр башаламандык уюштурган деген кине менен 855 кылмыш иш ачылган, 100 жаран суракта. 97-берене боюнча киши өлтүрдү деген шек менен кармалгандар азыр суракка алынууда.

- Кармалгандардын саны тууралуу айта аласызбы? Канча киши кармалды?

Замирбек Молдошев: - Азыр 100 адам кармалды.

- Ошто жүргөн укук коргоочулар мыйзамсыз кармалган адамдар көп экенин, күч органдарынын кызматкерлери өздөрү мыйзам юузган учурлар болуп жатканын билдирип жатышат. Ушундай фактылар чынында эле болуп жатабы?

Замирбек Молдошев: - Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү өздөрү суранып жатып, Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайына киришкен, ал жерден кармалып турган 27 жаран менен сүйлөшүп чыгышкан.

- Башаламандыктар маалында тышкы күчтөрдү киргизүүнү да сураган учурлар болбоду беле. Бирок кийин ички күчтөрдүн эсебинен эле ошол кагылыштар басылды. Азыр кандай ойлойсуз, тышкы күчтөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү дагы эле ачык бойдонбу же ички күчтөргө ишенсек болобу?

Замирбек Молдошев: - Азыркы учурда ар кандай имиштер болуп атат. Жок деп айтсак бул туура эмес болот. Ошого карата биз керектүү күчтөрдүн негизинде иштерди жүргүзүп көзөмөлгө алып атабыз.

- Мобилизация болгон күчтөр - ооганчылар - ошолордун бардыгы кызмат өтөй беришеби?

Замирбек Молдошев: - Азыркы учурда бизге көп эле арыздар түшүп атат, блок-постто отурган жигиттер туура эмес мамиле кылып атышат дешүүдө. Өздөрү тартип бузуп, элге мамилеси натура болуп атат деген арыздар түшкөндөн кийин Ооганстанда кызмат кылган жигиттерден 30 баланы жумуштан бошоттук. Ошондой арыз түшкөндүктөн, “мобилдик телефондор алынып атат, ар кандай кылмыш иштери болуп атат” дегенден улам Ички иштер министрлигинен 20 жигит кызматтан бошотулду.
XS
SM
MD
LG