Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Ошто 13 медресенин иши токтотулду


Облустук бийлик материалдык-техникалык базасынын начардыгына, кадрлардын сабатсыздыгына жана окуу куралдарынын жетишсиздигине байланыштуу он алты медресенин он үчүнүн ишин убактылуу токтотту.


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Ош облусунун район-шаарларында 624 мечит, 16 медресе, 1 ислам институту катталган. Бул көрсөткүч аймактагы мектептердин санынан да ашып түшөт.


Демек, жергиликтүү бийлик «окуучулар агартуу мекемелерине караганда диний жайларга көбүрөөк каттап калышты, ал жактарда эмнелерди окутуп жатышат, кудай билет» деп коңгуроо какканчалык бардай.

Көп медреселерде
материалдык-техникалык базанын начардыгынан, дин боюнча билимдүү кадрлардын жоктугунан, окуу куралдардын жетишпестигинен 13 медресенин иши убактылуу токтотулду.


Ош облус губернаторунун орун басары Гүлайым Машрапова 7 райондогу 16 медресенин 13 жабылышын аталган жайлардын материалдык-техникалык базасынын жоктугуна, кадрлардын сабатсыздыгына жана окуу куралдарынын жетишсиздиги менен түшүндүрдү.

Ош облус казысынын орун басары Абдымалик Турсунбеков областтык акимчиликтин маалыматын төгүндөп, 5-6 гана медресе убактылуу жабылгандыгын билдирди.

Ошондой эле кадрлардын билимсиздигине ишенбей тургандыгын, мамлекет тарабынан диний мекемелерге каражат ажыратылбагандыктан, дасыккан мударистер, мүдүрлөр, райондун имамдары чет өлкөлөргө кетип калышкандыгын баян этти:

- Медресе убактылуу токтотулду, муну толук жабылды деп айтсак туура болбойт. Себеби бул медреселер каттоодон өткөн. Казыяттарга мамлекет тарабынан каражат каралбайт. Медреселердеги мугалимдер сабатсыз эмес, алар жетишсиз болуп атат. Садага, питир, айттан түшкөн акчадан гана айлык кылышат. Бир эле медресе мүдүрлөрү эмес, биздин имамдарыбыз, райондун баш хатибдери дагы, билимдүү балдарыбыз азыр чет жакка иштегени кетип калып атат.


Абдымалик Турсунбеков убактылуу токтотулган медреселердин ишин кайра жандандырууга аракеттенип жатышкандыгын айта кетти.


Жергиликтүү «Адам укугу жана демократия» борборунун башчысы Идирис Кубатбековдун ою боюнча, мамлекеттик дин агенттиги жана облустук бийлик аймактагы диний кырдаалдын дагы курчуп кетишинен чочулап ушундай кадамдарга барууда.

Албетте, медреселерди чекесинен жабуу менен маселе чечилбейт. Андан көрө катталган же эсеби жок диний жайларды кылдат текшерип, шектүүлөрүн аныктагандан кийин гана кескин чара көрүшсө болмок.

-Кээ бир мечит, медреселер бар, чындыгында эч жерде катталган эмес жана алардын кандай багытта эмне билим берип атканын эч ким билбейт. Эгерде чындыгында ошондой медреселер болгон болсо, алардын жабылышына мен каршы эмесмин.

Ош облус губернаторунун орун басары Гүлайым Машрапова жабылган медреселерди саясатташтыргандарга кошулбайт. Анын айтымында, бийликтин аракетинде динге карата эч кандай кысымчылык жок.

XS
SM
MD
LG