Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Ош: Жаштар калпак кийүүгө үндөп жатышат


Оштогу «Заманбап» жаштар клубунун студенттери жаны окуу жылында өздөрүнүн окуу жайына ак калпак кийип келип курбалдаштарын таң калтырды.

Аталган клубдун жаштары эми жалпы эркек балдар арасында сабакка ак калпак менен келүү демилгесин көтөрүшүүдө. Алардын айтымында, мындай демилгенин максаты студенттерди патриоттуулукка үндөө жана жаштар арасында улуттук өзгөчөлүктөрдү сактап калуу болуп саналат. Эми бул демилге жаш-кары дебей бардыгынан колдоо таап, ак калпак кийүү өзгөчө студенттер арасында модага айланарына ишенип турушат.

- Кыргыз экендигибизди далилдеш үчүн кийдик. Азыр жаштар башка улуттардын баш кийимин кийип эле, өзүбүздүн жакшынакай калпакты эстен чыгарып баратабыз. Биз алгач өзүбүздүн топтун арасында кийип, анан университетте, көчөдө дегеле жаштар арасында калпак кийүүнү модага айлантышыбыз керек. Эмне үчүн кийишпейт, кышкысын жылуу, жайкысын салкын. Кийип жүрүшсө эң эле сонун болот,- дейт демилгечилердин бири Эрнис Нурматов.

Ак калпакчан жаштардын катарын толуктаган «Заманбап» жаштар клубунун дагы бир мүчөсү Арген Нуров калпак кийген биринчи эле күнү коомдук транспортто болобу же окуу жайдабы, айтор түрдүүчө мыскылдоолорго да, алкыштарга да кабылганын айтат. Калпак кийбей деле патриот болууга болот, бирок жаш муундар жыл санап улуттук нарк-насилдерди баалабай калышканы өкүндүрөт дейт жаш активист:

- Калпак кийсең эле бул замандан артта калган же айылдан келген деп ойлошот экен. Биз мындайды кескин четке кагабыз. Кыргыз болуп туруп, өзүбүздүн баш кийимди кийишибиз керек, акыл эси бар адамга бул жакшы саамалык.

Деген менен жаштардын бир даары калпак кийгендердин баарын эле мекенчил деп баалоого болбойт экендигин айтышат. Жигиттерди түгөл калпак кийгизиш үчүн, анын жарашыктуу жана заманбап формасын иштеп чыгуу зарыл дейт жаштардын өкүлү Алмаз:

- Калпакты жаштарга ылайыкташтырып чыгарса кийсе болот, маселен анын шапкага окшош түрү. Азыр калпак кийсең чечип эле койчу деп айтышат да. Аны тойлордо кийишет го.

Учурда шаар көчөлөрүндө же коомдук жайларда ак калпак кийген жаштарды кезиктирүү дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми кыргыз аткаминерлери арасында да, башынан түшүрбөй ак калпак кийгендери саналуу гана. Оштогу окуу жайлардын биринин мугалими Абдыжапар Аккулов, калпактын күнүмдүк турмушта эмес, улуттук майрамдарда жана дүйнөлүк олимпиадаларда өзгөчө орду бар экенин белгилейт:

- Калпактын салтанаттарда, улуттук майрамдарда өзгөчө орду бар, ошондо улуттук духуң дагы көтөрүлүп кийип жүрөсүң. Анан, күн сайын эле калпакчан жүрсөң патриот болуп кетесиң дегенге кошулбайм. Мисалы, Бээжин олимпиадасында ак калпак кийип чыкканда кандай сонун көрүндү, ошондой учурларда калпактын орду болот.

Анткен менен өзгөчө айыл-кыштактарда кыргыздын улуттук баш кийими анчалык деле бааланбай калганын айтышат. Буга чейин көбүнесе жаштар үйлөнүү тойдо гана калпак кийчү болсо, азыр андай салтты да жаштар кабылдабай калды дейт Алай районунун тургуну Орозгүл айым:

- Кыргыздын кыргыз экени калпагынан бааланат. Калпактын актыгына да өзүнчө маани бериш керек. Эгерде башка улутта ушундай сонун баш кийим болсо кандай гана баалашмак. Бизде анын ошончолук баалуу экенин билбей тебелендиде таштап жатпайбы.

Ошентип «Заманбап» аталыштагы жаштар клубунун калпак кийүүгө үндөгөн аракеттери коомчулукта кызуу пикирлер менен коштолууда. Буга чейин жаңы окуу жылынын башталышы Оштогу мектептерде жана окуу жайларда кыздардын хижаб кийүү маселесинин тегерегиндеги талаш-тартыштар менен коштолчу. Эми жигердүү жаштардын ак калпак кийүү демилгеси колдоого алынаар бекен?
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG