Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Ош: 1 сом: же айдоочуга, же жүргүнчүгө


Ошто жол кире бир сомго арзандаса айрыкча студенттер сүйүнгөнү менен, айдоочулар катуу нааразы болушат
Ошто жол кире бир сомго арзандаса айрыкча студенттер сүйүнгөнү менен, айдоочулар катуу нааразы болушат

Ошто айрым жаштар жол кирени арзандатуу боюнча шаар кеңешине кайрылды. Ош шаардык монополияга каршы күрөш комитети да жол акыны 1 сомго төмөндөтүү тууралуу депуттарга кат жолдоду. Бирок айдоочулар, буга караманча каршы.

Шаар жүргүнчүлөрүн ташуучу каттамдардын жол акысын арзандатуу боюнча демилге которгон студент Эрнис Нурматов, өз жүйөөсүн мындайча түшүндүрүүдө:

-Күйүүчү май 35 сомго кымбаттаганда, жол акы да ошого карап көтөрүлгөн да. Эми 20-18 сомго чейин арзандаса деле, жол акы ошол бойдон. Шаарда жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөндүктөн, жок дегенде бир сомго болсо да арзандатуу зарыл. Студенттердин добушу менен шайланган депутаттар эмне үчүн иштеп жатышат, түшүнбөйм.

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы кескин жогорулаган кезде, Ош шаарындагы тролейбусттук каттамдар, 3 сомдон 4 сомго, ал эми кичи маршруттун баалары 5 сомдон 7 сомго чейин жогорулаган эле. Ошол кезде күйүүчү май 35 сомго чейин жогоруласа, азыр 18 сомго чейин арзандап калган кези. Шаар кенеш депутаты Темир Жоробеков, жол акыны арзандатуу маселеси, кесиптештери тарабынан колдоого алынаарына ишенип турган экен:

- Эми текшерип, көзөмөлдөп жол акыны сөзсүз түшүрүү зарыл. Күйүүчү май арзандады, демек 1 сомго болсо да жол акыны түшүрүү керек.

Шаардык депутаттын мындай пикирин Ош шаардык мэриясынын транспорт жана коммуникация бөлүмүн жетектеген Урали Раманов колдобойт. Анткени, соңку кезде авто унаа тетиктери да эки эселеп кымбаттап, айдоочулардын айласын кетирип жатат. Анын пикиринде, жол акынын 7 сом бойдон калганы эле туура чечим болот:

-Авто унаалардын тетиктери эки эсеге кымбаттаганын биз атайын изилдеп көрдүк. Тетиктер кескин кымбаттаган. Жол акы 7 сом бойдон эле калганы туура го.

Шаардагы маршруттук каттамдардын биринин айдоочусу Сабыржан, эгерде жол акы арзандаса, анда араң чыдап турган айдоочулардын дээрлик көпчүлүгү ишин таштап, башка жумуш издөөгө мажбур болушат деген пикирде.

- Доллар көтөрүлгөн соң, машиненин тетиктери да кескин кымбаттады. Адамдар айта беришет экен да, азык-түлүк баары кымбаттап жатса, бала-чакабызды кантип багабыз? Канчалаган айдоочулар Орусияга кетип калышты, жол акы мындан да арзандаса мен да ишимди таштоого аргасызмын. Кыргызстан барган сайын артка кетип жатат. Азыркы баадагы жол акыга элди араң үйрөткөндө, эми кайрадан козгобой эле коюшса болмок.

Ошентип айдоочулар менен калктын капчыгы жука катмарына кирген студенттердин ортосундагы жол акыны арзандатуу же ушул бойдон калтыруу маселесин депутаттар жакында карайт. Айтор алар 1 сомду кай тараптын пайдасына чечип беришсе да, же айдоочулардын же жүргүнчүлөрдун нааразычылыгына кабылышат окшойт.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG