Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Ош: Федеративдүү мамлекет түзүүгө чакырык


Экс-президент Курманбек Бакиевдин таламдаштары убактылуу Өкмөттөн федеративдүү Кыргыз мамлекетин түзүп, аны түндүк жана түштүк демократиялык жумурияттарына бөлүп, ар бирине аймактык өзгөчөлүгүнө жараша артыкчылыктарды ыйгарууну талап кылууда. Алардын ырасташынча, бул маселе чечилмейинче, өлкөдө тынччылык орнобойт.

Минскиде баш калкалаган мурдагы мамлекет башчысын коргоо комитетинин Оштогу төрагасы Төлөн Дыйканбаев «Азаттыкка» маалымдады:

- Унитардык эмес федеративдүү мамлекет курсак, чынында, бизге жеңилге түшчүдөй. Ошондуктан, Түштүк Кыргызстан Элдик демократиялык жана түндүк демократиялык жумурияттарды курулду деп жарыяласак, жаңылышпайбыз. Бул деген Американын тандаган жолу да. Албетте, мен деле бир өлкөнү бөлүп-жарууга каршымын, бирок эл аралык, анын ичинде АКШнын тажрыйбасы бар да. Минтип формалдуу түрдө болсо да, түндүк-түштүккө ажыратсак, анда жумурият жер бетинен жоголбойт. Тескерисинче, бөлүнүү аркылуу ынтымагыбыз артып, кайрадан биригебиз.

Төлөн Дыйканбаев ырасташынча, бул оң жагына маселе чечилмейинче, Кыргызстанда жакын арада тынччылык орнобойт. Ал ошондой эле жогорудагыдай чакырыктарды камтыган баракчалардын жана өлкөдөн куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Убактылуу Өкмөттүн кемчиликтерин ашкерелеген телемаектери түшүрүлгөн тасмалардын Ош жергесинде кеңири таратылып жаткандыгын, бирок ал материалдар жарандарга бекер эмес акчага сатылып аткандыгын бышыктады.

Ал эми өзүн Гүлай Кулбаева деп тааныштырган Ош шааарынын тургунуна микрофон сунганыбызда, мамлекеттик жана коомдук телеканалдар, мындан тышкары эркин гезиттер Курманбек Бакиев жөнүндө калыс маалыматтарды жайылтпастан, апрель окуяларын бир беткей чагылдырып калктын башын айландырып жаткандыгын, Убактылуу өкмөт акыркы кезде жалаң популизм менен алектенип калгандыгын сындады.

- Ай, эмне үчүн Орусия эмдигиче Аскар Акаевди канатына калкалап олтурат? Эгерде элдик сот болсо, адегенде биринчи президентти жоопко тартышсын. Себеби, бүтүндөй Кыргызстандын таш талканын чыгарып, талап-тоногон ошол киши да. Эгерде ал адамды жазалабай туруп, Курманбек Бакиевди кол тийгистигинен ажыратып, соттошсо, анда азыр бийликте олтургандарды тарых дагы, кыргыз эли дагы кечирнбейт! – деген Гүлай Кулбаева массалык маалымат каражаттары бейтараптуулукту сактабаса, кырдаал ого бетер курчуй тургандыгын эскертти.

Ошол эле учурда Оштогу бир катар коомдук-саясий уюмдар өлкөнү бөлүп-жарууга үндөгөн жогорудагыдай чакырыктарды камтыган баракчалардын жана тасмалардын байма-бай таратылып жатышы калк арасында Убактылуу Өкмөткө карата терс маанайды күчөтүүдө деп кабатырланууда. Ушундай турумду кармангандардын бири – «Ата Мекен» социалисттик партиясынын аймактык төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев мындай аракеттерге карата катаал чаралардын көрүлбөй жаткандыгын Убактылуу Өкмөттүн жана жергиликтүү күч органдарынын алсыздыгы сыңары баалады:

- Булар дагы эле Курманбек Бакиев келип калабы деп күтүп олтурушат. Эгерде чукул кадамдарды жасашпаса, Кыргызстанды экиге бөлүп тынышат же болбосо Ооганстандын кейпин кийерибизге аз калды.

Ошол эле учурда Ош облустук жана шаардык улуттук коопсуздук комитети элди бөлүп-жарууга үндөгөн баракчаралардын жана тасмалардын таратылып жаткандыгын тастыктаган жок.

Буга дейре улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев бул жоруктардын артында Бакиевдер тургандыгын айтып, аталган фактылардын тегерегинде иликтөө башталгандыгын “Азаттыкка” маалымдаган эле:

- Бизде мындай маалыматтар бар. Кечээ эмес бир топ убакыттан бери, тактап айтканда, апрелдеги кандуу окуялардын алгачкы күнүнөн тартып ушундай аракеттерди жасап келатышат.

Ошентип, жергиликтүү серепчилердин баамында, кыйын күндөрдү башынан кечирип жаткан Кыргызстанды учурдан пайдаланып бөлүп-жарууга аракеттенген күчтөр бар. Алардын уюгун таап, чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетип калышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG