Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Ошто энергетиктер иш ташташты


Оштогу энергетиктер ишкананын башкы директорунан кызматтан кетишин талап кылышууда

«Ош-электро» ачык акционердик коомунун алтымыштан ашуун кызматкери иш таштоо жарыялады. Алар ишкананын башкы директору Доскул Бекмурзаевдин кадрдык саясатына, орой мамилесине жана маянанын төмөндүгүнө макул эместигин билдирип, жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылууда. Кезегинде «Ош-электронун» жетекчилиги дооматтарды четке кагып, жүйөөсүз жумушка чыкпагандарга катаал чара көрүлөөрүн эскертүүдө.

Аймактык бийликтин маалыматы боюнча “Ош-Электро” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын түштүк борборундагы, Баткен жана Ош облустарындагы 13 электр ишканасы баш ийет. Булардын орчундуусу Ош шаарында жайланышкан. Аталган калаадагы электр энергиясын сатуу мекемесинде жалпы жонунан 150 чакты адам эмгектенет.

Ош шаарындагы электр энергиясын сатуу ишканасынын кызматкери Улан Бөрүбаев кесиптештери жумуш таштоо жарыялашкандыгын мындайча түшүндүрдү:

- Жүзгө жакын балдар иш таштадык. Себеби 10-15 жыл иштеген кадрлар бар, ошолорду жакшы, жаман иштегенине карабай, аларды иштен алып, өзүнүн тууган-урук, досторун коюп атат. Биз ошого каршыбыз.

Улан Бөрүбаев кадр саясатындагы катачылыктар Доскул Бекмурзаев 2008-жылдын апрелинде “Ош-Электро” ачык акционердик коомуна башкы директор болуп дайындалган бери өкүм сүрүп келаткандыгын белгиледи.

Кепти улаган электр энергиясын көзөмөлдөөчү Мирлан Муталипов Доскул Бекмурзаев Ак үйдөгү үлкөн аткаминерлердин аты менен карамагындагыларды коркутуп-үркүтүп, иш убагында көпчүлүгүнө орой мамиле жасап келаткандыгын, ошондой эле “түндүктүн кулуну” экендигин дайыма эске салып тураарын билдирди:

- ОПУ деген бөлүм бар эле, 15 монтер иштейт эле, 10-15 жылдан бери иштегендерди жөн эле иштен алды. Ошондой мисалдар көп. Көп начальниктер түндүк жаткан келип иштеп атышат.

Мирлан Муталиповдун эсебинде “Ош-Электронун” электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Сарман Какенов, башкы директордун коммерциялык тармак боюнча орун басары Максат Нуралиев, ички аудит жана көзөмөл кызматынын жетекчиси Равшан Рязаев, Ош шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын директору Сагындык уулу Максат жердешчиликтин жана досчулуктун аркасы менен кызматка дайындалышкан.

Иш таштоого катышкандардын бири Марлен Кадырбердиевдин оюнча тажрыйбалуу адистердин жумуштан жүйөөсүз бошотулушу нааразылык толкунун жаратып олтурат. Мындан тышкары кесибине берилгендерге карата социалдык камкордуктун жоктугу да санаага салып турган чагы:

- Айлык маяналарыбыз өз учурунда берилбейт, базар күнү тыным жок, ал иштеген күндөрүбүзгө айлык кошулбайт. ...

Марлен Кадырбердиевдин туюмунда, акыбал ушу тейде улана берсе, “Ош-Электро” ишканасы жакын арада мыкты кызматкерлеринен кол жуумакчы.

Маектештерибиздин бири Улан Бөрүбаев “Ош-Электро” ишканасынын жетекчисинин жоруктары туурасында Өкмөт башчысы Чудиновго Кайрылуу жолдошкондугун, эгер ал карап бербесе президентке чейин кайрылышарын айтты.

«Ош-Электро» ачык акционердик коомунун жетекчиси Доскул Бекмурзаев жумуш таштоону Ош шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын кызматтан мыйзамдуу бошотулган жетекчилеринин бири уюштуруп жаткандыгын маалымдады.

- 2000 сом айлык алышаар чын. Бирок премия деген бар, ошону менен контролер жакшы иштесе 15 миңге чейин айлык алат. Экинчиси, бүгүн "Ошэлектро" ишканасында кадр жетишпейт. Кыргызстандын жараны катары зээним кейип атат, Көлдөн, Бишкектен, Нарындан келеби айырмасы жок да. Эгерде булар келип Ошэлектронун ишин артка тартып атса бир жөн. Иш таштоо туура эмес, саботаж деп эсептейм муну. Мыйзам негизинде чара колдоном, - деди башкы директор Доскул Бекмурзаев.

Жергиликтүү талдоочулар “Ош-Электродогу” ачык тирешүү энергия пайдалануучулардан өз убагында каражат чогултууга тескери таасирин тийгизип жаткандыгын айтышууда. Мунун айынан аймактын экономикасы олуттуу зыян тартаары болжолдонууда.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG