Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев эмнеге эскерилбей калды?


Талас районундагы Чат-Базар айылында Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин эстелиги чөп басып, каралбай турат. Бул баатыр инсандын эрдиги бир дагы жерде айтылып, бүгүнкү күнгө чейин эскерилбейт. Жеңиш майрамында облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев ушул маселе боюнча "Азаттык" менен ой-пикир бөлүштү.

-Мүнүр аксакал, Асанбек Оторбаев жөнүндө акыркы кездерде көп сөздөр айтылбай да калды, бул киши эскерилбей да калды. Согуш учурунда болгон эрдиктери туурасында эскерип кетсеңиз?

- Оторбаев Асанбек өтө жаш кезинде армияга кеткен экен, 1925-жылы туулган жигит экен. Буденый орто мектебинде окуп жүргөндө, 7-классты бүтүп-бүтпөй эле армияга чакырылып кеткен. Аны окуткан мугалими Сагынбек Бекназаровдун айиымында, тыкан, билимдүү жигит экен.

- Согуштагы эрдиктери туурасына да токтолсоңуз?

- Армияда жүргөндө, биздики Батышка карата фашисттерди кууп баратат да, мына Польшанын Одер дарясындагы бир чоң көпүрөдө позицияны немистер ээлеп калган. Одер дарыясынан биздин солдаттар өтө албай калган. Одер дарыясындагы ээлеп калган позицияны немистерден алыш керек болгон.

Мына ошондо 7 солдат менен Асанбекти жумшаган. Үстүнөн прожектор күйүп турат, аркы жээке өтүшкө мүмкүн эмес. Аркы жээктеги жардын башында самоходный тигилердин техникалары ок атып жүрүп турган. Ошого карабастан улам караңгы жерге барып алып, жээке чыгышып эптеп жеткен. Ошол кезде кароолчулары турган жерден баарын атып жок кылган дагы, биздикине жол ачып берген. Бирок өзү ошол жерде каза болгон.

- Асанбек Оторбаевдин бүгүнкү учурда Талас районунун Чат-Базар айылында эстелиги турат. Бирок ал каралбай чөп басып калган. Айыл, райондорго атын деле койсо болмок да?


- Абдан туура суроо бердиң. Мисалы, Советтер Союзунун баатырлары жөнүндө көптөгөн китептер чыкты, көптөгөн сөздөр болду, шаар, облустарга аттары берилди. Чолпонбай Түлөбердиевдин өткөн жылы 85 жылдыгы, ээрдик көрсөткөндүгүнүн 64 жылдыгы болуп өттү, чоң той болду. Ошонун музей комплекси кайра тартипке келди.

Ал эми Чолпонбай жөнүндө сөз козголуп келгенде, Асанбек жөнүндө сөз козголбой калат. Мунун жашыра турган жери жок. Асанбек Оторбаевди өзүнүн айылы гана билет. Талас шаарында Оторбаев атындагы көчө бар, аны дагы көбү билбейт. Ал эми республикада эмнегедир ал жөнүндөгү маселе гезитте, радио ж.б. жерлерде айтылбайт.

- Ал эми көчөнүн аты коюлуптур, эстелик туругузулуптур, ал кандайча болуп калды. Демек аны бир кезде эстешкен экен да?

- Бул мындай болгон, 1952-жылы, мен анда комсомолдо иштейм, “Комсомольская правда” гезитин окуп отуруп, Оторбаев жөнүндө макаланы окуп калам, Чат-Базарда туулган, өлгөндөн кийин геройлук берилген деп.

Мен айылга келип сураштырсам, ошол Чат-Базарда турган Султан дегендин агасы экен. Үсөнбек Өмүралиев деген аксакал бар эле, ошол экөөбүз барып сураштырып, анан ошондон баштап гезитке чыккан.

Анан кийин-кийин 1982-83-жылдары мунун эстелиги Чат-Базарга коюлган. Бирок аны караган киши жок. Жылына мал кирет, жылына оңдойт, ошону менен же музейи жок. Чолпонбайдан мунун эрдиги кем эмес.

- Азыркы тапта бул боюнча кандайдыр бир иш аракеттер жүрүп жатабы?

- Районго да сунуш кылдык, айыл өкмөттөргө сунуш кылдык ушунун маселесин көтөрүп чыгуу, музейин куруу жөнүндө. Эми буюрса Чат-Базар айылы тогуз жолдун тому болуп калды, өзү чоң кыштак.

Ошол жерде токтогон, эс алган адамдар анын музейин көрсө, Чолпонбайдыкындай укмуштай музей курулбаса дагы, Оторбаев атындагы жакшынакай өмүр жолу чагылдырылган, сүрөттөрү тагылган, ушундай жагдайга өтүш керек.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG