-Кечээки жыйында президент өкмөттүн ишин кескин сынга алды. Эми өкмөт кандай чараларды көрүш керек?
-Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө боюнча экономикалык кризис каптап келатат. Ошол кризистин алдын алып, сактанып калыш үчүн кескин түрдө чараларды колдонушубуз керек. Өкмөттү түзгөн биздин “Ак жол” партиябыз да бул ишке түз көңүл буруп, өзүнүн жоопкерчилигин алышыбыз керек. Экономикалык кризис бизге дагы келип жетет, башталды бир чети. Ошого биз аракеттенип азык-түлүк коопсуздугу боюнча октябрь, ноябрь айларында жакшы иштер башталган. Ошондой эле эт, ун маселесин арзандатуу боюнча өкмөт чараларды көргөн. Бирок ошону дагы күчтөндүрүп аракет кылбасак бул дүйнө жүзүндө болуп жаткан кризис бизди дагы сөзсүз түрдө чарпып өтүш керек.
-Сиз өзүңүз дагы белгилей кеттиңиз, “Ак жол” фракциясы өкмөттү кайсы бир деңгээлде формалдуу түрдө болсо дагы түзгөн. Фракция азыркы өкмөттүн ишине канаттанабы, же болбосо өкмөттү жаңы курап, жаны идеялар менен чыгууга даярбы?
-Кечээги жыйында президент бул боюнча өзүнүн сөзүн айтып өттү кескин түрдө сындап. Өкмөттүн ушул күндөгү иши чындыгында биздин оюбузча начар болуп жатат. Ошон үчүн биз жардам берип, колдон келишинче бирге аракет кылышыбыз керек. Болбосо, такыр колунан келбесе анда айла жок, өкмөттү кайрадан түзүшкө туура келет.
-“Ак жол” фракциясы энергетика тармагындагы кырдаалды кандай баалайт? “Ак Жол” фракциясы тармакты текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүгө каршы чыккады беле .
-Сентябрь, октябрь айларында биз өкмөттүк күндү өткөрүп мойнуна тапшырма таккан элек. Анан кайра келип эле ноябрь айында комиссия деп чыксак, анда өкмөттү иштетпей эле комиссиянын үстүнөн комиссия басып эле отуруп калат эле. Биз ошонун негизинде ноябрдын этегинде, же болбосо декабрдын башында өкмөттү угуп көрөлү, болбосо ушундай чара көрүлө турган комиссияны түзөбүз деп биз өзүбүздүн оюбузду айткан элек. Ал эми таптакыр эле караманча комиссияны түзбөйбүз деген биздин оюбуз болгон эмес. Аны айтканбыз биз өзүбүздүн жыйында.
- Өкмөттүн курамындагы энергетика министри өзү ошол энергетикалык кризистин башында турат. Депутаттардан түзүлгөн комиссия кайсы бир деңгээлде объективдүүрөк карайбы деген коомчулукта да ой бар эле да?
- Декабрь айында комиссияны түзөбүз, комиссиянын курамында биз дагы чогуу иштешебиз деген оюбуз бар. Ал эми биздин экинчи фракциябыз СДПК партиясы биз өзүбүз моюнга алабыз, өзүбүз текшеребиз деген ойлорун айтышкан.
- Өкмөт финансылык багытта кандай чараларды көрүш керек. Сиз айттыныз азык-түлүк жагында деп, бирок финансылык кризис бизде кредиттердин азайышы менен, төлөм балансынын начарлашы менен ишкерлерге чоң проблема алып келип жатат. Бул жагынан кандай чара көрүш керек. Мүмкүн мамлекетте өтө көбөйүп бараткан чыгымдоолорду азайтыш керек?
- Бул жерде финансылык кризис Американы каптап өттү, быйылкы жылы Казакстанда күч алып атат, банктар жабылып атат. Ушундай күчтүү мамлекеттерде финансылык кризис болгондон кийин биздеги кризистин болушу белгилүү иш. Бизде азыр стабилизациондук фонд түзүлүп жатат, ал фонд начар, бул экономикабыздын шартына жараша да. Биринчиден, өкмөттүк деңгээлде аппараттын чыгымдарын кыскарталы деп атабыз. Бул шартты ойлонуп көрүш керек.