Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

“Ак Жол” фракциясы тергөө иштерине ишенбей жатат


Жогорку Кеңеште “Ак Жол” фракциясы бүгүн Кой-Таш айылынын жанында болгон каргашалуу жол кырсыгын иликтөө боюнча баш прокурор Эльмурза Сатыбалдиевдин маалыматын укту.

Эльмурза Сатыбалдиев тергөө-иликтөө иштери 13-мартта Кой-Таш айылынын жанында жол кырсыгы чынында эле болгондугун көрсөттү жана Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду деп маалымдады.

Башкы прокуратура тарабынан мекемелер (ведомстволор) аралык тергөө тобу түзүлүп иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле анын айтымында, окуянын күбөлөрүнүн баары суралып, тергөө алкагында 18 экспертиза жүргүзүлүп жатат. Эң негизги болгон ДНК экспертизаны жүргүзүү Москва шаарында болмокчу.

"Бүгүнкү күнгө чейин бир да адам таанылган жок. Бул ДНК аныкталгандан кийин белгилүү болот", - деп билдирди баш прокурор.

Эльмурза Сатыбалдиев ошондой эле кайгылуу окуяда күйүп өлгөндөрдүн бири президент администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов турбайбы деген маанидеги суроолорго жооп кайтарып, мындай сөздөр жоромол-божомол деңгээлинде гана айтылып жатканын белгиледи.

Баш прокурор ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин жыйырмадан ашык күбө суралгандыгын, эмки катарда орусиялык белгилүү журналист Аркадий Дубнов дагы күбө катарында суралышы мүмкүн экендигин айтты. Анткени депутаттардын айтымында, аталган журналист 12-мартта Алматыда Медет Садыркулов менен жолугушкан акыркы адамдардан болгон жана маанилүү маалыматтары бар болушу мүмкүн.

Капчыгайдагы кандуу окуя болгон жер
Вице-спикер Чолпон Баекова башкы прокурорду бул ишти иликтөөгө жеке өзү киришип, тергөөнү ылдамдатууга чакырды. Көп депутаттар 13-мартта Кой-Таш айылынын жанында болгон кандуу жол кырсыгы болгон жерге байланыштуу көп түшүнүксүз суроолор чыгып жатканын айтышты.

Маселен, Казакстандан үйгө кайтып келе жаткан адамдардын таптакыр башка жакта болуп калганы түшүнүксүз болуп жатат. Ошондой эле жолдун сыртында турган “Лексус” автоунаасы "Ауди" менен кагылышканда күйүп кеткенине бир катар депутаттар ишенбей жатышат.

“Азыркы учурда буюртма киши өлтүрүү болгондугу жөнүндө көп сөз айтылып жатат, айрымдар буга саясий өңүттөн карап жатышат. Ошондуктан тергөө иликтөө иштери тыкыр жүргүзүлүшү керек”,-деп билдирди депутат Галина Куликова.

Кой-Таш айылынын жанында болгон кайгылуу окуя жөнүндө маселе кечээ парламенттин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана жана сот укук реформасы комитетинин жыйынында да каралган.

Депутат Иса Өмүркулов Аламүдүн капчыгайындагы окуяны эл аралык комиссия иликтеши керектигин айткан. Күйүп кеткен машинанын ээси, депутат Эрик Арсалиев “Лексус” автомашинасы бекем, мыкты унаалардан экенин белгилеп, анын тыптыйпыл болуп күйүп кетишине көп убакыт талап кылынарын баса белгилеп, жол кырсыгы болду деген версияга ишенбей жатканын билдирген.

“Ак жол” фракциясынан депутат Галина Куликова Медет Садыркуловдун үй-бүлөсү аңдууга алынып жатканы тууралуу маалыматы бар экенин айткан.

Депутат Роза Отунбаева М. Садыркуловдор Казакстандан келатканда “Ак жол” бекетинде бир саат кармалышканы тууралуу укканын билдирген. Министр Конгантиев мындай маалыматты биринчи жолу угуп жатканын, бул ишти Башкы прокуратура тергеп жатканын билдирген.

ИИМдеги соңку маалыматтар боюнча 13-мартта кырсыктаган “Лексус” автомашинасында күйгөндөрдүн бири М. Садыркулов болушу мүмкүн. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бул жөнүндө соңку маалыматында, автокырсыкты иликтөө иштеринин алгачкы натыйжасы өрттөнүп кеткен “Лексус” автомашинасынын ичинде М. Садыркулов, С. Слепченко жана айдоочу болгондугунан кабар берүүдө деп билдирген.

Министрдин сөзү боюнча М. Садыркуловго таандык деп болжолдонгон сөөктөгү чынжырчаны анын жубайы Садыркулова Айнагүл окшоштуруп тааныган. Мындан тышкары президенттик администрациянын мурдагы башчысын дарылап жүргөн врач тишинен тааныган.

Бул кылмыш ишине карата 18 соттук экспертиза дайындалган. Ошондой эле өлгөндөрдүн кимдигин так аныктоо үчүн кандык-генетикалык экспертиза өткөрүлөт. Бул иш-аракеттер эки жумага созулушу ыктымал.

ИИМ башчысынын айтымында, ошондой эле "Лексус" машинасын сүзгөн “Ауди” машинасынын айдоочусу Осмонов тергөөнүн жүрүшүндө машинасын айдап келатып уктап кетип, "Лексус" автомашинасы менен кагышып алганын мойнуна алган. Айдоочу азыр тергөө изоляторуна камалып, сурак берип жатат.

"Кырсык болгон жерди изилдеп чыкканга чейин эле биздин айрым жарандар бул окуядан саясий упай топтоо аракетин кылып, окуяны ар кандай жоромолдоп жиберип жатканы адамгерчиликке жатпайт, адамдардын кайгысынан пйадалануу такыр туура эмес",-деп белгилеген министр.

Ал ортодо БЭК кайрылуу таратып, Медет Садыркулов саясий тапшырма менен киши колдуу болуп өлдү деп билдирген. Кайрылууда белгилүү саясий ишмердин өлүмүнө анын түздөн-түз саясий ишмердиги жана президенттин үй-бүлөлүк башкаруусунун “ички ашканасын” терең билгендиги себеп болду деп айтылат.

Бириккен оппозиция М. Садыркуловдун өлүмүнө Кыргызстанды башкарган Бакиевдердин үй-бүлөлүк кландык бийлиги күнөлүү деп жарыялаган болчу.

БЭК бул окуяга байланыштуу парламенттик угуу чакырууну, Кыргызстандагы күч органдарын теле аркылуу түз, ачык суроону талап кылууда.

Президент Курманбек Бакиев өз кезегинде кайгылуу окуядан саясат жасабоого чакырууда. Президент 16-мартта ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кабыл алып, Аламүдүн капчыгайындагы жол кырсыгын иликтөө тууралуу маалымат угуп жатып, бул кырсыкка байланыштуу реалдуу фактыларга негизделбеген жыйынтыктарды чыгарбоо керектигин айткан.

К. Бакиев бул ишти териштирүү өз көзөмөлүндө экенинин баса белгилеп, иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу өз убагында маалымдап турууну тапшырган.

XS
SM
MD
LG