Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Ачкачылыктын арты эмне болот?


Сапар Аргынбаев менен Эркин Бөлөкбаевдин туугандары
Сапар Аргынбаев менен Эркин Бөлөкбаевдин туугандары

Петровкадагы башаламандыктын уюштуруучулары катары камакка алынгандардын туугандары 26-май күнү ачкачылык акциясын башташкан. Мындай нааразылык чара азырга чейин уланууда, бирок ачкачылык жарыялагандардын абалы күндөн-күнгө начарлап, кечээ эки адам тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Петровкадагы башаламандыктын уюштуруучусу жана улуттар аралык жаңжалдын козгоочусу деп шектелип камакка алынган “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаевдын апасы Уулболсун Аргынбаева кечээ оор абалда ооруканага түшкөн.

- Бул жерде олтуруп алып кыжаалат болобуз, ойлонобуз, кыйналабыз. Өмүрү кан басымым көтөрүлгөн эмес эле, кечээ күтүүсүз абалым жаман болуп калчылдап чыктым. Балдар тез жардам чакырган экен. Ооруканага барсак орун жок деп кабыл албай койду. Жатып дарыланам деп ойлогом, бирок дарыгерлердин кайдыгер мамилесинен улам кайра келе бердим, - дейт Уулболсун апа.

Кечээ ачкачылык кармап жаткан Азиз Аргынбаев дагы так ушул абалда ооруканадан кайтып келип, учурда ачкачылык акциясын улантып жатканын айтат. Ал эми белгилүү саясатчы Эркин Бөлөкбаевдин эжеси Дамет Бөлөкбаеванын да саламаттыгы өтө начарлап кетти.

- Эмне кылаарды билбей калдык. Бирде кан басымым көтөрүлүп, бирде өзүмө келип эле кыйналып олтурам. Биздин талапты угуп, көңүл бурган деле киши жок. Бул үч-төрт кемпир өлсүн деп күтүп атышабы? Биз баары бир аягына чейин турабыз, балдарыбызды күнөөсүз кармап олтурушат.

Бирок ачкачылык кармап жаткандардын абалы менен бир ирээт таанышып кеткен аким Кубанычбек Сыйданов "Азаттыкка" ачкачылык жарыялагандар бийликти коркуткандын ордуна кечирим суроо жолун тандап алса иш мүмкүн башкача чечилмек, дегендей пикирин кыйытты.

Ачкачылык кармап жаткандардын болсо абалы күндөн-күнгө начарлап баратат, себеби алардын басымдуу бөлүгү улгайган энелер. Ушундан улам жергиликтүү бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жана укук коргоочулар ачкачылык акциясын токтотуу туурасында кеңешин беришүүдө.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова учурда болуп жаткан окуяга мындайча баа берет.

- Бир гана жергиликтүү бийликтин мыйзам бузуу аракетинен улам ушундай чиеленген көйгөй маселелер болуп атат. Эгер Москва райондук ички иштер бөлүмү убагында 4 жашар кыздын зордукталган фактысын ачса, андан аркы маселелер жаралмак эмес. Бул бийликтин мыйзам бузууга жол бергенинен улам чыккан иш болду. Азыр бийлик өкүлдөрү карапайым элди укпайт. Элде болсо нааразылык күч. Учурунда Аксы окуясы дагы так ушундай башталган.

Бүгүн камакта жаткан Эркин Бөлөкбаев менен Сапар Аргынбаевдин жакындары чакан жыйын өткөрүп, алдыдагы кадамдар туурасында бир чечимге келишээрин кабарлашууда.


XS
SM
MD
LG