- БЭКтин бир катар мүчөлөрүнүн соттолуп жатышын саясий куугунтук деп эсептегендер дагы көп. Жаштардын пикири кандай деп ойлойсуз?
- Албетте, бүгүнкү күндө Балыкчыда, Петровкада болуп жаткан иштер адамдардын саясий ишмердүүлүгүнө түздөн түз байланыштуу деп эсептейбиз. Себеби алар бийликке карата позициясын көрсөтүп чыгышы менен кандайдыр бир тоскоолдуктарды жараткандыгы үчүн иш козголуп жатат.
Негизинен аларга коюлуп жаткан айыптар конституциялык түзүмдү бузганга аракет кылышты, массалык башаламандыктарды жаратты деген айыптардын коюлушунун эч кандай негизи жок деп эсептейбиз. Петровкадагы болгон иш чарага кайрылсак, бул адам укугунун бузулушунун негизинде келип чыккан акция. Ошондон улам алар аргасыздан чыгып массалык баш-аламандыктын болушуна алып келди.
- Демек, бул жерде бийлик баш-аламандыктарга жеткирбөөнүн алдын алуу аракеттерин жасашы керек эле деген пикирлер бар?
- Ооба, алгач адам укуктары бузулганда үй-бүлөдөгү болуп жаткан окуядан улам башталып жатпайбы. Ошого карата алдын ала иш чаралары көрүлгөндө бул акциялар болбойт эле. Андан тышкары катышуучуларга карата болуп жаткан иштердин себеби, бул жалпы эле негизги саясий активдүү жарандарга каршы көрсөтүлгөн иш чарадай сезилет. Себеби алардын саясий активдүүлүгүн төмөндөтүүгө багытталган кандайдыр бир психологиялык басым жасап, башка көз караштарды көрсөтсөңүз ушундай абалга туш болосуңар деген сыяктуу көрсөтмө болгондой.
- “Ата мекен” тарифтердин көтөрүлгөнүнө байланыштуу элди өздөрүнүн укугун коргоого чакырып атпайбы. Сиз кандай ойлойсуз, бул жаштардын колдоосун табылабы?
- Менимче, албетте бул жаштардын жана башка жарандардын колдоосун табат. Себеби бүгүнкү күндө баардыгыбызга белгилүү болгондой бул социалдык чыңалууну жаратып жатат. Бардыгы эле ММКларда тарифтердин көтөрүлүшү боюнча терс ой-пикирин билдирип жатышат. Албетте эгерде сиз айткан элдер өздөрүнүн коргоп чыга турган болсо уюштуруу маселе жагынан жардам беребиз. Жаштар тарабынан колдоо табат, бирок ошол эле учурда алардын иштерине, окуусуна байланышкан ар кандай тоскоолдуктар бар. Ачык айтып чыгуу үчүн аларга бул кичине кыйынчылыктарды жаратат.
- Маегиңизге чоң рахмат.