Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Азиза Абдрасулова: Күрттөрдүн баары көчүп кетсин деген туура эмес


«Кылым шамы» уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова менен “Азаттыктын” обосунда Петровка айылындагы окуя жана президенттин өкмөттүк эмес уюмдар менен боло турган жолугушуусу тууралуу маек курдук.

- Сиздер Петровка айылындагы окуяны иликтедиңиздер эле, эмнени байкадыңыздар?

- Бул жерде жергиликтүү бийликтин, анын ичинде укук коргоо кызматкерлигинин шалаакылыгы, жоопкерсиздиги эң негизги себеп болгон. 6-апрелде болгон окуяны 9-апрелде билгенине карабастан, жергиликтүү укук коргоо органдары, прокуратура эч кандай чара көргөн эмес.

Ошонун кесепети акырында келип 26-апрелдеги улуттар аралык нааразылыкка чейин жетип отурат. Ошондуктан эң биринчи жергиликтүү бийликти, укук коргоо кызматкерлерин, жергиликтүү милиция кызматкерлерин чоң жоопкерчиликке тартыш керек жана мындан ары мындай окуя кайталанбаш үчүн зарыл чараларды көрүү керек.

- Жергиликтүү бийликтин ушундай катачылыгы Москва районунда эле чыгып жатабы же мындай кеиштүү көрүнүш башка райондорго да мүнөздүүбү?

- Биз кыргызбыз да, жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынын кесепети баарыбызга белгилүү Искра айылындагы улуттар аралык кагылышууга алып келген. Так эле ушундай жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы, жоопкерсиздиги убагында Аксы окуясына, же болбосо жакында деле болуп өткөн Ноокат окуясына алып келген.

Жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги бийиктемейинче борбордогу бийликте отургандарды күнөөлөгөн дагы туура эмес болуп калып атат. Себеби Петровкадагы окуяга кайрылсак, 6-апрелде болгон төрт жашар кызды зордуктоо окуясы Башкы прокуратурага маалымдалган эмес экен. Жашы жетпеген кызды зордуктоо өзгөчө оор кылмыш катары Баш прокуратурага ошол эле күнү маалымдалыш керек болчу.

- Петровкадагы жергиликтүү тургундар күрттөрдү толугу менен көчүрүү талабын коюп жатат. Эч кандай күнөөсү жок башка күрттөрдүн укугу кандай корголот?

- Албетте, кылмышты жасаган адам жооп бериш керек. Мыйзамда көрсөтүлгөн атасы үчүн баласы, баласы үчүн атасы жооп бербейт. Башка эле бир жарандын жасаган кылмышы үчүн жалпы 110 күрт үй-бүлөсү жооп бериши да туура эмес. Бирок тилекке каршы, жергиликтүү бийлик жабык эшик артында өткөргөн отурумунда күрттөрдүн аксакалдарынын алдына көчүрө турган 50 адамдын аты-жөнүн өзүңөр бизге түзүп бергиле жана өзүңөрдүн каалооңор менен ушул жерден чыгып кеткиле деген маселени коюп атышат.

Мындайча айтканда мажбурлоо болуп атат. Бул дагы жергиликтүү бийлик тарабынан кабыл алынып аткан чечим. Биз жаңы шайланган аким Сыйданов менен жолугуп келдик. Ага айттык ар бир чечимиңер, ар бир талабыңар мыйзамга ылайыктуу, мыйзамдын чегинде болсун деп. Эгерде өзүңүз туура чечим кабыл алалбасаңыз, анда жаныңызга юрист алыңыз дагы, ошол юристтин чечимдерине, кеңешине таянып иш кылыңыз деген өзүбүздүн сунушубузду, кеңешибизди берип келдик. Күрттөрдүн баары, же жарымы көчүп кетсин деген туура эмес.

- 5-майда президент өкмөттү эмес уюмдардын өекүлдөрү менен жолугушат экен. Сиздер айттыңыздар эле, адам укугун коргоо багытындагы уюмдардын өкүлдөрү жолугушпайт деп. Биринчиден анын себеби эмнеде? Экинчиден, президентке сиздер жолугушууда кандай талап, сунуш, пикир айтайын дедиңиздер эле?

- Негизинен президент менен адам укук жаатындагы иштеген укук коргоочулар жолугабыз деп демилге көтөргөнбүз. Бирок биздин демилгебиз башка жакка ооп, жалаң жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууга айланып кетти жана биздин президентке бере турган суроолорубузга чектөө коюла баштады.

Бул суроону бербегиле, бул маалыматты айтпагыла деп, бирдиктүү бир гана суроо менен чыгалы, бул башкача айтканда президент менен жарандык коомдун ортосундагы түзүлгөн меморандум болсун, президент менен жарандык бир меморандумга кол коюлсун деп чыгышты.

Албетте, буга мен укук коргоочу катары каршы болдум. Себеби бүгүнкү президент 1-майда талапкер катары сунушталып жатат. Ошондуктан биз баардык талапкерлерге бирдей мамиле жасашыбыз керек жана бир талапкер менен меморандум түзүп, экинчилер менен түзбөй койгондун өзү бул жарандык коомдун принциптерине туура келбейт. Ошондуктан мен бул жолу андан баш тарттым.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG