- “Ак жол” партиясы эң кыска убакытта ыкчамдык менен түзүлүп, парламентте көпчүлүктү түзгөн партияга айланды. Бул партиянын калыптанышы, пайда болушу тууралуу түрдүү көз караштар айтылып келатат. Сиз кандай баа бересиз, чын эле “Ак жолдун” бүгүн элде кадыр-баркы күчөдүбү. Эгер андай болсо анын күчү эмнеде болуп атат?
- Азыр акты кара, караны ак деп турган заманда бул суроого жооп бериш бир чети татаал, бир чети кооптуу. Ошондой болсо дагы жарандык милдет катары өз пикирин айтып коюш керек. Эми карасаңыз, азыр парламент кызыл парламент болуп калды да илгеркидей, большевиктердин партиясы дегендей. “Ак жол” да, Коммунисттер да, Социалисттер да большевиктер, баары тең бирдей. Башкача айтканда түрдүү-түркүн пикирлерди элге алып чыккан парламент эмес болуп калды. Мындай фракциялар менен бул парламенттин ишинин натыйжалуулугу дагы болбойт. Ошондуктан мен бул парламентке тескери баа берем. Бирок “Ак жол” партиясынын уставын карай турган болсок абдан сонун. Бул жерде “биз толеранттуулук, айкөлдүк, чыдамкайлык үчүн, бул биздин байлыгыбыз, сууларыбызды башкарышыбыз керек, биз көп секторлуу кызмат аткарышыбыз керек” деген сыяктуу сонун нерселер жазылган. Бирок аны “акжолчулардын” өздөрү деле билбейт болуш керек. Бизде жаман нерсе өнөкөт болуп кетип атат, жазылган мыйзамдарды аткарбай келишет, ошондуктан мыйзам алсыздап, күчүн жоготуп атат.
- Бул жерде сиз партия иштеген жери жок деп айткыңыз келип атабы, президент өзү иштеп атабы партия үчүн?
- Бизде идеология принципиалдуу иштебей эле, жөн эле адамдардын айланасында бир топ карьеристтер, өзүмчүлдөр, кошоматчылар чогулуп, ушундай бир топ эле башкарып атат. Кыргызстанда али цивилизациялуу башкарууга өтө элекпиз. Бир адамдын айланасына чогулуп алып эле, идеяны эмес, ошол адамга кошомат кылып, өзү бир орунду ээлеп алыш үчүн чогулуп алгандар болуп атат. “Ак жол” партиясы ошондой эле системага кирет. Бул Кыргызстанда гана эмес, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн дээрлик баарында ушундай болуп атат, Орусиядагы “Единая Россиянын” көчүрмөсү бул партия.
- Дегеле Кыргызстанда партиялык түзүлүш, курулуш маселесине сиз кандай карайсыз, канчалык деңгээлде прогрессивдүү жол менен баратат?
- Башка республикаларга караганда жакшы деп эсептесек болот. Бирок “Ак жол” партиясынын түзүлүшү менен, жаңы президент келиши менен бизде саясат илимий, принципиалдуу, идеологиялык жолдон алыстап, илгерки туура эмес, кландуу жолго кетип калды, идеяны сыйлабаган, бирок авторитетти сыйлаган жолго кетип баратат. Эгерде ушандай жол менен кете берсе, анда бизде элдин, идеялардын бири-бири менен пикир алмашуусу токтоп эле кошоматчылык аябай күчөгөн өлкө болуп калабыз.
- Сиздин оюңузча, кадимкидей, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй партиялык түзүлүштү, курулушту жасаш үчүн эмне кылыш керек Кыргызстандын шартында?
- Буга биринчиден эл аралык уюмдардын ролу чоң. Ошолор акча берсе, бир шарт менен берсе дагы жөн эле бере бербей. Бүткүл дүйнөлүк банктардын акчалары Кыргызстанга жардам бербей атат, алар чоңдорго жана өздөрүнүн кеңешчилерине кетип жатат. Ошондуктан шарт менен бериш керек, ушундай-ушундай деген программаларды чыгаргыла деп. Негизи формалдуу эмес жана формалуу билим берүү үчүн биздин элдин аң-сезимин көтөрүш керек, коом түшүнүш керек цивилдүү коом деген эмне экенин.