Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Эки депутат кол тийбестиктен ажырайбы?


Балыкчыда милиция эки депутатты кармаган учур. 23-июль, 2009-жыл.
Балыкчыда милиция эки депутатты кармаган учур. 23-июль, 2009-жыл.

1-сентябрда парламент өз ишин баштайт. Депутаттар Социал-демократтардын эки өкүлүнөн кол тийбестик макамын алып салуу маселесин карашы ыктымал.

23-июлдагы президенттик шайлоо учурунда Балыкчы шаарында чатак чыгып, жыйырмадай киши кармалган. Алардын арасында Социал-демократтардын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү Мирбек Асанакунов менен Кубанычбек Кадыров да болушкан. Ушул тапта ал окуя боюнча тергөө иши аяктап, жакын арада сот болоору күтүлүүдө.

Бул тууралуу “Азаттыкка” жактоочу Шабдан Абдыкасымов буларды айтты:

- Ушул жуманын башында тергөө аяктап, иш Балыкчы шаар сотуна өттү. Фактыга ылайык ИИМ кармалгандарга Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча Конституциялык түзүлүшкө кол салды, шайлоого тоскоолдук кылды, массалык тополоң уюштурууга аракет кылды деген айып коюуда. Эми жакын арада сот болот деп күтүп жатабыз.

Ал эми СДП фракциясынын эки депутаты кол тийбестик макамына ээ болгондуктан кармалган соң кайра эле бошотулган. Укук коргоочу Акин Токталиевдин “Азаттыкка” билдириши боюнча, ушул тапта эки депутатка куугунтук жүрүүдө:

Акин Токталиев


- Эки депутатка "шайлоого тоскоолдук кылды", "бийликти алууга аракет жасады" деп, оор күнөөлөрдү коюп жатышат. Кадыровго карата өтө катуу куугунтук жүрүп жаткан кез.

Аталган эки депутат менен “Азаттыктын” байланышуу аракети майнапсыз болду.

Ал эми Баш прокуратуранын пресс-катчысы Үсөн Ашымовдун билдиришинче, Балыкчы окуясы боюнча тергөө иши аяктагандан кийин гана депутаттарды кылмыш ишине тартуу маселеси чечилет:

- Учурда Балыкчыдагы окуя боюнча Коопсуздук комитети иш козгоп, тергеп жатат. Тергөөнүн жыйынтыктары боюнча аталган эки депутатты кылмыш ишине тартуу маселеси чечилет. Азырынча болсо андай маселе каралган жок.


Мыйзам боюнча, Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин Баш прокуратура гана козгой алат. Ал үчүн баш прокурор парламентке депутаттын кол тийбестик макамын алып салуу боюнча өтүнүч менен кайрылышы керек. Парламент ал өтүнүчтү канааттандырганда гана кол тийбестиктен ажыраган депутат сот жообуна тартылат.

Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана соттук-укуктук комитетинин төрайымы Лейла Сыдыкованын айтымында, Кадыровдун 23-июлдагы иш-аракеттери боюнча маалымат комитетке келип түшкөн:

- Ал депутаттан кол тийбестикти алып салуу маселеси боюнча биздин комитетке азырынча эч ким кайрыла элек. Бирок ИИМ, прокуратурадан бул окуя боюнча билдирүү түшкөн. Парламент өз ишин баштаганда ал билдирүүлөрдү кароого киришебиз.

Ак жол фракциясынын өкүлү Зайнидин Курмановдун ырасташынча, эгерде К. Кадыровдун күнөөсү далилденсе, анда анын кол тийбестик макамы алып салынышы толук мүмкүн:


- Алгач депутаттар ал депутаттын күнөөсү чын эле барбы же жокпу деген маселени карайт. Эгерде Баш прокуратура айыпталып жаткан депутаттын күнөөсүн далилдей алса, анда парламент анын кол тийбестигин алып салышы толук мүмкүн.

Бул эки депутатка байланыштуу маселе боюнча алар мүчө болгон СДП фракциясы маалымат тарата элек. Социал-демократтардын өкүлү Ирина Карамушкина болсо бул окуя тууралуу “Азаттыкка” өз пикирин төмөнкүчө билдирди:

-Эгерде парламент Кадыровдон кол тийбестик макамын алып салууга макулдук берсе, бул демократия түп тамырынан бери жоголду дегенди билдирет. Анткени Кадыров менен Асанакуновдун эч кандай күнөөсү жок. Болгону алар шайлоо учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы чыгышкан.

Парламент тарыхында депутаттан кол тийбестик макамын алып салуу фактысы буга чейин деле болгон. Мисалы Жогорку Кеңештин чечими менен мурдагы депутат Айдар Акаев кол тийбестик макамынан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG