Президент сөзүнүн башында президенттик админстрациянын ордуна президенттик институт түзүлөөрүн жарыялады. Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин айтымында, президенттин институтуна президентке тике баш ийген мамлекеттик органдар жана кызмат адамдарды кирет. Алар: Президент аппараты, президенттин катчылыгы, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик, ошондой эле президенттин коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча Мамлекеттик кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Мамлекеттик министри.
“Азыркы башкаруу системасына кабылган ар кандай билимдүү кадрлар көп өтпөй ошол эле системанын кезектеги бир бюрократ кадрына айланат. Мен мындай адамдардын айрымдарын жакшы билем, алар кызматка келгиче кандай адамдар эле, андан кийин кандай болуп өзгөрүштү”, - деп белгиледи президент.
Өлкө башчысы ошондой эле азыр мезгилдин талабы менен аткаминерлердин чакан, ыкчам тобун түзүү зарылдыгы келип чыккандыгын билдирди. Мамлекет башчы аткаминерлердин 99% өзүнө көбүрөөк бийлик алууга тырышарын айтып, мамлекеттик башкаруу реформасын өз айланасынан баштап жатканын белгиледи.
Президент мындан сырткары өкмөттүн жаңы түзүмүн да жарыялады. Ага ылайык өкмөттүн жаңы түзүмү 14 министрликтен, 7 агенттиктен жана 6 кызматтан турат. Ошондой эле мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен милдеттүү медициналык камсыздоо фонддору да өкмөткө кирип, бардык мамлекеттик комитеттер жоюлат.
Өкмөттүн жаңы түзүмүндөгү министрликтер:
- Финансы министрлиги
- Юстиция министрлиги
- Коргоо министрлиги
- Ички иштер министрлиги
- Чукул кырдаалдар министрлиги
- Энергетика министрлиги
- Экономикалык жөнгө салуу министрлиги
- Айыл чарба министрлиги
- Табигый ресурстар министрлиги
- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
- Мамлекеттик мүлк министрлиги
- Саламаттыкты сактоо министрлиги
- Билим жана илим министрлиги
- Эмгек, калкты иш менен камсыздоо жана миграция министрлиги
Өкмөттүн жаңы түзүмүндөгү агенттиктер:
- Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги
- Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги
- Социалдык камсыздоо агенттиги
- Байланыш агенттиги
- Дене тарбия жана спорт агенттиги
- Архитектура жана курулуш агенттиги
- Маданият агенттиги
Өкмөттүн жаңы түзүмүндөгү кызматтар:
- Жаза аткаруу кызматы
- Финансылык чалгын кызматы
- Чек ара кызматы
- Салык кызматы
- Бажы кызматы
- Финансы рыногун жөндөө жана көзөмөл кызматы
Ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка айланып, өкмөт түзүмүнөн чыгарылат.
Финансы полициясы кызматы да өкмөттөн чыгарылып, финансы полициясы мамлекеттик кызматына айланат. Мындан тышкары патенттик кызмат да чыгарылып, интеллектулдык жөндөм боюнча мамлекеттик кызматы болуп түзүлдү.
Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик өкмөттүн курамынан чыгарылып, дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссия болуп түзүлөт.
Президенттин белгилешинче, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин иш-аракеттеринин орчундуу бөлүгү жана маалымат ресурстары жана технологиялары Мамлекеттик агенттигинин бүт функциясы Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлөт. Бул жаңы кызмат өлкөнүн бирдиктүү маалымат банкы болуп калмакчы.
Өлкө башчысы өзгөрүүлөрдүн акыркысы катары чечимдерди кабыл алууда кызыкчылыктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмагын камсыз кылуу максатында дагы бир кеңешме орган - Ынтымак Курултайы түзүлөөрүн жана учурда Ынтымак Курултайы жөнүндө жобо иштелип жатканын, ал жакында коомчулукка сунуш кылынаарын айтты.
Президент сөзүнүн соңунда башкаруу реформасынын биринчи этабы Конституцияга жана бир катар мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын туудураарын, ондогон регламенттерди иштеп чыгуу зарыл экенин белгилеп, парламент менен өкмөттөн бул ишти тездетүүнү суранды.
Тасмада: Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?
Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасы кандай реформаланарын жарыялашына байланыштуу Бишкектен көчө маек уюштурдук. 20-октябрь, 2009-ж. MiT. ZMa.