Элдик кеңеш саясий кыймылынын штаб башчысы Калык Рүстөмовдун берген маалыматына караганда, учурда БЕКтин өкүлдөрү Чүй аймагын кыдырып эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Алар негизинен Элди 17- март оппозициянын элдик курултайына чакырышууда. Штаб жетекчисинин берген маалыматына караганда, аймакта оппозиция өкүлдөрүнүн курултайга алып чыгып жаткан маселелерин колдогондор өтө арбын. Ал эми биз айрым айылдарды кыдырып жергиликтүү тургундар менен жолукканыбызда алар элдик курултай туурасында төмөндөгүдөй ойлорун бөлүштү.
Насыр: - Мен биринчи барайын. Анан баарын айтып берем. 17- мартта мага окшогондор көп барат. Себеби кымбатчылык деген элге ошончо жетти да.
Бакыт Нуралы уулу: - Кыргызстанда негизи нааразылыктар жазда башталат. Азыр аймакта саясий активдүүлүк жакшы. Менимче, оппозициянын курултайына баары эле барышат болуш керек.
Өзгөчө бүгүнкү күндөгү тарифтердин көтөрүлүшү, өлкөдөгү саясий олку-солку абал жана саясий куугунтуктоолорг карата карапайым тургундардын нааразылыгы жогорку чекке чейин чыкты деген сөз коомчулукта күч алды. Өзүңүздөргө маалым, буга негизги далил Петровка чатагына байланыштуу оппозициянын үч өкүлү 11 айдан бери камакта олтурганы болуп жатат. Ошондуктан бул кырдаал 2005-жылдагыдай элдик толкундоолорго алып келиши толук мүмкүн дегендер бар.
Алардын бири Москва районунун тургуну Б. Саркулов:
- Азыр оппозицияны деле эл ээрчибейт. Элге бир лидердин да зарылчылыгы жок. Болгону учурдагы саясий кризис баарын жарга кептеди. Эл өздөрүнүн укугун коргош үчүн чыгышат.
Элдик кеңеш саясий кыймылынын штаб башчысы Калык Рүстөмовдун билдиргенине караганда, өткөн ишемби күнү Москва районундагы ички иштер кызматкерлери, "Форум" гезитинин 2000ден ашык нускасын тартып алышкан. Гезитте негизинен 17-марттагы оппозициянын элдик курултайы туурасында кеңири маалымат басылган эле.
Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай маалымат жалган деп белгилешүүдө. Облустук администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” буларды билдирди:
- Жергиликтүү бийлик оппозициянын курултайына болгон даярдыкка тоскоолдук кылып жатат деген жалган. Башка облустарга салыштырмалуу чүйлүктөр өз пикирин эркин эле билдирип, кааласа борбор калаага чейин келип жүрүшөт. Биз эч кандай тоскоолдук кылбайбыз.