Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин жанында өткөн нааразылык акцияга жаштардын “Мекен шейиттери”, “Биримдик”, “Элдик кеңеш”, “Калыстык” уюмунун өкүлдөрү катышты. Колдоруна “Кыргызстан менен Беларус достукту туткан өлкө”, “К.Бакиев кыргыз элинин алдында жооп бериши зарыл”, “Кылмышкерге Беларустан баш паанек берилбеши керек” жана “К. Бакиевди Кыргызстанга жибергиле” деген жазууларды кармаган жаштар Беларус мамлекетинин жетекчилигине нааразылыктарын билдирип турушту.
Элдик кошундун жаш мүчөлөрүнүн бири Баатырбек Майлыбашев “К.Бакиевди Кыргызстанга алып келип сот жообуна тартуу зарыл” деп билдирди:
- Бүгүнкү акцияга 7-апрелде каза болгон жаштардын туугандары жана тилектештери катышууда. Баардыгыбыз тең калыстыкты талап кылып чыктык. Беларус биздин президентти эмнеге кайтарып жатат? Ал киши Бишкекке келип курман болгон балдардын туугандарына жана ата-энелеринин суроолоруна жооп берсин. Курманбек Бакиев: "Мен эл алдына чыгам, Акаевге окшоп качып кетпейм" деп сөз берген. Бирок сөзүнө турган жок. Биз ушундай тынч жол менен акыйкатка жетишибиз зарыл. Ал киши болсо эл алдында жооп берет деген ойдобуз.
Беларус элчилигинин алдында өткөн иш-чарага ар кайсы уюмдардан келген өкүлдөрдөн тышкары, коомдук ишмерлер жана ыңкылапта каза болгон балдардын туугандары катышты. Алар ар кандай көз караштагы инсандар же уюмдар болгону менен Курманбек Бакиевди кайра алып келип сот жообуна тартуу талабы бардыгын бириктирип турду.
Бектемир Акунов атындагы коомдук уюмдун башчысы Урмат Акунов Беларустун мындай кадамы эки өлкөнүн мамилесин шек келтирет деген ойдо:
- Буга чейин биз Беларус өлкөсүн досубуз жана шериктешибиз деп билип келгенбиз. Бирок Лукашенконун бул кадамы ишеничибизге доо келтирип жатат. Бул жерде алар Бакиевдин жан досу, коргоочусу ролун аткарып жатышат. Алар Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берсин же болсо элчилиги жабылсын деген талап коюп жатабыз. Жыйынтык чыкпаса убактылуу өкмөткө да кайрылуу жазайбыз. Бакиев сот жообуна тартылмайынча эл тынчыбайт. Ошондуктан чечкиндүү кадамдар зарыл.
Нааразылык иш-чарасы Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдында өттү. Бирок өкүлчүлүктөн эч бир кызматкер чыгып бул жердеги талаптар боюнча жооп кайтарган жок. Ошол эле маалда элчиликтин дубалында жана каалгасында "22-23-апрель күндөрү техникалык себептерден улам элчилик иштебейт" деген жазуу илинип турду.