Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүшү кошуналарды чочутабы?


27-июндагы референдумдан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алды.
27-июндагы референдумдан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алды.

Айрым серепчилер Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алышын чөлкөмдөгү башка өлкөлөр чочулоо жана күмөнсүнүү менен карап турушканын белгилеп жатышат. Орус президенти Дмитирий Медведев болсо Кыргызстанда мындай идея ишке кандайча ашырылаарын элестете албасын айтып чыкты.

Кыргызстанда 27-июнда өткөн референдум боюнча пикирин билдирген дүйнөлүк лидерлердин алгачкысы орус президенти Дмитрий Медведев болду. Ал ошол эле күнү Канаданын Торонто шаарында, “Чоң жыйырманын” саммити учурунда сүйлөгөн учурунда Кыргызстанда парламенттик республика идеясы кантип ишке ашырыларын элестете албасын айтып чыкты:
Орус президенти Канададагы саммитте, 27-июнь.

- Кыргызстанда парламенттик республика модели кантип иштерин жакшы элестете албайм. Бул түгөнгүс жана чубалган көйгөйгө, парламенттеги чалкештикке, тигил же бул саясий күчтөрдүн бийликке келүүсүнө, бийликтин бир колдон экинчисине көзөмөлсүз өтүүсүнө айланбайбы жана акыр аягында бул бийликке экстремисттик багыттагы күчтөрдүн келүүсүнө көмөктөшпөйбү?

Орус президенти ошондой эле Кыргызстанга күчтүү бийлик зарылдыгын да кошумчалаган.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн өкүлү Өмүрбек Текебаев президент Медведевдин мындай күмөн саноосуна дароо каршы пикирин билдирип чыкты. Жаңыдан кабыл алынган баш мыйзамды иштеп чыккан топтун жетекчиси Өмүрбек Текебаев күчтүү бийлик деп жеке башкарууну эмес, бирин-бири көзөмөлдөгөн бийликти түшүнөөрүн “Азаттыкка” билдирди:

- Дмитрий Медведевдин түшүнүгүндө, күчтүү бийлик – бул президенттик гана бийлик болушу мүмкүн экен. Эми мен жашырбай эле айтайын, Медведев мырза мурун эле убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирине жаңы даярдалып жаткан баш мыйзамыңардын долбоорун оңдосоңор деп айткан болчу. Ушул оюн ал Торонтодо да кайталады.
Медведев мырза мурун эле убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирине жаңы даярдалып жаткан баш мыйзамыңардын долбоорун оңдосоңор деп айткан болчу. Ушул оюн ал Торонтодо да кайталады.
Ө. Текебаев
Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыгын угуп жактырбагандай мамиле жасаптыр. Албетте бул кээ бир саясий лидерлерге жакпашы мүмкүн. Бирок бул убактылуу. Ар бир эл өзүнүн тагдырын, кандай жашоо эрежесин өзү аныкташы керек.


Ошол эле учурда Кыргызстанга күчтүү президенттик башкаруу керек болчу дегендер да жок эмес. Мындай көз караш көбүнчө мурдагы Бакиев бийлигинин орусиячыл багытын тутунган саясий күчтөрдө үстөмдүк кылат.

Токтогул Какчекеев
Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев да орус президентинин пикири туура деп эсептегендердин бири:

- Медведевдин бул айткан сөзүнө мен дагы кошулгум келет. Анткени бизде атам замандан берки Улуу каганатта деле жекече башкаруу үстөмдүк кылып келген. Ошондо эле бир адам башкарып, бир адам жооп берип, бир адам өзүнө милдет алып келгендиги маалым. Каган десең бир адамдын бийлиги, ажо десең бир адамдын бийлиги. Ошондуктан өзү начар башкаруу формасы болбойт, болгону начар аткаруучулар болот.

Анткен менен Дмитрий Медведевдин дүйнөлүк басма сөзгө Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуялар болгонго чейин эле өлкөдөгү өтө коркунучтуу абал боюнча “көзү ачыктык” кылып айткандары да учурда түрдүүчө кабылданууда.

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев Орусия президенти Кыргызстанда жеке кызыкчылыгы бар федералдык атайын кызматтын генералдарынын маалыматтына таянуу менен гана бир жактуу жыйынтык чыгарып жатат деп эсептейт:
Өмүрбек Текебаев

- Дмитрий Медведев менин оюмча, Кыргызстандагы кырдаалды жакшы билбейт. Аны Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан жөнүндө маалыматтарды берип жүргөн атайын кызматтын генералдары туура эмес кабарландырып жаткандай. Ал генералдар жергиликтүү диктаторлор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен коюн колтук алышып, Кыргызстанда каржылык-экономикалык кызыкчылыктары болгон. Ошон үчүн алар эски тартипти эңсеп, эски үй-бүлөнүн өкүлдөрүнө басым жасап, өз президентин уят кылып олтурушат. Кыргызстандагы референдумга Орусиянын байкоочулары да келип катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Чуров баш болгон топ Ош облусундагы референдумду байкоого алып, эл өз ыктыяры менен келип добуш берип жаткандыгына жакшы баа беришти. Бул кырдаал Орусия жетекчилигинин пикирин өзгөртөт го деп ойлойм.

Ал эми бир катар жергиликтүү серепчилер Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүнө союздаштардын каршылыгын саясий себептерден ган көрүшөт. Алардын пикиринде, КМШ мейкиндигинде жекебасар бийликти мыкчып олтурушкан авторитардык режимдер элдик, жамааттык башкаруунун жайылып кетишинен чочулашат.

- Дмитрий Медведев эле эмес, КМШнын көпчүлүк президенттери Кыргызстанда парламенттик система болбосо экен деп тилеп жатышпайбы. Алар үчүн бул бир жаман адаттын жайылышы болуп жатат да. Кээ бир эксперттер айтып жатышат, “Кыргызстан бул парламенттик башкаруу менен өнүгө албайт, Кыргызстан ага жетише элек” деп. Бул эми өзүнчө расизмге барабар иделогия болуп саналат. Демек кээ бир элдер парламенттик системада жашаса болот экен. Ал эми кыргыздар ага өсүп жетише элек имиш. Бул биздин элди кемсинткендик болуп саналат, – деди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев.

7-апрелдеги элдик толкундоолордон кийин эле кошуна мамлекеттер Кыргызстанга карата экономикалык чектөөлөрдү киргизүү, чек араларды бир тараптуу жабуу жана маалыматтык каралоо сыяктуу ишчараларды колдонуп келишет. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев өлкөдөгү демократиялык күчтөр парламенттик башкарууга ык койгондон бери айрым союздаш өлкөлөр буга тоскоолдук кылуу үчүн аларга карама-каршы ички саясий күчтөрдү колдоп баштаганын айтат:
Орозбек Молдалиев

- Айрым мамлекеттер саясий партияларды түздүрүп, ошолорду каржылап башташты. Партияны бат эле түзө коюп, шайлоого алып барат деген ойго келбеген нерсе да. Буга канча каражат керек. Алар биринчиден тоскоол кылыш керек. Экинчиден, ошол партиялар таасирдүү күч болуп калса, келечекте бийликке алып келгенге аракет кылышат. Анан ошол өздөрүнүн ошол мамлекетке ыңгайлуу маселелерин биздин парламентте жылдырууну максат кылышат.

Канткен менен тоскоолдуктарга карабастан Кыргызстан парламенттик үстөмдүккө ыңгайлуу башкаруу формасын КМШ мейкиндигинде алгачкылардан болуп сындан өткөзмөкчү. Аны ошол эле учурда жөн эле батыштан түзмө-түз көчүрүп албай кыргыз кыртышына ылайыктап сыйдыруу керек деген саясий күчтөр да жок эмес.

XS
SM
MD
LG