Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Президенттикке талапкерлерге тил сынагы кандай жүргүзүлөт?


БШК кечээ президенттикке талапкерлерден мамлекеттик тил боюнча сынак алчу комиссия түздү. Бул сынак тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов жооп берди.

- Кечээ БШК президенттикке талапкерлерди мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөрчү комиссия түзүп, төрагалыкка сизди бекитти. Сынак калыс өтөт жана комиссия мүчөлөрү ага кудуреттүү деген ишеним барбы? Себеби бул жолу комиссия парламенттин макулдугусуз түзүлбөдүбү...

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 61-беренесине ылайык, албетте Кыргызстандын президенти биринчи кезекте мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Алтурсун мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын 8-беренесинде да ошентип жазылган, КР президенти мамлекеттик тилде сүйлөй билиш керек, жаза билиш керек, эл алдында оюн айта билиш керек деген. Мына президенттикке болочоктогу талапкерлерде ошондой касиет барбы? Ушуну аныкташ үчүн кечээ БШК курамы 9 кишиден, республикабыздагы белгилүү тилчи, окумуштуулардан турган курамды бекитти. Ал курамдын ар бир мүчөсү республикабыздагы 7 дубандын жана эки борборубуз Бишкек менен Ош шаарынын өкүлү деп айтсак болот. Ошол жерден чыккан инсандар, чоң окумуштуулар. Мен ойлойм, бул жерде сөзсүз калыстык да, акыйкаттык да болот. Себеби ал түз эфирден берилет, бүт кыргыз эли карап турат жана президенттикке талапкер болуп келген адамдардын өкүлдөрү, байкоочулар карап турат. Биз аны эң туура билебиз, туура түшүнөбүз, эл алдында жүзүбүз жарык болуш үчүн биз өтө калыстык менен, тактык менен иш алып барабыз.

- Буга чейинки президенттик шайлоолордо тил комиссиясы бийликке жагымсыз талапкерлерди жарыштан чыгарчу бөгөт болуп берчү эле. Бул жолу комиссия андай сунуш, буйрукка кандай мамиле жасайт?

- Биринчиден, андай сунуш бизге эч качан болбойт деп ойлойм. Экинчиден, 2005-жылкы шайлоодо 12 талапкер болсо, ошонун 12си тең президенттик шайлоого тил комиссиясынан өткөн. Себеби алардын даярдыктары жакшы экен. Бул жолу да татыктуу гана баасын беребиз деп ойлойм. Үчүнчүдөн, өзүңүздөр күбө болосуздар комиссиянын мүчөлөрү бири-бири менен акылдашканга, кеңешкенге да акысы жок. Ар бири өз ордунда туруп, өз баасын коет жана эл алдында туруп өз оюн айтат билет, же билбейт деген. Ошонусун коюп келгенде билет деген добушту ким көбүрөөк алса ал албетте өтөт. Бул жерде үч критерий менен каралат. Биринчиси, президенттикке талапкер инсан 3 баракка өзүнүн президенттик платформасын, кокус президент болуп калса Кыргызстанды кантип башкара алат, кантип өнүктүрө алат, кантип өстүрө алат, ошону 3 барака батырып өзүнүн оюн жазат.

Биз анын орфографиялык катасын карайбыз, тыныш белгилерин кандай коюптур, дегеле сүйлөм түзгөнү кандай, ушул жагына көңүл бурабыз. Экинчиси 3 барактан турган көркөм текстти такалбай, какалбай, жакшынакай окуп бериши зарыл. Себеби президент болгондон кийин ал эл алдына чыгып, ар дайым баяндама жасайт иши боюнча. Үчүнчүсү, 15 мүнөткө чейин эл алдында, же комиссиянын астында өзүнүн келечектеги оюн, максатын, багытын бизге сүйлөп берет. Ушул 3 критерийдин негизинде комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнчө жеке жыйынтык чыгарат.

- Эми комиссия сынак өткөрүүгө качан даяр болот, негизи материалдарды кантип топтойт жана анын мазмуну кандай болот?

- Бул маселенин үстүндө БШК иштеп атат. Алардын өзүнүн календарлык планы бар, ошол календарлык планына ылайык биз иш жүргүзө баштайбыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG