Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Балыкчы: Камалгандар толук бошой элек


Жакындарын камактан чыгара албай жүргөн ата-энелер
Жакындарын камактан чыгара албай жүргөн ата-энелер

Балыкчыда шайлоо жүрүшүнө тоскоолдук кылды деп камалгандардын көпчүлүгү алигиче абактан чыгарыла элек.

Президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы чыккан Балыкчы шаарынын жана Ысык-Көл районунун Темир, Жаркынбай, Григорьевка, Ананьево айылдарынын 14 тургуну 23-июлдан бери Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүндө камакта. Алардын жалпы саны 18 болчу, 25-июлдун түнүндө бешөө бошотулду.

Жакындарынан кабар ала албаганына наарызы тарап 4 күндөн бери ички иштер бөлүмүнүн алдында турушат. Алардын арасынан А. Атамбаевге добуш берип жумуштан чыгып калган кызматкерди да жолуктурдук.

- Көптөн бериэле артыман акмалап жүргөн, шайлоодон кийин жумушка барсам буйрук менен бошотуп коюптур, - деди Балыкчы шаардык ооруканасында хирург болуп көп жыл иштеген Шер аттуу врач.

23-июль күнү камалгандар Бакиевге добуш бербей койгондор экенин белгилеген Кубат Мусаевдин жубайы жолдошун 24ү күнү кармап кеткенин айтты.

- Түндө уктап аткан, кой-айга келбей эле милициялар келди дагы машинага салып алып кетип калышты. Жакында эле бутунан да операция болгон.

Мэриядагы митингге да ички иштер бөлүмүнө да катышпаган Белек Касымов аттуу БЭКтин байкоочусун да дүкөндөн кармап кеткенин досу тастыктады.

- Мен Оштон келгем, эс алайын деп. Досум менен пляжка баралы деп дүкөнгө киргенде ОМОНдор кармап кетти. Митингге деле катышкан эмес. Атамбаевдин байкоочусумун деген болчу.

Шайлоонун арты менен камалгандарга баш аламандык уюштуруп, бийликти басып алууга аракеттенип, шайлоонун өтүшүнө тоскоолдук кылганы үчүн кылмыш иши козголду. Бирок жактоочу Акин Токталиевдин ырасташынча, мыйзамдын бул беренелери боюнча эч кандай далилдер жок.

- Баш аламандык уюштурганда мэрияны талкалап, ичиндеги акимди айдап чыгыш керек, андай болгон жок да. Штаб башчысы шайлоодо мыйзам бузулган актыларды көтөрүп алып мэрге барганда териштиргендин ордуна милиция чакырып, салып бергени – ошол мыйзамсыздык

Жактоочу Токталиевдин айтуусунда, учурда камактан чыкан 5 адамдын абалы жакшы эмес, суракка алган 9 тергөөчү ЖКнын депутаттары М.Асанакунов менен К.Кадыровду күнөөгө тартуу үчүн аларга түрдүү чараларды колдонуп, коркуткан. 25-июль, түнкү саат 11лерде убактылуу бошогондорду сөзгө тарсак, тергөөчүлөрү автоунааларына сала качып, жолотпой койду.

Түнкү 12лерде бошогон Ананьево айылынын тургуну Карыпбек Усубалиевдин башы айрылган экен.

-Башыңыз эмне болгон?

- Өзүң түшүнөсүң да.

- А бетиңиздин тытылганычы?

- ОМОНдор менен ошо...

Таза шайлоо үчүн дегендердин камалып кысымга алынганына наарызыланган Балыкчы шаарынын эмгек ардагери Муса Мамбеткулов калган 14 адам 27-июлда чыгарылбаса саясый жүрүштөрго даяр турганын ачыктады.

-Эл тарабынан эмес Бакиевчилер тарабынан мыйзам бузулбадыбы, Атамабевдин байкоочуларын милициялар жетелеп чыгып коюп, шайлоону каалагандай жасады го.Биз керек болсо жүрүшкө чыгууга даярбыз.

Камактагылардын, айрыкча андагы 2 аялдын иши туурасында Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Б.Бейшембиев да бизге мааламат берген жок.

- Ой эми алар боюнча документтерди көтөрүп чыгыш керек да. Мен бир кишилер менен жүрдүм эле, кечирип коюңуз...

XS
SM
MD
LG