«Ак шумкар» партиясынын саясий кеңеши 23-мартта болуучу Ынтымак курултайын, бийликтин жасап жаткан жана алдыда жасай турган иштерин мыйзамдаштырууга карата жасалуучу иш чара катары кабыл алып, бул иш чарага катышпай турган чечим кабыл алганын партиянын лидери Темир Сариев билдирди. Алар мындай чечимге саясий кеңеш бир катар коомдук ишмерлер, жарандык уюмдар, эксперттер менен жолугуп сүйлөшүүдөн кийин келген.
Т.Сариевдин белгилешинче, Ынтымак курултайына бийлик менен көз караштары кайчы келген саясий партиялар менен саясий күчтөрдү чакырып, алардын ойлорун дагы угалык десе жөндүү болмок.
- Экинчиден Ынтымак курултайынынын күн тартибинде кайсы маселелер каралат? Кайсы маселелер боюнча бири-бирибизди колдой алабыз же көз карашыбыз эки башка кетет деп айтышы керек эле. Тилекке каршы мындай сунуштар болгон жок. Президент өзү каалагандай квотаны бөлүп, өзүн колдой турган адамдарды чогултуп жатканы айкын болуп калды. Ошондуктан ушундай курултайга «Ак шумкар» партиясынын мүчөлөрү катышпайт жана колдой албайт деген чечим кабыл алдык.
Темир Сариев белгилегендей, «Ак шумкар» партиясынын саясий кеңеши 17-мартта БЭК уюштуруп жаткан Элдик курултайда карала турган маселелерди талкуулап чыгып, ага катышар-катышпастыгын март айынын башталышындагы саясий кеңештин отурумунда ачыктайт.
Ошентип Ынтымак курултайына бир катар саясий партиялар катышпастыгын ачыктан-ачык айтып чыгышса, «Ар-намыс», «Асаба», «Туран», Коммунисттер партиялары катышаар-катышпастыгын ачыктай элек.
Ал эми айрым саясий партиялар Ынтымак курултайына катышууга учурда даярдык көрүп жатышканын билдиришсе, ЭрК партиясы төрт талапкердин документтерин уюштуруу комитетине тапшырганын партиянын лидери Шайырбек Маматокторов маалымдады.
«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Замирбек Божонов болсо Ынтымак курултайына аталган партиянын облустук, шаардык бөлүмдөрүнөн тарапкерлер көрсөтүлөрүн айтып, оппозициялык партиялар дагы мындай бийик трибунадан пайдаланып калышса болмок деген пикирде.
- Бул Ынтымак курултайын оппозиция пайдаланышы керек. Мына оппозициялык партияларга орун беребиз деп атпайбы. Мына ошол бийик трибуна болуп калат да. Президент өзү катышат. Республиканын ар бир айыл, райондорунан адамдар келет. Чет өлкөдөн келишет. Анан ошол көпчүлүктүн астында оппозициялык көз караштагы партиялар өздөрүнүн пикирлерин айтса дагы болот. Оппозициялык партиялар Ынтымак курултайынан антип баш тартпастан пайдаланса жакшы болмок.
Айрым талдоочулардын баамында, Ынтымак курултайына делегаттар «Ак жол» партиясынан баасымдуулук кылып, аты-бар заты жок айрым партиялардан бирден-экиден делегат шайлап, көп партиялуулукка шарт түзүлдү деп айтканга ыңгайлуу болот.
Саясат таануучу Марат Казакбаев болсо оппозициялык партиялар мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун 8 жылга кесилиши, Петровка, Былыкчыдагы сот, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн жүрүп жаткан соттук жараяны, отун-сууга тарифтердин кымбаттаганына байланыштуу Ынтымак курултайына катышуудан баш тартышты деген көз карашта.
- Чындыгында бийлик оппозицияга басым жасап жатат. Анан коом жактан деле, жөнөкөй элдер деле бийлик өткөрүп жаткан Ынтымак курултайга көп ишенбей жатат. Себеби биз мурда Аскар Акаевдин учурунда деле көргөнбүз да мындайды. Мына азыр деле «дүжүр аксакалдар» эле болуп жатат. Курултайдын катышуучулары президент эмнени айтса деле колдоп берет.
Саясат таануучу Ынтымак курултайы элдин эмес, бийликтин максатын ишке ашырып алуу коркунучу бар экенин айтып, ушул өңүттөн алганда саясий партиялар бийликтин чакырыгынан баш тартышы мүмкүн деген пикирин билдирди.
Ал эми БЭКтин курамындагы «Ата Мекен», СДП, «Жашылдар», «Улуу Биримдик» партиялары болсо Ынтымак курултайы президент Курманбек Бакиевдин Конституцияга каршы жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин легитимдештирүү жана элдин пикирин анын пайдасына буруу үчүн багытталган пропагандалык, агитациялык ыкма катары баалап, бийликтин курултайына катышуудан баш тартышкан.
Мындан он күн мурда Ынтымак курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети өлкөдөгү бардык саясий партиялар, анын ичинде оппозициялык партияларга, коомдук бирикмелерге, жарандык коомго Ынтымак Курултайына президенттин квотасы боюнча катышуу үчүн татыктуу талапкерлерди активдүү көрсөткүлө деген чакырык менен кайрылган болчу.