Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Бишкекте Үрүмчү окуясынын курмандыктары эскерилди


Жыйындын катышуучулары ушундай ураан-чакырыктарды көтөрүп турушту.
Жыйындын катышуучулары ушундай ураан-чакырыктарды көтөрүп турушту.

Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” коомдук бирикмеси ушул жылдын 5-июлундагы Үрүмчү окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасын өткөрдү.

Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” коомдук бирикмеси тарабынан Кытайдын Үрүмчүдөгү уйгурлар менен кытайлардын кагылышуусунда каза болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрүү демилгеси бийлик тарабынан улам кийинки мөөнөткө жылдырылып, президенттик шайлоодон кийин өткөрүлсүн деген сунуштар болгон.

Өлкөдөгү уйгурлардын “Иттипак” уюмунун төрагасы Дилмурат Акбаровдун айтымында, мындай иш-чараны “Сейтек” борборунда өткөрүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бербегендиктен алар Бишкектин Аламүдүн кичи районунда жайгашкан “Беседка” кафесинде өткөрүштү.

Эскерүү митингине келген уйгурлар кафеге жык толуп, беш жүздөй адам сыртта калышты. Ошондой эле ондогон милиция кызматкерлери сырттан аларды акмалап турушту.

Жыйын учурунда “СУАРда негизсиз камалгандарга боштондук”, “Кытай мамлекетинин уйгур элине карата террорчулугу токтотулсун!”, “Үрүмчүдөгү тынчтык митингине катышуучуларына болгон куугунтуктар токтотулсун!” , “Уйгурларга азаттык, эркиндик” деген сыяктуу ураан-чакырыктар көтөрүлүп, бир добуштан айтылып да турду.


Кыргызстандагы уйгурлар уюмунун мүчөлөрү Үрүмчүдөгү окуя акыйкат иликтенип, күнөөкөрлөрдү эл аралык сот жообуна тартууга, камакта жаткан жүздөгөн уйгурларды бошотууга жардам берүүгө дүйнөлүк коомчулукту үндөдү.

Иш-чарага катышкан Казакстандагы уйгур жаштар уюмунун төрагасы Абдрашит Турдиев АКШ, Жапония, Австралия, Түркия жана башка мамлекеттердеги айрым укук коргоочулар Кытайда камакта жаткан уйгурларды бошотуу талаптарын коюп жатканын билдирди.

Кыргызстан элдери ассамблеясынын башкы катчысы Светлана Пак чогулгандарды ачууга алдырбай, сабырдуу болууга чакырып, уйгур калкына кайрат айтты.

- Ар бир айтылган сөзгө маани берип, элдердин ортосундагы мамилелерге доо кетирип албайлы. Ошондуктан ар бир сөздү терең ойлонуп айтып, жыйынтык чыгаралы. Кыргызстан элдери сиздердин улутташтардын кайгысын тең бөлүшөт.


Эскерүү иш-чарасына катышкан акыйкатчы Турсунбек Акун да сөз сүйлөп, мындай митинг өткөрүү тууралуу жергиликтүү бийликке эскертип, мыйзам чегинде уруксат алуу керектигин айтуу менен ар бир жаран өз пикирин билдирүүгө укуктуу экендигин да кошумчалады.

Буга чейин “Иттипак” уюму Үрүмчүдөгү уйгурлардын укуктарынын тебеленип жатканына жана камакка алынып жатышына тынчсызданып Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысына, өлкө президенти Курманбек Бакиевге жана Кыргызстандагы Кытай элчисине кайрылуу жолдогон.

Бир саатка чукул эскерүү иш-чарасы Үрүмчүдөгү окуяда каза болгон уйгур калкынын өкүлдөрүнө куран окуп, бата кылуу менен соңуна чыкты.

Укук коргоочу Турсун Ислам эскерүү иш-чарасын милиция кызматкерлери токтотууну талап кылгандыктан айрым инсандар өз пикирлери билдирбей калганын жана өзүн ички иштер бөлүмүнө алып кетүүгө аракет кылышканын “Азаттыкка” айтып берди.

Ошондой эле иш чаранын соңунда “Иттипак” уюмунун төрагасы Дилмурат Акбаровду шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кетишип, бир сааттан кийин акыйкатчы Турсунбек Акундун кийлигишүүсү менен бошотулду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, өлкөдөгү уйгурлардын “Иттипак” уюму жергиликтүү бийликтин уруксатысыз эскерүү иш-чарасын уюштурган.

- Ошондуктан милиция кызматкерлери уюм жетекчиси Дилмурат Акбаровду кармап, эскертүү менен бошотушкан.

Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 5-июлунда Үрүмчү шаарындагы уйгур-кытай кагылышусунда эки жүзгө жакын адам каза таап, миңге чукул адам жаракат алган, миңден ашуун уйгур камакка алынган. Мындай маалыматтар так эместигин, кытай бийлигин фактыларды жаап-жашырып жатышканын “Иттипак” уюмунун төргасы Дилмурат Акбаров “Азаттыкка” билдирди.

Ошондой эле кыргызстандык айрым уйгурларга Кытай элчилиги виза бербей, соода-сатыктары токтоп, карым-катнаш үзүлүп, Үрүмчүдөгү туугандары менен байланыша албай калганын атасынын ысымын айтуудан баш таркан Арзыгүл айым кошумчалады.

Маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө 30 миллиондон ашуун уйгур бар экени божомолдонуп жүрөт.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG