Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Ж. Касаболотов: Апрель окуясы сабак болушу керек


Жыргалбек Касаболотов
Жыргалбек Касаболотов

Бүгүн апрель окуялары боюнча сот жараяны башталат. Бул теманын айланасында "Азаттык" талдоочу Жыргалбек Касаболотовду кепке тартты.

“Азаттык”: Кыргызстандын тарыхында калчу эң ири сот жараяны болгон жатат. Миңден ашуун адамдын катышуусунда, шаардагы Спорт сарайын камдап сот процессин өткөрүү канчалык жүйөлүү?

Ж. Касаболотов: Бул жерде коопсуздук маселеси бир аз суроо жаратып жатат. Анткени ал жерде каны кызуу адамдар болушу мүмкүн. Процессти атайын бузууга келген адамдар да болушу мүмкүн. Мен башка бир нерсени сунуш кылат элем. Сот процесси ачык болсун, бирок ал өткөн жер өзү жашыруун сакталып, процессти түз эфирде алып көрсөтүп жатса, ошондо улуттук телеканал аркылуу элге жетмек.

Экинчиден, сот бүткөндөн кийин сот жазасын аткаруу Кыргызстан менен эле чектелбеш керек, башкача айтканда качып жүргөндөрдү турган жеринде кармап ошол жерде жазага тарткыдай, же болбосо бул жакка алып келиш керек.

“Азаттык”: Жабырлануучулар, күбөлөрдүн өзү эле 500дөн ашат экен, көп сандаган адамдарды батыруу үчүн Спорт сарайынан башка кайсы жай коопсуз болмок?

Ж. Касаболотов: Коопсуздук жагын мамлекет ойлонушу керек. Анткени ал мамлекеттин милдети. Негизи бул көпкө чейин созула турган процесс. Коопсуздукту сактоо үчүн балким сот залдарын алмаштырып туруш керекпи, айтор коопсуздук жагы көптөгөн маселелерди жаратышы мүмкүн.

“Азаттык”: Бул сот жараянына башкы күнөөкөрлөр катышпайт. Ушундан улам айрым серепчилер сот процесси саясий оюнга, шоуга айланып кетет деп айтып жатат. Бул тууралуу оюңуз кандай?

Ж. Касаболотов: Бул сот процесси ачык болуш керек жана элдин эсинде калгыдай болушу керек. Анткени мунун чындап эле саясий мааниси бар. 7-апрелдеги окуялар жөндөн жөн эле келип чыккан жок жана бул Нюрнберг процесси сыяктуу резонанс ала турган болууга тийиш. Андан сырткары жалаң эле муну менен токтоп калбай Люстрация мыйзамы сыяктуу катаал-катаал чараларды көрүп, мындай нерселерге бара турган же баргысы келген адамдарга эси-көөнүнөн кеткис сабак болушу керек. Мындай мамлекет азыр жасай алабы, же жокпу, билбейм.

“Азаттык”: Ушул сот жараяны 7-апрелде жакындарын жоготкондордун көкшүнүн биротоло суутуп, чекит кое алабы? Маселен, Аксы окуясы жылда эле көтөрүлүп айыкпаган жарадай болуп ырбап турат.

Ж. Касаболотов: Аксы окуясы боюнча дагы ушундай эле сот процесси болушу керек. Ага чекит коюлушу керек жана жердин түбүнө кирип кетсе да бул окуялардын башкы күнөөкөрлөрү алып келинип, жазага тартылышы керек. Мисалы, Израилдин атайын кызматтары ошондой күнөөкөрлөрдү кайсы мамлекетте болбосун түздөн-түз жазалап туруп өз элине отчет берет.

“Азаттык”: Апрель окуялары боюнча сот жараяны андан күткөндөрдүн үмүтүн актай алабы?

Ж. Касаболотов: Эгерде мен айткандай, сөзсүз түрдө күнөөкөрлөр жазаланып, бул тууралуу элге ачык маалымат бериле турган болсо анда көкшүн суута алат. Эгерде андай болбосо эч качан бул проблемага чекит коюлбайт. Ошон үчүн алар жазасын сөзсүз түрдө алышы керек.

“Азаттык”: Азыркы бийлик өкүлдөрү ошол башкы күнөөкөрлөрдү кармап, Кыргызстанга алып келүү үчүн ошол адамдар жүргөн мамлекеттер кызматташууга барбай жатканын айтып жатышат. Бул учурда кандай чара зарыл?

Ж. Касаболотов: Эгерде кызматташпаса бул жактан өкүм чыгарып туруп, ошол жактан жазалаш керек. Ал атайын кызматтардын иши.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG