Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Жаңы конуштарды жарыксыз кыш күтөбү?


Бишкектин четиндеги Ак-Жар конушу
Бишкектин четиндеги Ак-Жар конушу

Кыш жакындап келе жатканы менен Бишкектин чет жакасындагы айрым конуштарда даярдык жокко эсе. Кээ бир тургундардын кыш үчүн көмүр алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, айрымдары кышты электр жарыгысыз тосуу коркунучунда.

Каржынын жетишсиздигинен улам конуштарга электр зымдарын тартып, суу менен камсыз кылуу аракеттери токтоп турат.

Ак-Жар конушунда жаңы үй салып жаткандар көп

Алар үйдүн дубалдарын тургузуп бүтүп, кыштын кычыраган суугуна чейин чатырды жаап, баш калкалап, кирип алууга аракеттенип жаткан кездери. Аталган конуштун тургуну Сагын шаарга салыштырмалуу конуштарда катуу кыш болоорун айтып, ага чейин үйдү эрте бүткөрүүгө жан уруп жатат:

- Кудай буйруса бир айдын ичинде бүтөлү деп жатабыз. Жылуулук жагы меш менен чечилет. Үч бөлмөлүү үйдүн меш менен эки бөлмөсү жылыйт. Саман кошулуп жасалган үй кирпичке караганда жылуу болот.

"Азаттык": Жаңы конуштарда кыштан кантип чыгасыңар?

- Кышкысын абдан эле кыйын болот. Биринчиден, азыр суу жок. Сууну ташып ичебиз. Экинчиден, бул жак шаарга караганда суук болот. Көмүрдү деле көп албайбыз. Кыш келгенде мүшөктөп сатып алып турабыз.

Конушта кынаптап мыкты салынган үйлөр менен катар, баш калкалоого боло тургандай туш келди салынган үйлөр да көп. Тургундарды кыштын каарынан мештер сактап калат. Бир катар үйлөрдүн дубалдарында кышында жагыла турган мештердин мору үчүн даярдалган тешиктерди көрүүгө болот.

Ак-Жар конушунда кеминде 3500гө жакын түтүн болсо, алардын дээрлигинде электр жарыгы жок, зымдар тартыла элек. Колунда бар тургундар атайын генераторлорду жагып, кечкисин 2-3 саат жарык алдында отурушса, көпчүлүгү жай-кыш дебей чырак менен түн өткөрүп келишет. Тургундар жарыксыз кыш жакындаганына сарсанаа болуп, таза суу маселеси жүрөк өйүтүп жатканын да баяндашат. Жакын жерде жок болгондуктан Ак-Жар конушунда жашагандар коңшу конуштан суу алып келишет. Айрым тургундар кыш келгенде таза сууга жетүү кыйын болуп, суу акчага да сатылып калат дешет.

Кыштын кычыраган суугунда көмүр менен отунга бардык эле үй-бүлө жете бербейт. Мындан улам ар кайсы жактан чогултулган кагаз кутучулары жана мүшөктөр менен кыштан чыккан үй-бүлөлөр бар. Ак-Бата конушунун тургуну Батма Баймуратова белгилегендей, кагаз кутуларды кыш киргенге чейин базардан бекер чогултуп алса болот. Кыш киргенде алар да сатыкка чыгат:

- Коробка жагабыз. Мүшөк жагабыз. Көмүр болсо көмүр жагабыз. Кышкысын аябай эле суук болот.

"Азаттык": Коробканы кайдан аласыздар?

- "Дордойдон" терип алабыз. Кээ бирлери сатышат. Аны сатып алабыз. Көмүрдү саткан маалда алабыз. Эгер кымбат болуп калса албай коюп, коробка менен чыга беребиз. Коробканын деле күчү жетпейт. Көбүрөөк жаксаң кичине тамак бышырып, чай кайнатасың. Анан үшүп жатып аласың. Чын эле төшөктүн ичине киргенден кийин жатып аласың да.


Жаңы конуштарда бир үй-бүлө үчүн кыштын суугунда жылынуу үчүн бир үйгө кеминде төрт тоннага жакын көмүр талап кылынат. Көмүрдүн тоннасын 3000-3500дөн сатып алышат. Бирок жергиликтүү тургундардын бардыгынын эле тонналап көмүр алууга мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен көмүрдүн бир мүшөгүн 250-300 сомдун тегерегинде алып келишет. Жыгач отундун мүшөгү кеминде жүз сомдон ашат. Мындан сырткары күнүмдүк турмуш үчүн газ колдонуп турушат.

Электр кубаты көздөн учат

Ак-Жар конушундагылардын кышка чейин электр зымдары тартылса дегенде көздөрү төрт. Бир катар тургундар суусу мол деген өлкөдө жашап жатып, электр жарыгысыз отургандыктарына, аларга жардам көрсөтүлбөгөнүнө нааразычылыктарын билдиришти. Аталган конуштун координаторунун жардамчысы Сүйөрбек Беялиев билдиргендей, тургундар беш жылдан бери электр жарыгысыз жашап келишет жана аймакта жарыксыз кыштын түндөрү адатка айланып баратат:

- Азыр бизге эч жардам жок. Беш жылдан бери чечим чыга элек. Азыркыга чейин суу жок, жарык жок. Кыскасы бизди эч ким караган жок. Эл көнүп калды. Беш жыл эмес, беш күн жарык өчүп калса жаман болушат го. Башкасына ыраазыбыз. Жарык кышында күйүп берсе эле болду.

Бишкек шаарынын тегерегинде кеминде элүүгө жакын жаңы конуш бар. Конуштардагылардын ар кимиси өз күчү менен кышка камданууда. Электр зымдары тартыла элек конуш тургундары болсо бийликке үмүт артып келишет.

Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук жана мамлекеттик курулуш башкармалыгынын жетекчиси Ахан Бакаев билдиргендей, учурда жаңы конуштардын электр жарыгы, суу менен камсыз кылуу иштери токтоп турат. Буга каржынын жетишсиздиги негизги себеп болууда:

- Азыркы учурда көбүнчө эле жумуштар токтоп калды. Акча жоктугунан. Каржылоо азыраак болуп жатат. Өткөн жылдын карыздарын дале жаба элекпиз.

Электр жарыгы жеткен конуштарда бул жылы суу сактагычта суунун көптүгүн билдиришип, электр энергиясы менен үйүн жылытып, кыштан чыгууну көздөгөндөр аз эмес. Ошол эле учурда кээ бир конуштагылар жылынмак турсун, электр жарыгына зар болуп, кышкы түндү жарыксыз, чырак менен өткөргөнү турушат.
XS
SM
MD
LG