Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Конституциялык Сот: бир маселе, эки бүтүм


Конституциялык Сот президенттик шайлоону таанып, Курманбек Бакиевди мыйзамдуу президент деп жарыялады. Депутаттын кайрылуусу кароосуз калды.

23-июлдагы президенттик шайлоонун мыйзамга шайкештигин аныктап берүү боюнча Конституциялык Сотко эки сунуш түшкөн. Алардын бири Борбордук Шайлоо комиссиясына, экинчиси президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы, Жогорку Кенештин депутаты, СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимовго таандык.

Конституциялык Сот Бакыт Бешимовдун кайрылуусун караган жок. Анын себебин депутат "Азаттыкка" өзү төмөнкүдөй түшүндүрдү:


- Карабады. Алардын түшүндүргөндөрүнө караганда менин депутат катары ушундай маселе менен кайрылганга укугум жок экен.

БШКнын сунушун Конституциялык Соттун мүчөлөрү толук курамында карап, 23-июлдагы президенттик шайлоону жана анда президент Курманбек Бакиев кайра шайлангандыгын тастыктады. Чечимди Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова журналисттердин катышуусунда жарыялады:

- Конституциялык Сот 2009-жылдын 23-июлунда өткөн президенттик шайлоону таануу, 2009-жылдын 23-июлундагы президенттиу шайлоонун жыйынтыктарын, Бакиев Курманбек Салиевичтин президент болуп шайлангандыгы тууралуу БШКнын 2009-жылдын 27-июлундагы токтомун бышыктоо тууралуу бүтум чыгарды.

БШКнын тыянагы боюнча Конституциялык Сот тааныган президент Курманбек Бакиев үчүн добуш берген шайлоочулардын саны 76,43% болгон. Конституциялык Сот шайлоо учурунда катталган арыз даттануулар, соттук териштирүүлөр, алардын негизинде беш шайлоо участогундагы добуштардын жокко чыгарылышы жалпы шайлоого таасир этпейт деп эсептеди.

Буга чейин Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык Институттар, Адам Укуктары Бюросунун миссиясы президенттик шайлоо ЕККУ стандарттарына төп өткөн жок деген тыянак чыгарган. Ушундай эле тыянакка жергиликтүү укук коргоочулардын “Менин шайлоомдун мезгили” биримдиги да келген. Алар одоно мыйзам бузуулардын катарына таңгактап добуш берүү, “карусель” деген ат менен белгилүү айлантып добуш берүү өңдүү фактыларды келтиришкен.

Ал эми президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев жана анын СДП партиясы курамына кирген Бириккен элдик кыймыл президенттик шайлоону тааныбай тургандыгын шайлоо бүтө электе эле жарыялашкан. Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимовдун айтымында:

- Шайлоо болгон жок, уурдоо болду, алдоо болду. Ошондуктан, принципиалдуу кандайдыр бир негиздерди айтканга эч кажет жок. Шайлоо болгон жок.

Бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шайлоочуларды болуп көрбөгөндөй алдады, кысым көрсөттү, демократиялык баалуулуктарды тебелеп-тепсеп жатат деп оппозиция бийликти кескин айыптоодо.

Оппозициянын массалык акциялар аркылуу өз нааразылыктарын билдирүү аракеттери акыркы күндөрү айрыкча кескин тоскоолдуктарга кабылды. 29-июлда нааразылык акциясына катышуу үчүн көчөгө чыккандар Бишкек шаарынын ар тарабынан кармалып, камакка алынып, жетимишке жакыны сот жообуна тартылышты. Ушундай эле кескин чаралар көрүлөөрүнөн чочуган оппозиция 30-июлга болжогон Балыкчыга жөө жүрүш жасабай калды. Оппозиция шайлоого байланыштуу 23-июлда чыккан Балыкчы жаңжалында кармалып, оор кылмыш жасады деген айып менен камакта отурган 13 кишиге моралдык колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшкө чыгууну мурунку күнү чечкен. ЖККУ президенттеринин Чолпон-Ата саммити босогодо турганда оппозицияны аяганга убакыт жогун Башкы прокуратура кыйыткандан кийин оппозиция жөө жүрүш чечиминен кайтты. Муну өз тарапкерлерин милиция токмогуна бейкүнөө салып бергиси келбегендиги менен негиздеди.


Ушул эле күнү Конституциялык Соттун чечиминин негизинде БШК Курманбек Бакиевди кайра шайланган президент деп каттады. Айрым болжолдуу маалыматтарга караганда ЖККУ саммитине удаа эле 2-августта кайра шайланган президенттин ишке киришүү салтанаты – инагурациясы болот деп күтүлүүдө. Ал эми 1-августта Ысык-Көлдө Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттери кайра шайланган президент Курманбек Бакиевди 60 жашка чыгышы менен куттуктамакчы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG