Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Атамбаевдин көрнөктөрүн айрыган балдарга 5 сом сыйлык


БЭКтин Ысык-Көл облусундагы штабынын маалыматына караганда оппозициянын бирдиктүү талапкери А.Атамбаевдин үгүт көрнөктөрү жок кылынууда. “Бириксек колдон келет” деген чакырыкты айрып келген мектеп окуучуларына 5 сом акы төлөнүп атат. Мындай ишти кварталдык комитеттер менен айыл башчылары жана акжолчулар тымызын жүргүзгөнү айтылууда. Бирок бийлик менен шайлоо комиссиялары бул дооматтарды четке какты.

Президенттик шайлоо жакындаган сайын Ысык-Көлдөгү үгүт иши күчөп, талапкерлерлердин штабдары менен ишенимдүү адамдарында атаандаштык күч алды. Айрыкча БЭКтен президенттикке сунушталган Атамбаев менен “Ак Жол” партиясынан көрсөтүлгөн К.Бакиевдин тарапташтарынын тирешүүсү кызып баратат.

Каракол шаарынын жана ага канаатташ жайгашкан аймактарда "акжолчулар" Атамбаевдин сүрөттөрүн, жарыяларын окуучуларга айрытып атканы жөнүндө кеп тарады. Чынында эле Каракол шаарынын көчөлөрүнөн колуна плакат бүктөгөн балдарды көрүп, жанына барсак качып жөнөдү эле, биз да акча берип сөзгө тарттык.

Кабарчы: - Атыңар ким? Колуңардагы плакаттарды ачып көрсөтүп, эмнеге каяктан алдыңар, айтып бергилечи?

Балдар: - Жанара, Элдос. Мен 4-класста, мен 3-класска көчтүм. Тияктагы клубдун жанынан айрып алдык. “Бириксек колдон келет” деген момундай плакат. 5 сомдон өткөрөбүз

Жанара: - Жок, Атамбаев, же “Бириксек колдон келет” дегенди эле болчу. Элдос болсо баарын айрып кете бериптир, кээ бирөөнө акча бербей койду.

Кабарчы: - Кайсыга көрсөтчү?

Элдос: - Мобуга - Бакиев дегенге бир да акча бербейт экен. Мен адашып айрый бериптирмин.

БЭКтин облустагы штаб башчысы М.Асаналиевдин иликтегени боюнча балдарды жана жаштарды Атамабаевге каршы иштетип аткан кварталдык комитеттер, жана айыл башчылары болуп чыккан.

- Алар айтып атат: "Туура түшүнгүлө, биз жумушубузду жоготуп алгыбыз келбейт", деп. Демек бийлик артында кысым кылып атат да. Плакат айрыган балдарды да күнөөлөй албайбыз, алар эмне кылып атканын билбейт да . Плакат жулуп келсең 5 сом берем деп балдардын баелугун пайдаланган уят да.

Азаттык: - Эмне үчүн тергөө органдары менен тийешелүү жетекчилерге кайрылган жоксуңар?

Асаналиев: - Кайрылган менен майнап болбойт, текшерип атабыз, андай болбойт деп убада гана берет да.

БЭКтин облустагы штаб башчысы М.Асаналиев административдик ресурс өлкө башчысы Бакиевди кайра президентикке шайлоо үчүн миң түркүн амалдар менен иштеп атканын баса белгиледи. Мисалы шайлоо комиссияларынын, байкоочулардын курамынан оппозициялык партиялардын өкүлдөрүн баш тарттырууга катуу аракеттер болду. Жергиликтүү бийликте иштегендер ачык эле Атамбаевге каршы элди үгүттөштү.

Мисалы, Ак-Суу райондук аппарат башчысы Гүльнара Ирсалиева, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы З.Үчкурткаев менен орун басары Алмабек Нургазиев Атамбаев эл менен жолугушууга келгенде топту жарып, сөздү бөлүп чыккан.

БЭКтин бирдиктүү талапкеринин ишенимдүү адамдарын, үгүт ишиндегилерди айыл өкмөттөрү коркуткандар көп. Жети Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов менен айыл депутаты Бунебаева тарабынан Кабак айылынан Кызаева, Колеева, Абдраимова кысымга алынган. Клара Кызаеванын үйүн милиция Ынтымак Абдраимов баңги зат издеп тинтүүгө алган. Бул окуяга айыл өкмөт башчысы тийешеси жок экенин билдирди:

- Мен ал кыздарды тааныйм, бирок кезиккен да эмесмин, эч нерсе деп да сүйлөшкөн эмесмин,-деди “Атамбаевге иштөөдөн баш тартпасаңар корооңо нашаа таштап кетишет” деген сөздү айтпаганын билдирген Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Суйлайманов.

БЭКтин шайлоочулары талапкерлерге болгон шарт, шайлоочулардын тизмеси боюнча райшайком шайлоо кодексинин бир топ беренелерин бузганы үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Бирок РШК ага негиз жок дейт.

Жети-Өгүз райондук шайлоо комиссиясынын катчысы Алмагүл Касымалиева үгүт ишинде эч кандай мыйзам бузууга жол берилген жок деп бир да кемчиликти жакын жуутпады.

XS
SM
MD
LG