Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Жылды курултайлар менен жыйындар жыйынтыктайбы?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы жакында өтө турган Элдик курултай жана Революциялык кыймылдын, Т. Бакир уулу менен Н. Мотуев башында турган мусулмандар союзунун алдыда болуучу жыйындары тууралуу жазып чыгышты.

“Асман преss” гезитине кеп салган “ЭрК” партиясынын жолбашчысы Турсунбай Бакир уулу жакында мусулмандар союзун түзгөнүн, ага Нурлан Мотуев экөө тең төрага болгонун, аз убакыттын ичинде эле бул союзга 30 миң киши мүчөлүккө өткөнүн, алгачкы сапар Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенден башталганын, эми 16-декабрда Нарын стадионунда, 17-декабрда Каракол стадионунда, 20-декабрда Оштун борбордук стадионунда, 25-декабрда Кызыл-Кыя шаарында, 27-декабрда Жалал-Абад шаарынын ат майданында, аягында Бишкекте жыйын өткөрөрүн жар салды.

Ушул эле гезит экс-президенттин жубайы Майрам Акаева менен өткөн сандагы маектешүүсүнүн уландысын жарыялады. Майрам Акаева өз сөзүндө Чолпон Баекова, Ишенгүл Болжурова ж.б. биртоп айымдар ал жөнүндө ушак таратып жүрөт деп угуп атканын, ушундайлардын бири Чолпон Баекованы Аскар Акаев убагында бийликке мингизип, асманга көкөлөткөнүн белгилеп, “... бир ирет Ишенгүл Болжурова айымдын ким экенин, жан дүйнөсү жарды экенин айттым эле, ошондо ал “апчешка” деп кечирим сураганы эсиңердедир. Аны өзү унутуп калса да көпчүлүк унута элек” деп айтканын, ж.б. өткөн-кеткендери, талашка түшүп турган “1-президенттин китепканасы” жана “Мээрим” фонду жөнүндө сөз кылган.

“Учур” гезити бул санын “Энергетика башына “паракор” Давыдов келди” деген чакан макала менен ачты. “24 kg” маалымат агенттигине шилтеме кылган гезит, Давыдовдун туура эмес жасаган иштерин кезинде шаардык ички иштер башкармалыгы таап чыкканда 10 миң доллар пара берем деп кармалганын окурмандардын эсине салган. Ошону менен бирге эле аталган тармакты анын келиши деле эч кандай өзгөртө албайт деп эксперттер айтып жатканын, анткени энергетика тармагын чынжырланган коррупцияга чырмап алып, суунун коңшу өлкөлөргө сатылып жатканын баяндаган. Гезиттин дагы бир бетинде кабарчынын суроолоруна саясатчы Аликбек Жекшенкулов жооп берет. Кабарчынын “Күч органдары сиздин уулуңузду кылмыштуу ишке күбө катары тартамкчыбыз деп камакка алмакчы болгондо аны Маскөөгө качырдыңыз. Аныгын өз оозуңуздан уксак” дегенине “Баары бүтүп, эми баламды Ошто атылган журналист Саиповго тиешеси бар деп каматабыз дешти. Балама асылгандары уят эле иш. Бизди тымызын колдогондор күч органдарында оголе көп. Биз билебиз, бул заказдын артында ким турганын. Бул эң жогорку жакта тургандардын үй-бүлөсүнүн эрке-талтаңы экени анык. Мындай ыпластыкка Сталин убагында да жол берилген эмес. Бийлик бир нерсени түшүнгөн жок. Мындай кадамдары менен элди иренжитип, өздөрүнун бийликтеги өмүрүн кыскартышууда. Мен бул бийлик менен күрөшөм деп чечкем. Бийлик бүгүн өзүнө-өзү душман болуп, кайда урунарын билбей калды. Ошон үчүн, биз бул бийликти, анын системасын алмаштырабыз” деп айтты.

“Аалам” гезитинин суроолоруна жооп берген Нурлан Мотуев түштүктөгү жолугушууларга баш-аягы 80 миңден ашуун адам катышканын белгиледи. Жыйындын негизги урааны Бакиев өз мөөнөтүнүн аягына чейин турсун, бирок тегерегиндегилерден тазалансын деген болгон. Мотуевдин айтымында, эл Текебаев, Кулов, Атамбаев келсе кийирмек эмеспиз, бирок силерди сыйлайбыз деп айтышты дейт. Түштүк айылдарында да жарык өчүп жатат. Көмүрдүн тоннасы Кызыл-Кыяда- 7 жарым миң сом болсо, Ноокатта 6 жарым миң сом. Мотуевдин билдиргенине караганда, элдин көмүр алганга кудрети жок. Гезит муну менен бирге эле министрлик кызматтан алынган С. Балкыбеков бир күн бош олтуруп, эртеси эле “Электрстанциялар” тармагына башкы деректир болуп дайындалганына таң калып, “реформа ушулбу?” деп суроо койду. Ошондой эле кечээ Чүй облусунун Шамшы айылындагы 212 окуучу мектеп сатылып кеткенин “Коррупцияга белчебизден баттык. Мектеп сатылды” деген макаласында кабарлады. Окурмандар мындан сырткары ЖК депутаттары Б. Бешимов, И. Өмүркуловдун бийлик жөнүндө ойлору, Т. Бакир уулу менен Н. Мотуевдин түштүктү түрө кыдырып келип айтып бергендери, УТРКдагы чырдын кайрадан башталганы тууралуу маалыматтар менен тааныша алышат.

“Жаңырык апта” гезити аркылуу айткан сөздөрүнун биринде Т. Бакир уулу, Бакиев түштүктөн, түштүк Бакиевди колдойт деген бекер деп билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн түштүк эли ажо алдамчы экенин билип, убадаларына тоюп бүткөн. Эл турмушу абдан оор. Бир дагы маселе парасыз чечилбейт. Көмүр кымбат, анысы аз келгенсип аны да чет өлкөлүктөр казып жатат. Сузак менен Кадамжай аймагы суунун үстүндө туруп сууга жетпейт. Каракөл шаарындагы жолугушууда Токтогул ГЭСинде иштеген жигиттер суунун өзбектерге, электр энергиянын казактарга кантип сатылганын айтып беришкен. Бийликтин кургакчылыкка шылтаганы калп экен. Көрсө кургакчылык таасир этпей эле бийликтегилер өздөрү сатып ийиптир. Гезит ошондой эле “Жаңы Кыргызстан” партиясы жана анын жолбашчыларынын бири Исмаил Исаковдун акыркы кездеги саясый кадамдары тууралуу кеп кылды. Мамлекет башчысы Бакиев “Түндүкэлектрого” кошуп Бишкек ТЭЦин, Бишкек жылуулук тармагын сатканы жатканын И. Исаков билбей, көрбөй турабы же өкмөт кетсин деп билдирүү жасаган ушул партиянын башчылары өздөрү бийликке келсе эле Бакиевдин сатам дегенин токтотуп калабы, буга ишенүү кыйын, президент Германияда жатканда бакылдаган “Жаңы Кыргызстан” Бакиев кайтып келгенден кийин эмне үчүн үн чыгарбай калды, сыягы Акүй менен соодалашуу жүрүп жатабы, белгисиз... деп жазды.

“Лица” гезити Кыргызстандан Болгарияга чын-төгүнүн аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүлгөн Кытай унунан меламин эле чыкпастан андан да зыяндуу цианур кислостасы чыкканын “24 kg” маалымат агенттигине шилтеме кылып маалымдады. Гезит мындан тышкары энергетика тармагындагы кадрдык жүрүшкө байланыштуу саясат иликтөөчү Валентин Богатыревдин ойлоруна орун берди. Байкоочунун айтымында, энергетика тармагына иш билги, чыныгы чарбакер жетекчи эми келди. Бирок Токтогул ГЭСиндеги проблемалар элди көп жылдарга чейин кыйнайт. Эмдиги жылы суу жок болот. Ал тургай Өзбекстандын ирригациялык системасы суу тартыштыгын тартышы мүмкүн. Демек анын кесепеттерин алдын ала айтуу да кыйын дейт эксперт В. Богатырев.

XS
SM
MD
LG