Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:33

Маселе маалыматтабы?


Бүгүн жарык көргөн гезиттер мурдагыдай эле саясый-социалдык, экономикалык маселелер жөнүндө жазып чыгышты.

“Жаңырык апта” гезити Баткендин тургуну Абдумажит Мадумаров менен маектешип, алгачкы эле суроосун: “Түштүк эли президентти катуу колдойт деп келишет. Бирок барсаң нааразы. Сиз да баткендик катары айтсаңыз, элдин маанайы кандай?” деген суроого ал, “Баткенде да бийликти жактагандар, жек көргөндөр бар. Колдогондор кызматы барлар, анын урук-туугандары. Ал эми бийликке эл нааразы” деп айтты. “Эмнеге нааразы?” деп сурайт андан ары кабарчы. Буга А. Мадумаров зордук-зомбулук токтобогонун, анклавдар баткендиктердин тирүүлөй тозогуна айланганын, көмүрдүн 1 тоннасы 6 миң сомго жеткенин, Ак үйдөн баргандарга дүжүрлөрдү сүйлөтө берип эл билип бүткөнүн айтып жооп берди. “Революциялык кыймылдын талаптарын колдогондон коркпойсузбу?” деген суроого Абдумажит:”Коркпойм. Мен Алла Тааладан гана корком. Тескерисинче андан бийликтегилер коркот. Анткени алар ууру. Кыргызда “уурунун көчүгү кууш” деп коет. Ооба, Бакиев тейит уруусунан. Баткендиктердин көбү тейит, бирок ислам динин катуу туткан эл. Ошондуктан адилетсиз бийлик жүргүзгөн паашаны бир тууган болсо да колдгондон коркот. Ичкиликтер колдойт деген суу кечпейт. Болгону так маалымат жетпей турат. Президенттин кылып аткан иштери тууралуу Бишкектегидей так маалымат жетсе эл түкүрөт. Маалымат эле жетсе тарс жарылат” деди.

Гезит мындан тышкары “Оппозиция: эки жыйындын сабактары, эки көз караш” деген ат менен белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин макаласын, Ревкомдун төрагасы Азимбек Бекназаров кол койгон Революциялык кыймылдын билдирүүсүн да басты. Билдирүүнүн аягында: “Урматтуу Курманбек Салиевич,... ал эми уулдарыңыз, инилериңиздин жоруктары жөнүндө биз айтпай эле коелу. 2005-жылдын 25-мартында миңдеген эл Жогорку Кеңешти камап, ошол элдин алдына чыккан А. Бекназаров менен маркум Д. Садырбаевге “Азимбек, Бакиевди сен билбейсиң, Бакиев Акаевдан да өтөт. Бакиевди сыртка чыгар. Убадасын берсин. Үйбүлөмдү мамлекеттик ишке аралаштырбайм десин” деп кыйкырганда сизди көндүрүп, Ала Тоо аянтына ээрчитип келип, анан убада бергениңиз видеотасмага тартылып алынганын эсиңизге сала кетмекпиз. Кыскасы... сизди бийликке алып келген элди тезек тергенге буйурдуңуз. Тарыхта “тезекчи” президент катары каларыңыз белгилүү болуп калды. Сизге болгон ишенич бүттү” деп жазылган.

“Аалам” гезити баяндамачы Жолдошбек Зарлыкбековдун “Оппозиция”оорлугу”. Акүйдүн соккусу” деген макаласын басты. Саясат жана саясатчылар жөнүндө сөз кылган автор оппозиция бирикти дегенге негиз жоктугун, элдик курултайдын бийликке койгон 17 талабы келерки жылдын мартына дейре аткарылбай тургандыгын жазат. Анткени бүгүн президенттин бийлиги күчүндө. Үнү болсо – КТР. Эшимканов кетсе ордуна Тешимканов келет. Айырмасы жок. Акүй болсо Токтогулдагы суу 16 млрд. кубга жетмейин жарык өчүрүү боло берет, тезегиңерди тере бергиле деп койду. Раев баштаган маданият чарбасы канча той-тополоң уюштурбасын элдин курсагы курулдагандан курулдап барат. Бийликтин эл үчүн реформа жасайын деген ою жок. Келечек планы да жок. Анын ордуна амбициялуу адамдарды, айталы Адахан Мадумаров өңдүүлөрдү аркы жумуштан беркисине которуп, мен президент болом дегендерди куугунга алуу менен алек. Эмдиги жыл – уй жылы. Саясый сарайда ошол уйдун төрт эмчегин сороюн дегендер гана бар, а жем-чөбүн камдайын деген бир да кыргыз жок, тобо дейт автор.

“Асман преss” гезити кыргыз бийлигинин куугунунан улам ушу кезде Швецияда баш калкалап жүргөн саясатчы Эдил Байсалов менен маектешүүсүн окурмандарга сунуш кылды. Ушул эле санда “Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошеванын оорукчан балдарга берип келаткан жардамы тууралуу кенен баяндалат. Гезитте Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Мураталы Жумановдун интервьюсу да басылган. Муфтий аңгемесинде диний маселелер туурасында эмес, өткөн чагы, окуучулук курагы, ата-энеси жөнундө сөз кылган. Окучулук күндөрүнүн биринде ал мугалимдерине:

Ак шляпа кийгим бар,
Ак боз атты мингим бар.
Ай талааны кыдырып,
Агроном болгум бар,-
деп жазып берген ырын, физика, химия сабактарын айрыкча жакшы окугандыгын, алгач дин кызматкери эмес, агроном болгусу келгендигин жылуу маанай менен эскерет.

“Лица” гезити аркылуу “Ата Мекен” партиясынын Кыргызстандын калкына кайрылуусу жарыяланды. Кайрылуу азыркы саясый кырдаалга токтолуу менен эртең 19-декабрь күнү саат 10дон баштап, Ош базарынын кире беришинде өлкөдөгү мыйзамсыздыкты жана өз жарандарын тебелеп-тепсеп, кемсинтүүнү токтотуу талабы менен Кыргызстандын бийлигине чакырык таштаган колду топтой баштарын, аны партиянын аялдар жана жаштар канаты жүргүзөрүн маалымдаган. Гезит ошондой эле өзбек оппозициясы тууралу темасын улантып бүгүнкү санына өзбек диссиденти Мухаммад Салихтин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго жазган ачык катын сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG