Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

“Калыс сөзүн айталбай, калк бузулат, сак болгун!”


Жарык көргөн гезиттер өлкө ичиндеги коомдук-саясый, социалдык, экономикалык турмуштун түрдүү жактарына байкоо салган макала, интервью, ар кандай көз караштагы материаларды окурмандарга сунуштады.

Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тили калп минип,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун! – деген ыры менен жаңы санын ачкан “Айгай” гезити: “24-март. Маршка даярдаган бийлик” деген баш макаласын “Марадерлордун майрамын утурлап...” деген рубрика алдында берди. Мындан кийинки бетте “Жаштар – Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат” деген ат менен чыккан кат бүтүндөй Кыргызстандын элин убактылуу Иш Таштоо акциясына кошулууга чакырып, иш-чара ушул жылдын 27-мартында, күндүзгү саат 8-00дө башталарын, азыркы күнгө чейин 80ден ашуун ишкананын жумушчулары бул күнү жумуштарын токтотмой болгонун кабарлаган.

“Укук коргоочу Качкын Булатов санап чыгыптыр. Бул бийлик келгени баш аягы 89 киши атылыптыр. Акыркысы Садыркуловдор менен 92 болуп кеттиби? Бул эми Булатовдун санаганы. Андан көрө атса ачык атсын. Алардын атканынан коркуп кала турган биз эмес” деген сөздөрүн айткан “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын Ордо Кеңешинин мүчөсү Асылбек Чолпонбаевдин чакан маеги жарык көргөн. Ушул эле “Айгай” гезитинин бүгүнкү санынан сиздер Жогорку Кеңештин экс-депутаты Замирбек Парманкуловдун “Бүгүндөн тарта бийликке каршы ачык аттанам” деген аталыштагы интервьюсун да окуйсуздар.

Эми “Жаңы ордо” гезитин барактап көрөлү. Гезит ОшМУнун жалпы жамаатынын кайрылуусуна орун берген. Кайрылуу: ”Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушуна бир күндүк маяналарыбызды которолу, келечек жаштар үчүн, аянбайлы калайык!” деп аяктаган. Гезиттин орус тилиндеги макаласы кыргыз авиациасынын аки-чүкүсүнө арналган. Ал эми “Өзүмө өзүм эстелик куруп жатам” деп аталган маектешүү кыргыздын белгилүү ишкер азаматы Табылды Эгембердиев менен болгон.

“Ачык саясат” гезити академик Оморбай Нарбековдун: “Атаганат, кыргыздын билимдүү, көзү канык жигиттеринин кылар иши ушул болсо, кыргыздын шору али көпкө уланат” деп каңыргы түтөгөн сөзү 1-бетке сүрөтү менен кошо жарыяланган. Маегинин аты “Убайымга упураткан саясат” деп аталат. Гезиттин баш макаласы “Садыркуловдун түбүнө жеткен саясат же “Ак жолдун” алдындагы бомба” деп аталат. Мындан кийин Бириккен элдик кыймылдын калкка кайрылуусу басылган. Басылманын бир байлам кабарларына назар салсак, президенттик шайлоо быйыл өткөрүлгөнү калганы, өкмөт башчысы И. Чудиновдун ордуна Бишкек шаар башчысы Н. Түлеев барып, Акылбек Жапаровдун ордуна Таалай Койчуманов олтуруп, Чудинов мурдагы эски орду болгон “Кыргызгазга” барат экен деген имиштер таратылган. Булардын катарында “Садыркулов Назарбаевге жолуккан дейби?” деген кабар бар. Окуй кетели: “Медет Садыркулов Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Кыргызстандагы абалды талкууга алып, аягында кезектеги ажолук ат салышууга колдоо алыптыр. Казак президенти кыргыздын отставкадагы чиновнигин кабыл алышы мумкүн эмес дегени турасыздар. Бирок биз бул ушакты Медет Садыркуловдун жакын шакирттеринин биринен укканбыз” деп жазылган.

“Кыргыз руху” гезити “Улуу биримдик” партиясынын башчысы Эмил Каптагаев менен маек курган. Маегинде ал: “Садыркуловдун оппозицияга өтүшү бийлик үчүн абдан коркунучтуу болуп турган. Анда бийликтеги үй-бүлөнүн тартып алган, басып алган мүлктөрү боюнча, алардын көмүскө финансылык булактары боюнча да компроматтар болушу толук ыктымал. ... Саясый абал өтө эле оор. Бакиев элдин ишеничинен биротоло ажырады. Кандай гана саясый технологодорду алып келишпесин, кандай гана айла-амал кылышпасын элдин ишенимине, назарына кайра ээ болуу мүмкүн эмес. Садыркуловдун тагдыры, Кабилованын азыркы абалы, Жекшенкуловдун жапа чегип атканы, Кадырбековдун камакта олтурушу, Исмаил Исаковдун, менин жана көптөгөн оппозициядагыларга карата кылмыш иштери козголуп, артыбыздан сая түшүп, коркутуп-үркүтүп атканы бардык адамдарга сабак болуш керек. Муну Баекова, Курманов, Куликова сыяктуу Садыркулов аркылуу депутат болуп, азыр бийликтин камчысын чаап жаткан саясатчылар да түшүнүүгө тийиш” деп айткан.

“Бар бол, Нооруз!” деген жалпы ат менен жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити “Өрүшүбүз малга толсун, кырманыбыз данга толсун!” деп элге Нооруз тилегин арноо менен бүгүнкү санын ачты. Жаңы жыл майрамы менен калкты ЖК төрагасы А. Тагаев жана кыргыздын көрүнүктүү карылары куттукташкан. Дагы бир чакан макаланын аты “Токтогулда суунун көлөмү көбөйүүдө “ деп аталат. Кабарчы Нарынгүл Назаралиеванын макаласы “Стамбул саммитин” баяндаган. Ал эми “Оппозиция дооматын айтты, бирок бийликтин жообунан качты” деп аталган көлөмдүү макалада ушул жылдын 10-мартында оппозициялык кыймылдын өкүлдөрүнүн бийликке койгон суроолоруна берилген ырасмий жооптор басылган. Материал көлөмдүү болгондуктан андагы айрым майда темалардын аталыштарын гана атай кетели. 1-жооп-“Азаттык” радиосу”, “2-жооп- “такталбаган маалыматтарды тамаша катары кароого болбойт” деп аталат. Мында жабылып калган “Де-факто”, “Алиби” гезиттери, басылмалардын башкы редакторлору Ч. Орозобекова, Б. Жээнбеков жөнүндө сөз болот. Андан кийинкиси - “Өз өлкөсүнөн чет өлкөнү артык көргөндөр”, андан кийинкиси - “Таластагы талаштуу маселе такталды...”, андан кийинкиси - “Исмаил Исаков тууралуу”, андан кийинкиси - “Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасынан түрк ишкери ажал тапкан”, андан кийинкиси - “Өмүрбек Текебаев менен Накен Касиев жөнүндө” ж.б.д.у.с. деп аталган.

Ушул эле санда Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаевдин гезиттин башкы редактору Кыяс Молдокасымовдун суроолоруна берген жооптору жарыяланган. Интервью “Билим казынабызды сапаттуу жана сарамжалдуу карайлы” деп аталат.

“Агым” гезити 27-мартта митинг өткөргөнгө Бишкек шаар бийлиги расмий уруксат бергенин кабарлап: “Ага ылайык, саясый иш-чара М. Горький атындагы эс алуу багында өтөт. Өзүн ажонун уулу эсептеп жүргөн Нариман Түлеев мындай батыл кадамга кантип барды?”, “ М. Коңгантиев туурдан учабы?”,”Заманыбыз кайда баратканын түшүнүп болбойт. Үнүн катуураак эле чыгарып койгондор темир торго түшүүдө. Кечээ “Ата Мекен” партиясынын 2 мүчөсү Мирлан Токтошев менен Жылдызбек Саркаров 27-мартка чакыруу кагазын таратып жүргөндө УКК тарабынан кармалды. Мындай темп менен кете берсек, жакында Акүй, Көкүй алдынан чүчкүрүп койгондор деле эркиндик менен кош айтышат го” деп, “Трибуна” гезитин Турсунбек Акун 500 миң сом доо менен сотко берди деп, “Мурдагы эл бийлеген А. Муралиев, Э. Өмүралиев, Т. Кулмурзаев “Ала-Тоо ынтымагы” коомдук бирикмесин түзүштү, коом 93-жылкы Конституциянын негизинде конституциялык реформа жүргүзүү сунушун көтөрдү. Мындан тышкары жаңы бирикме оппозиция өткөрө турган нааразылык акцияларын колдобой тургандыктарын билдирди” деп маалымдады. Гезиттеги депутат У. Ормоновдун интервьюсу “Саясый упай үчүн элди козгоо туура эмес” деп аталса, гезит кабарчысы Н. Керимбаевдин макаласы УТРКнын учурдагы аттестациясы туурасында кеп кылган.
XS
SM
MD
LG