Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Баткен анклавга айланабы?


“Айат пресс” гезити бүгүнкү санын “Сагынганда бир келээрсиң, Ала-Тоону көргөнү” деген рубрика алдында “Байболовдор АКШдан башпаанек сурайт” деген чакан макала менен ачса, “Учур” гезити “Тарых кайталанабы?” деген суроо коюп, “Акаевди аңтарган Атамбаевчилер” деген аталышты алгачкы бетине алып чыкты. “Жаңырык апта” гезити “Анвар Алиевди өлтүрүүгө буйуртма бергендер аныкталабы?”, “Президент шайлоону бурмалоого катуу даярданып жатат”, “Көпчүлүктүн “аллергиясы” күчөп турган учуру”, “Молдомуса мырза, милицияларды тескегенге күчүңүз жетеби?”, “24-мартты шермендечилик күнү деп жарыялайм. Президент болсом...”, “Көшөгө артындагы “көз айнекчен оюндар” деген аталыштар менен жарык көрдү. Ал эми “Аалам” гезити бул санында “Баткен кимдин жери?” деген суроо койду.

“Тажик президенти Э. Рахмон Баткенди анклавга айландыргысы келеби?”. Мына ушундай темадагы макаласын жарыялаган “Аалам” гезитинин баяндамачысы Бактияр Шаматов: “Баткен облусуна чектеш тажик кошуналар кыргыз жерлерин “тынчтык жол” менен басып алууларын улантууда. Эгерде бул көрүнүш мындан ары да улана берсе, бир аз жылдардан кийин Баткендин Лейлек району жана Баткен районунун теңи тажиктердеги кыргыз анклавына айланышы турган кеп” деп жазат. Чегараны тактап алуу кыргыздар үчүн керек. Ал эми анын канчалык создугушу тажиктер үчүн ошончо пайдалуу. Чегараң жокпу, демек кыргыздын жерлерине кирип ал да жашай бер.

Бүгүн так ушундай митаам саясат күч алганын, өз жарандарынын мындай жоругун тажик бийлиги үн катпай колдоп турганын, калкы 7 миллиондон ашып бараткан, аймагынын 93 пайызын тоолор ээлеген Тажикстандын калкын багуу кыйындап баратканын президент Э. Рахмон эң сонун түшүнөрүн сөз кылган автор учурунда тажик бийлиги менен тең ата сүйлөшкөн экс-губернатор М. Айбалаевди кыргыздын интриган бийликтери кызматтан шыпырган соң бул чөлкөмгө дурус губернатор дайындала элегин, президент К. Бакиев М. Айбалаевди облус башына кайрадан алып барса эл мүдөөсү менен эсептешкен элбашы экенин көрсөтөт эле деп үмүт байлаган. Аягында ал Баткен маселеси деп чырылдап күйүп аткан жалгыз адам - ЖК депутаты Мурат Жураев болуп турганын, Баткендин таламын талашат деген А. Шадиевден андай аракеттер байкалбаганын кошумчалаган.

Гезит мындан тышкары “Форвес” аттуу журнал дүйнөдөгү эң коррупцияга баткан өлкөлөрдүн аттарын атаганын: “1-орунда – Чад, 2-орунда - Зимбабве, 3-орунда - Камбоджа, 4-орунда- Кыргызстан... Казактар – 17, орустар – 15, тажиктер – 16-орунда экен” деп, “Лица” гезити чыгуусун убактылуу токтотту” деп маалымат таратты. Ушул эле гезиттен эркин журналист Үсөн Касыбековдун өлкөнүн экономикалык ал-абалын жана шайлоо жагдайын талдоого алган “Эртелебесе эртең кеч болуп калат” деген жана Батыр Мурзалиевдин “Күрмөнтүдөгү цемент заводу талашка түштү же менчикти тартып алуунун кыргызча жолу” деген макаларын да окууга болот.

“Айат пресс” гезити журналист Жыргалбек Касаболотовдун “Жаныш Бакиев жаңы президент болобу?” деген макаласына орун берген. Автор аталаган макаласында“Азыркы бийликте турган, учурунда өзүн премьер-министрге чейин өстүргөн Курманбек Бакиев Акаевдин башынан бак кеткенде оппозицияга өтө качышы агездеги бийликтин көбүрөөк кыжырына тийген, анткени ордодон кеткен мындай адамдар жөн кетпей көп сырларды ала кетишет” деп белгилейт. Андан ары “Курманбек Бакиев өзү бул шайлоого катышпай калышы мүмкүн деген пикирди Текебаев менен Бекназаров айтып чыгууда, эгер ушундай болсо анда президенттин мураскери катары Мамлекеттик сакчылык кызматтын жетекчиси Жаныш Бакиевдин чыгышы мүмкүн” деген ойго токтолуп: “Ага өз чөйрөсүнөн каршы чыга турган бир гана киши бар. Аны өзү жакшы билет. Демек, бийликтеги негизги чечим кабыл алчу адамдардын өз ара карама карышылыгы ачык формага өтө турган учур келди. Бирок бийликте тургандардын кимиси өтсө да Кыргызстандын келечеги үчүн жакшылык алып келбейт” деген бүтум чыгарат.

“Бермет Букашева гезитин саттыбы?” Мына ушул суроо менен “Асман пресс” гезити орус тилдүү “Лица” гезитинин башкы редактору Бермет Букашеванын өзүнө суроо бергенде ал: “Жеке мен тигил же бул саясый күчтөрдүн талаасында оюнчу болгум келбейт. Акыркы 2 жыл ичинде болуп өткөн окуялардан улам азыркы бийликти колдоо мен үчүн дегеле мүмкүн эмес. Бул үчүн жетип турган цинизмге ээ болуу керек. Ал эми оппозиция тууралуу айта турган болсом, Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда алардын ой-пикирине орун берип, трибуна болуп келдик, пиар кылдык, коргоп да келдик. Бирок ошол эле учурда алар бизди коргой алышпайт. Колунан келбейт. Дегеле сасяатчыларга жакындабаш керек, көңүлүңө суу сээп коет. Мен булганч, кир саясаттан, коомдун кайдыгерлигинен көңүлүм муздап калды. Билбейм, гезитти сатып жиберишим да мүмкүн. Сунуштар түшө баштады. Өзүм болсо китеп жазам” деп жооп берген.

Президенттин мурдаагүнү теле аркылуу сүйлөгөнүнө алгачкы ой-пикирлер пайда болууда. Маселен “Жаңырык апта” гезити аркылуу оюн билдирген генерал И. Исаков: “ Президенттин сүйлөгөнүн көрсөң жазылган кагазды араң окуп жатпайбы. Бирөө артынан бир нерсе такап, кыйнап аткандай акыбал менен окуп жатат. Анан кантип ишенсе болот? Президенттин сөздөрүн укканда элде дух пайда болушу абзел. Ошондой маанай болдубу? Жок. Тескерисинче элди иренжиткен түрткүнү пайда кылды. Кагазга жазылганды окуганы менен жасаган иштери теңирден тескери болуп атканын коомчулук билип эле калды го” десе, ЖК депутаты Роза Отунбаева: “Бул кайрылууну биздин турмушубузду билбеген, башка жактан учуп келген чоочун адамдар чоочун кишиге жазып берсе керек. Айтор кагазга жазып бергенди эптеп окуп койду. Андагы айткан сөздөрү менен жасаган иштери эки башка экенин коомчулук билип эле турат” деди.

“Учур” гезити бийлик 27-марттагы оппозициянын митингине каршы анти-митинг уюштурууну пландап жатат, экс-фронтчу Феликс Кулов президенттик шайлоого аттанары тууралуу маалымат тарады, бирок Түндүктүн колун бөлүп-жаруу менен, ал акыркы күндөрү Максимдин офисин айланып, ошол жактан чыкпай калганын айткандар бар, өткөн митингде элди таштай качкан Феликс эми да бир балээнин үстүнөн чыкпагай эле деп кабарлады.

Ушул эле гезит Алмаз Атамбаевдин “Садыркулов оппозициянын финансы маселесин чечип аткан...” деген ат менен маегине орун берген. Анысында Атамбаев: “Акыркы күндөрү Медет Садыркулов ыкчамдык менен радикалдашып кеткен, бир курдай мага: “оппозициянын ишин мен жасап атам” деп айткан. Ал күрөшкө ушунчалык катуу киришкени чын. Медет өтө көп сырларды билчү. Муну ошон үчүн жок кылып коюшту деп ойлойм. 2-ден ал оппозиция үчүн финансы булагын да тапкан. Ушул маселени чечүү боюнча Алматыга кеткени бизге белгилүү болгон. Садыркулов: “Жылдын аягына дейре бул бийлик жетпейт” деп айтып аткан эле. Анын мындай сөзү өтө ишенимдүү айтылганын билем. Азыр эки эле жол калды: же келечекке барабыз, же артка кетебиз. Ушул президент калса Кокон хандыгы бекемделет деген кеп. Эл да ушул жагын жүрөгүнө кабыл алса дейсиң, туура түшүнүп” деп айтып чыкты.
XS
SM
MD
LG