Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Дыйкан мыйзамбы же чыйкан мыйзамбы?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары эле президенттик жарышка кимдер түшө тургандыгын талкуулай башташты...

“Жаңырык апта” гезити академик Жамин Акималиевдин “Жер менен ойноо чыккынчылыкка барабар” деген маегин жарыялады. Макалада жакында эле айыл чарба министри И. Айдаралиевдин “Жеке менчик жерди күрөөгө коюп иштетсе болот” деген мыйзамын парламент 1-эле окууда кабыл алганын, бирок муну адистер туура эмес мыйзам катары сынга алып жатканын сөз кылат. Академик Акималиев мыйзамдын эң эле коркунучтуу жагы - эгер дыйкан жерин күрөөгө коюп, банктардан акча алып, анан бир жыл ичинде алар койгон талаптарды аткаралбай калса ошол менчик жеринен айрыларын, анан ага насыя берген банк дыйкандын жерин каалаган кардарга сатып жибергенге укуктуу болорун, бул деген “өлгөндүн үстүнө көмгөндүк” экендигин чечмелеген. “Кыргызстанда ар бир адамга 20 сотыхтан жер араң жетет, Түштүктө - Ош менен Баткенде болгону 5 сотыхтан жер тийген, анан ушул тепкедей жерин да сатып жиберсе эртең ал дыйкан эмне күндү көрөт?” деген суроо коет Жамин Акималиев.

Гезитке ошону менен бирге эле Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов: Жалпы оппозиция мүчөлөрү бирдиктүү команда катары шайлоого барат да , анан бир лидерди көргөзөт. Бул маселе 15-апрелге чейин чечилип, элге жарыяланат” деп айтты. Басылма андан ары “Шахматтык жүрүштөр башталды” деген макала жарыялап, анысында БЭК генерал И. Исаековду президенттикке талапкер кылып көрсөтүүгө ниеттенсе А. Атамбаев өзүнчө шайлоого барам деп көшөрүп жаткан имиш: “...андай болсо жалпы оппозиция шайлоого барбай бойкот жарыялайлы дегенине да көнбөй, президенттикке жалгы өзү татыктуудай түр көрсөтүүдө” деп жазды.

“Учур” гезити, кечээ түшкө жуук Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун УКК абагындагы Аликбек Жекшенкуловго жолугуп чыкканын, оппозиция өкүлүнүн духу бийик, маанайы жакшы экендигин кабарлаган. Ушул эле сандагы маектешүүсүндө мурдагы атка минерлердин бири Бекболот Талгарбеков шайлоодо бийлик элди Түндүк-Түштүк кылып бөлүп-жаруу көзүрүн ойноп чыга тургандыгын айтып атышканын, ошондуктан оппозиция акыл калчап, бийликтин мындай арам оюн жок кылыш үчүн алдыдагы шайлоого түштүктүн кадрын талапкерликке алып чыгышы зарылдыгын белгилеп, президенттикке татыктуу деп Ө. Текебаев, А. Эркебаев, Т. Бакир уулу, Б. Бешимов, А. Матубраимов, Ж. Сатыбалдиев, А. Бекназаров, И. Исаков, Б. Асановдун аттарын атаган. Гезитке ушул эле Б. Талгарбековдун: “Эл-жердин тагдыры алдыдагы шайлоодо чечилет”, “Ата Мекен” партиясынын Нарын аймагы боюнча координатору Алмамбет Шыкмаматовдун: “Текебаев президенттик күрөштөн баш тартты”, Турсунбек Акундун: “Атамбаев патриот жигиттерибиздин алдыңкы сабында”, доктор Жеңишбек Назаралиевдин:”Оппозиция Бакиевсиз шайлоо өткөрүүгө жетишет...”, чекист Алик Орозовдун: “Уттурганыбыз – улуттук идеологиянын жоктугу” деген интервьюлары да басылып чыкты.

“Айат пресс” гезити президенттикке талапкер болот деп болжогон 14 кишинин атын атап, ушулардын ичинен кимдер татыктуу экенин чогуу аныктайлы, байланышкыла деп, окурмандарына редакция телефонун жазып, чакырык таштаган. Аталган басылмада бийлик тараптан Курманбек жана Жаныш Бакиевдердин, Данияр Үсөновдун аттары аталса, оппозициядан А. Атамбаев, Т. Сариев, Б. Бешимов, И. Исаков ж.б. аттары аталган.

Гезит “Ак жолчу” депутат Улугбек Ормоновго “Түштүктө эл Орусия менен Бишкекке көчүп кете берип, чегарага чектеш айылдардын көбүнө тажик, өзбектер кирип алды деген сөздөр бар...” деп суроо бергенде ал:” ...үй сатканга тыюу жок биздин өлкөдө. Бирок муну алдын албаса 20 жылдан кийин чоң коркунучка айланышы мүмкүн” деп жооп берген жана бул маселени эки жол менен чечсе болорун айткан. У. Ормоновдун ою боюнча, ал үчүн Өзбекстан жана Тажикстандагы чегараны бекитүү зарыл. Анча-мынча талаш жерлерге көздү жуумп туруп кол коюп салуу керек. Проблеманы чечүүнүн дагы бир жолун депутат борборду түштүккө котруудан көрөт. “Акча жок, ал жок, бул жок” деп олтура бербей борборду которуп, парламентти көчүрүп барып, ошол жерде иштетсе маселе оң жагына чечилет, Бишкек болсо маданий борбор болуп кала берет дейт. Ал андан ары азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги толук которулуп иштеп келатканын, эми диний башкармалыкты которуу боюнча иштер жүрүп атканын, ушул иштер чечилген соң борборду түштүк аймагына которуу жөнүндө парламентке атайын программа сунушталарын кошумчалаган.

“Аалам” гезити президенттикке ат салышканы жаткан Турсунбай Бакир уулу менен аңгемелешкенде ал, бийликтин аброю күндөн-күнгө түшүп баратканын, ошондуктан үлгүрүп калалы, жеңишти оппозициядан күч менен алып коелу деп, бийликтегилер шашылып жатканын айтып, Акаевдан кийин күткөн элдин үмүтү акталбагандыгын, президенттин ден соолугу начар деп аттуу-баштуу кишилер, депутаттар өзүлөрү айтып атышканын кеп кылаган. Т. Бакир уулу андан ары укканына эки-үч күн болгонун, президенттик шайлоого Жаныш Бакиев эмес Марат Бакиев катышат деп укканын, эгер мындай жолго барышса алар жаңы революцияны тездетишерин, себеби эл бул өңдүү мураскерликке чыдабастыгын, колдобостугун айтып, Бакиевдин чындап эле ден соолугу начар болсо бийлигин чын көңүлү менен татыктуу бирөөгө өткөрүп бериши керектигин билдирген.

Мадният темасына кайрылган гезит, бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында таланттуу режиссер Аманбек Жапаров койгон атактуу композитор Насыр Давлесовдун “Аста-секин колукту” (либереттосу эл акыны Насирдин Байтемировдуку) операттасы көрсөтүлөрүн, эң кызыгы кезинде бул музыкалуу комедияны элге айтылуу сахна чеберлери А. Жумабаев, А. Мырзабаев, К. Сартбаева, Д. Жалгасынова ж.б. алып чыкса, бүгүн Г. Байзакова, А. Жетигенова, Ж. Алыкулов, М. Турган, Ж. Алыкулов, Б. Мукул, Т. Асаналиев өңдүү жаш муундун өкүлдөрү көрүүчүлөргө тартуулай тургандыгын маалымдады.

“Асман пресс” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжамал Султаналиеванын “Бизге жакында демографиялык кризис келет” деген макаласын басты. Депутат айым азыркы учурда жаштардын моралдык тарбиясынын начардыгынан тукумсуздук күч алып баратканын, 10-15 жылдын ичинде демографиялык кризис келиши мүмкүндүгүн, Кыргызстан болгону 5 млн. элден турса анын 3 миллиону гана кыргыздар экенин, 1 миллиону чет өлкөлөрдө мандикерлик кылып жүргөнүн, Орусия орустардын саны азайып баратат деп 1-2 эле төрөткө чоң акчалай сыйлык коюп жатса, мындай көрүнүштүн бизде бири да жоктугун, төрөй тургун учурунда кыргыздын кыз-келиндери кара жанын карч уруп башка жерлерде жан багуунун айында жүргөнүн кейиш менен кеп кылган. Г. Султаналиева ушу тапта балдарды чет өлкөлөлөргө чыгарып кетүүчү 11 агенттик иштээрин, 1 баланы сыртка чыгарып кеткенден эле 12 миң доллардан 17 миң долларга чейин пайда көрүшөрүн да айтып берген.

XS
SM
MD
LG