Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Окуя огунан чыгып кетиши мүмкүн


Петровка жаңжалы... ММКдагы ой-пикирлердин толкуну басыла элек...

“Биз 18 жылдан бери Акаев менен Бакиевдин көзүн карап, алардан керемет сыйкыр жаралчудай күтүп жүргөндө, Кыргызстанда жашаган тажиктер, өзбектер, дунгандар, уйгурлар, корейлер, күрттөр, түрктөр ж.б. өзгө улуттар акчаны самандай сапырып, байлыкты үйүп алышты. Ошол акчалуулар кыргыз жеринде жашап, кыргыздарды каалагандай басмырлап, каалагандай жоруктарды жасаганын кечээги Петровкадагы жаңжал ырастайт” деп макаласында белгилеген “Агым” гезитинин кабарчысы Келдибек Назиров: “... бирөөнүн сөзүн уккандай эл келесоо эмес да. Оппозиция талакала деп көкүтсө эле эл айтканды кылып, күнөөсүз пенденин үйүн талкалайт беле? Элдин айтуусунда бул шишик 5 жыл мурда башталып, ага чейин бышып жетилип, акыры жарылып олтурат. Күрттөр Жалал-Абаддан куулуп келишкен экен” деп жазды.

Автор андан ары эгер күч органдары байлардын акчасына сатылганын токтотпосо, Петровка окуясынын бийлик туура жыйынтык чыгарбаса, Ош, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Жалал-Абад, Ноокен ж.б. райондордо да абал огунан чыгып кетиши мүмкүндүгүн, ошондуктан бийликтин ойлонушу керектигин эскертти.

Бул окуяга “Кыргыз руху” гезити да кайрылып: “Көчөсүң же болбосо өлөсүң” деген тема алдында жергиликтүү тургундардын ойлорун ортого салды.

Кудайберген Кулжыгачев: - Бул айылда мындан ары күрттөрдүн жашашын же жашабашын бир гана калк чечет. Петровкага эшек жетелеп келишти эле. Керек болсо күрттөрдүн мектебин ачып бердик. Бүт баары бар. Дагы эмне керек?

Князь Сануев, милийсанын отставкадагы подполковниги: -
Азыр коомчулукту, аксакалдарды, жаштарды көтөрүү керек, балким алар чачтакты токтотууга жардам болор.

Хасан Усманов, күрт улутунун өкүлү: - Элдин толкуну эшигимдин алдына келгенде алар биздин үйдү коргошту. Билесиңерби, мен үйгө келип ыйладым. Жүрөгүмдө “Мени кыргыздар коргоду” деген ой жашап калды. Ал эми Абдуллага тийиштүү окуя боюнча муну айткым келет. Анын үйү үлгүсүз уя болучу. Ар дайым наркотиктер болуп турчу. Ошол жерде баңгизаттарды колдонуп, ошол жерде ичишчү экен. Укук коргоо органдары өз убагында токтотуп калышпады.

Кубанычбек Сыйданов, райондун акими: -
Күрттөрдүн түштүк тараптан көчүп келгенине 12 жылдын жүзү болду. Биринчи жылдары тынч жашашкан. Ал эми акыркы 6 жылдан бери ар кандай кордук-зордуктарды көрсөтө башташкан. Бөлөк улуттарды басынтып, киши катары көрбөй калышкан. Жада калса коңшуларынын короолоруна кирип барып жеп жаткан этине чейин тартып алган күндөрү болгон.

Сулхадин Касымов “Кыргыз-күрд калк достугу” коомунун президенти: -
Бул жердин жашоочулары күрт улутундагы 110 түтүндүн баарын тең чыгарууну талап кылууда. Баарын чыгаруу туура эмес. Зыяны тийгендер чыгып кетишсин. Чыга турган үйбүлөлөрдүн тизмеси админстрацияга бүгүн-эртең берилет.

Турсунбек Акун, акыйкатчы: -
Айылды кыдырып, жашоочулардын ой-пикирин уктук. Баары күрттөрдүн көчүп кетишин талап кылышууда. “Эгер бийлик тынчытпаса, өзүбүз тынчытабыз” деген сөздөр чыгууда. Биз тынч бүтүрүүгө аракет кылабыз. Коңгантиев “тигиндей-мындай” деп башын жашырганы туура эмес.

Хамид: -
Абдулла жабыр тарткан үйбүлө менен чогуу жашачу. Качан көрбөйлү Ольганын үйүндө жүрчү. Чынын айтсам, кыздын таянеси бузулган аял болучу, арак иччү, балким баңги заттарды да сайынышчу, аны Кудай билет. Күрттөрдүн баарын эмес, Абдулла менен анын үйбүлөсүн жазалаш керек болчу.

“Айгай” гезити “Мыйзам жарыгы элге качан тиет?” деген макаланы, А. Атамбаевдин: “Сатып кеткеним чын болсо, оппозиция тегеренип жүрүп, кайра мага келбейт эле го”деген, А. Бекназаровдун: “Атамбаев бизди эмес, биз Атамбаевди сатып кеткенбиз” деген интервьюларын, “Эл менен бийликтин ортосу ажырап баратат” деген аталыштагы президент К. Бакиевге багышталган “Ала Тоо ынтымагы” коомунун кайрылуусун, Арашан айылындагы куралдтайдагы сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн жарыялады. Гезиттин бул саны 50 миң нуска менен басылып чыкты.

“Жаңы ордо” гезити “Кыргыз тили депутат Жунусовго керекпи?” деп суроо койгон. ЖК депутаты Улугбек Ормоновдун “Ар бир мыйзамдын артында элдин тагдыры турат” деген интервьюсун баскан. Ушул эле санга КР материалдык резервдер мамлекеттик агенттигинин деректири Пайзуллабек Рахмановдун “Мага каршы ар неселерди уюштуруп жатышат” деген маеги да жарык көргөн. Деректир мырза аталган басылма аркылуу “Акжолчу” депутаттар Максат Кунакунов менен Аскар Шадиев ж.б. “ар нерселерди уюштуруп, арыз жазып келишкен” деп даттанган.

“Кыргыз туусу” гезити “Алматыдагы Арал деңизин сактап калууга арналган саммит жөнүндө кенен кеп козгогон. Бул тууралуу: “Дайралар башат алган аймакты сактоо бышып жетилди”, “Экологиялык коркунуч”, “Арал деңизинин кризиси эмнеден чыкты?”, “Биздин мамлекет гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө басым жасашы керек”, “Бүткүл дүйнөлүк банк эмне дейт?”, “Аралдагы азыркы абал кандай” деген аталыштагы макалалардын топтомун сунуш кылган. Гезит булардан тышкары “Кыргыз алтыны Кыргызстандын келечегине кызмат кылат” аттуу алтын пайдасын иликтөөгө алган макаланы жана тарыхый, даректүу баяндарды басууну уланткан.

“Ачык саясат” гезити: “1-вице-премьер болордо “Мен жылынга 500 миң доллардан ашык киреше табам. Бирок мен азыр эл үчүн айлык албай иштөөгө даярмын” деп “ак урган” болучу. Данияр Үсөнов чындап эле ушундай патриот адамбы?” деп суроо коюп, кайра ага “Мамлекеттик бизнесмен” Данияр Үсөнов” аттуу макаласы менен жооп берген. Ушул эле санда “Коңгантиев кылмышкерлерди актаган адвокатка айланды” деген тема алдында өз ойлорун Качкын Булатов, Топчубек Тургуналиев, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, “Болуш” деп аталган коомдун мүчөлөрү Баялы Жусупов менен Рустам Абдыкалыков айтып чыгышкан. Экс-депутат Замир Парманкулов: “Петровкадагы жаңжалга ИИМ министри М. Коңгантиев биринчилерден болуп күнөөлүү. Себеби ал кызматкерлерин шалаакылыкка үндөп тарбия берген. Эгер президент калыс болсо, жергиликтүү бийликке кошуп, министрдин өзүн кызматынан кетирүү керек” деп айткан.

Петровка жаңжалы туурасында айыл тургундарынын бири: “Азыркы бийлик эл үчүн эмес, алар криминалдар үчүн. Эгер андай болбосо мыкаачыны эмне себептен кармап, катыгын колуна берген эмес? Арадан канча убакыт өттү, кылмышкер өз жазасын алып түрмөдө олтурушу керек эле. Анын ордуна чалкалап үйүндө жаткан жеринен эл чогулуп кармап келдик” десе, дагы бири: “Көчүп келгенде бул эл жылаңач келген. Эми курсактары тоюп, кол сала баштады.

Эгерде эл ичинде тынчтык болсун десеңер камалган балдарды бошотуп, күрттөрдү бул жерден көчүрүш керек” деген. Ошону менен бирге эле Петровкадагы кыжыры кайнаган окуяны тынчытууга барган Акүй атка минерлери Д. Үсөнов менен К. Сыйдановго жасаган элдин терс мамилесин, КТРдын окуяны туура эмес көрсөтүп жатканына нааразылыгын, күрттөрдөн ок жеген Төрөбек Исагуловдун айтып берген сөздөрүн ж.б. маалыматтарды окурмандарга тартуулады.
XS
SM
MD
LG