Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

150 млн. доллар кайда жумшалат?


Гезиттер учурдагы саясый-социалдык жагдай, алдыдагы шайлоо тууралуу жазып чыгышты.

“Экономикалык фон жана шайлоо” деп аталган рубрика алдында жарык көргөн макаласында эркин журналист Үсөн Касыбеков бийликтин шайлоо өнөктүгүнө колдоно турган турган финансылык кудурет жагдайы тууралуу сөз кылган.

Автор: “Тышкы жана ички кризистин кыйынчылыктарына карабастан президент К. Бакиевдин жүзү жарык шайланып алышына шарттар бар” деп баштайт макаласын. Ал: “150 млн. долларлык Орусия каражаты банк эсебине түшкөндөн бери бир айдан ашып кетти, бирок ал кайсы максаттар үчүн жумшалары жөнүндө так маалыматтар бериле элек” деп жазат. Президентке кеңешчи болуп жүргөн политолог Муратбек Иманалиевдин айтканын мисалга келтирет.

Саясат иликтөөчүнүн айтымында, Ганси базасын арендалап турган 8 жыл ичинде америкалыктар Кыргызстанга баш-аягы болуп 1 млрд. 200 млн. долларга чейин каражат бөлгөн. “Америкалыктардын базасын кубалап чыгуу менен Акүй саап аткан уюн короодон талаага айдап жибергенге тете жорук жасады” дейт. Автор андан ары: "Эгер президент Курманбек Бакиев менен Экономикалык өнүгүү жана соода-сатык министри Акылбек Жапаров карызга берилген орус акчасын экономикалык өнүгүү фондуна жиберүүнү колдошсо, бул фондунун башын мамлекеттин чөнтөгүнө караганда өз чөнтөгүн жанындай жакшы көргөн бизнесмен Данияр Үсөнов мыкчып турганын эске алсак, Орусия кредитин бөлүштүрүү боюнча бийлик аткаминерлеринин ортосунда өлбөгөн жерде калышкан кармаш жүрүп жатканын байкоого болот” деп белгилейт, бүгүн жарык көргөн “Ачык саясат” гезити аркылуу.

Гезит маркум Дооронбек Садырбаевдин жылдыгын эскерүү боюнча уюштуруу комиссиясынын мүчөсү Азимбек Бекназаров менен аңгемелешкен.

Кабарчы: - Д. Садырбаевдин сөөгүн коюуда түзүлгөн мамлекеттик комиссия маркумдун жылдыгын өткөрүүгө катышкан жокпу?

А. Бекназаров: - Саясатта чогуу жүргөн, иниси болуп туруп, президент башы менен Курманбек Бакиев, жакшы санаалаштары болуп жүргөн Данияр Үсөнов менен Адахан Мадумаров батасына келбей коюшту. Биз үзөңгүлөш жолдоштору 20-май күнү маркум туулуп-өскөн Шайдан айлына жылдыгын эскерип, куран окуталы деп чечкенбиз. Туугандары менен сүйлөшүп, алар Акыбай деген жигитти комиссия төрагасы кылып шайлашкан. Эми бийлик буга чейин уктап жатып, муну да өзүнө ыйгарып алуу саясатын жүргүзө баштады. Менчикти, имаратты, мүлктү басып алганы аз келгенсип, маданий иш-чараларды да басып алууну баштады окшойт. Анткени “Муну оппозиция өткөрбөш керек, биз өткөрүшүбүз керек” деп уюштуруу комиссиясын кысымга алып жатыптыр.

“Ачык саясат” аталган интервьюнун аягында гезит басууга даярдалып аткан маалда, Шайдан айлынан уюштуруу комиссиясынын мүчөлөрү Азимбек Бекназаровго телефон чалышканын, Д. Садырбаевдин туугандары облус губернаторунун кабыл алуусунда болушканын, алар Д. Садырбаевдин жылдык эскерүүсүн бийликтин уюштуруусу менен өткөрүүгө макулдук берип чыгышканын кабарлашканын маалымдады.

Аталган басылма алакандай кабарларында Борбордук шайлоо комиссиясы “Ачык саясат”, “Учур”, “Жаңырык апта”, “Репортер Бишкек” гезиттерине мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзбөө боюнча оозеки эскертүү берген имиш деп, 8 ай мурда качып кеткен БШКнын мурдагы төрайымы Кабилова кечээ кайрылып келиптир деп, Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабынын башчылыгына Бакыт Бешимов бекитилди деп маалымдады.

Ошондой эле гезит кабарчысынын суроолоруна “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Жолдошбек Токоев: “Исмаил Исаковдун аталган партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылыптыр деген сөздөр жалган. Партиянын ичинде генералды колдогондор өтө эле көп экен. Партиядан жана саясый кеңештен чыгууга жол берилген жок. Ал мурдагыдай эле өз ордунда калды” деп жооп берген.

“Кыргыз туусу” гезити “Асман алдындагы кыргыздарда” деген ат менен журналист Бермет Мааткеримованын Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар тууралуу баяндаган макаласын тартуулады.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга финансылык жана социалдык-экономикалык саясаты жөнүндө биргелешкен билдирүүсүнүн” тексти жарыяланды. Маданият жана маалымат министри С. Раевдин “Маданият – улуттун жүзү” деп аталган интервьюсунда маданият жөнүндө кабыл алынган жаңы мыйзамдын артыкчылыгы жагдайында кеп козголду.

Ушул эле гезитке маек курган белгилүү жазуучу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматов азыркы күндө чет өлкөлүк волонтер кыздын тагдырын баяндаган “Эрика Клаустун он үчүнчү кадамы” деп аталган трагедиялуу роман жазып бүткөнүн, бирок аны кыргыз тилинде эмес, орус тилинде жазганын, аны кандай себептен улам ушинтип орус тилинде жазып калганынын сырын аталган маегинде ачыкка чыгарган.

“Белый парус “ гезити “Оюн башталды. Президенттик так талаш үчүн бийлик, оппозиция анан... Вашингтон күрөшөт” деген аталыштагы макаласына окурмандардын назарын бурган. “Эгемендүү Кыргызстанда деги эле таза жана адилет шайлоо өткөнүн эстеш кыйын. Сыягы бул ирет да дал ошондой өтөрүнөн шек санбай деле койсо болот. Үгүт иштери башталганча али убакыт бар экенине карабастан Бишкектин көчөлөрү “Акжол” партиясынын курултайына чакырган ураан-жарнамаларга толуп кетти” деп жазды.
XS
SM
MD
LG