Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Мирослав Ниязов: “Эл шайлоого барбайт”


Гезиттер өлкөнүн ички-тышкы турмушу, саясат, экономика, чегара маселеси жөнүндө жазышууда.

“Айат пресс” гезитинин суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимовдун жооптору басылды. Буга катар эле “Ак шумкар” партиясынын башчысы Темир Сариевдин “Оппозицияны эч ким менчиктей албайт”, коомдук ишмер Мирослав Ниязовдун “Эч бир лидерди колдобойм” деген аталыштагы интервьюлары жарык көрдү. Мирослав Ниязов алдыдагы шайлоо тууралуу сөз кылып: “Шайлоодо эч ким добуш алалбайт. Эл да шайлоого барбайт. Жыйынтыгы бурмалоо жолу менен аныкталат. Эч ким капа болбосун, мен кыргыз мамлекетин саздан чыгара турган эч бир лидерди көрбөй турам. Демек эч кимди колдобойм. Бирок шайлоонун жыйынтыгы туура эмес чыкса, эл менен бирге нааразылык акцияларына кошулам” деп билдирди.

Ушул эле гезиттеги интервьюсунунун атын “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Болот Шерниязов “Исабеков бийликтин Жогорку Кеңештеги “ормон опузасы” деп атап: "Бүгүнкү бийликтин трагедиясы эмнеде? Бүгүнкү кыргыздын баатырлары, байлары ким?" деген суроо коюп, кайра ага өзү: “Жалаң жуликтер менен каракчылар. Бүгүн Кыргызстанды жуликтер менен каракчылар бийлеп жатат. Акаевдин жуликтери Бакиевди тегеректеп алышкан. Алар өз баасын, өз жазасын алмайын оңолбойбуз” деп жооп берген.

Кабарчы: - Кыргызстан тараптан алтын маселелери боюнча кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргогон өкүл болуп А. Елисеев дайындалганына эмне дейсиз?

Б. Шерниязов: - Оюмду билгиңер келсе мен бул адамга кыргыздардын алтынын эмес чочкосун кайтарууну бербейт элем. Елисеев деген ким? Эсиңердеби? “Кристалл” заводун көз боемочулук менен саткан К. Бакиевдин баласынын шылуун юристи. Бакиевдин “Кристалл” заводу сатылбасын” деген буйругуна карабай жок кылган”деди.

“Аалам” гезити эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген макаласын сунуш кылды. Гезиттин дагы бир макаласынын аты “Кыргыз бийлиги чегарасын коргогонго алы келбейби?” деп аталат. Анда: “Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чегара тилкелеринин тактала электигинин айынан кыргыз жарандарына карата тажик, өзбек чегарачыларынын өкүм зордугу чегинен чыгып баратат” деп белгиленет. Макаланын автору Батыр Мурзалиев жергиликтүү бийликтин бул маселеге мамилесин сөз кылып: “Биздин облустук аткаминерлер болсо губернатор К. Масиров баш болуп, маселени өкмөт чечет” деп алакан жайып олтурат. Өкмөт болсо 17 жылдан бери чегара маселесинин аягына чыгалбай келет. Качан чыгары да белгисиз. Ал арада Өзбекстандын Пахтабад райжетекчилиги келип 3 жолу жыйын өткөргөн. Губернатор К. Масиров араңдан зорго бир жолу барымыш эткен. Сүйлөсө оозунан “мамлекет” деген сөз түшпөгөн чиновник, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров мырзага не болгон, коомчулук кулак түрсө да оозунан оңдуу бир тың сөз чыга элек. Генерал Исмаил Исаковдун айтымында президент К. Бакиевдин сунушу менен кабыл алынган Конституцияда жазылган “Чегара кол тийгис” деген сөз бүгүн жокко чыгып олтурат” деп кейиди.

Аталган басылмага “Московский комсомолец” гезитинин кабарчысынын суроолоруна жооп берген “Кыргызалтын” АК деректирлер кеңешинин төрагасы А. Елисеевдин айткандары да жарыяланды. Елисеев мырза анысын “999-пробадагы келишим” деп атап ”... өлкөнүн бюджетине түшчү каражаттар кескин көбөйөт. Чегерүүлөрдүн 4 пайызы минералдык-сырьелук базаны чыңдоого, 1 пайызы Ысык- Көл облусунун фондуна жумшалат. Кирешенин 1 эле пайызы жылына 4,5-6 млн. АКШ долларын түзөт” деп жар салды.

“Учур” гезити Алмаз Атамбаев Түркиядан келип, Маскөөгө учуп барганы турат, Акүй политтехнологдорунун жең ичиндеги сценарийи боюнча Атамбаевди шайлоого жеткизбей жыгуу менен Темир Сариевди оппозициядан талапкер катары таанытат имиш, анан ал шайлоодон утулуп, премьер-министрликке кудаланат экен деген жоромолдор жорто баштады деп кабар таратты. Ушул эле басылма БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын “Мени “Гиннестин китебине” киргизсе болот” деп атлган интервьюсун 24 kg маалымат агенттигинен көчүрүп басты. Жообунан үзүндү келтирели.

Кабарчынын: “Сиз качкандан кийин көпчүлүк сизди түшүнүүгө аракет кылганы менен арадан сиздин принципиалдуулугуңуздан күмөнсүнгөндөр да чыкты. Мисалы сиз өткөргөн парламенттик шайлоону Мирослав Ниязов “өлкөнүн тарыхындагы эң ыплас шайлоо” деп атады...” дегенине К. Кабилова айым: “ Шайлоо кадимкидей эле ачык-айкын, туура өттү. Күнөөлөй берүү албетте оңой. Мен деле Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысынын кызматын аркалаган Мирослав Ниязовго бир топ кине кое алам. Аскар Акаев үч мөөнөт ушулардын жардам, колдоосу менен олтурса керек. 20 миң жергиликтүү, 600 эларалык байкоочу көз салып, ар бир комиссияда шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү олтурса мен кантип фальсификацияга жол бере алат элем? Ушундай катуу көзөмөл шартында көз боемочулук ишке ашабы? Бизде анда дароо эле 2005-жылдын март окуясы кайталанмак” деп жооп берген.

Ушул эле гезит менен курган маегинде ЖК депутаты Бакыт Бешимов Темир Сариевдин шайлоого чыкканын Акүйдүн долбоорунун кадамы деп баалады.

Кабарчы: - Бирок Темир Сариев сиздерди теңсинбей: “Менин башкы атаандашым Курманбек Бакиев” деп атпайбы?

Б. Бешимов: - Бакиевдин, Сариевдин жана башкалардын артында кысталыш учурда өз позициясын сатпаган, принципиалдуу, элдик кадыр-баркы, калдайган электораты бар лидерлердин бириккен командасы жок.

“Учур” андан ары ушу тапта Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында жаткан Алтынбек Итибаевдин ден соолугу начар экендигин баяндаган кабарчы Дилбар Алимованын күнөөлөнүп аткан жарандын жактоочусу Токтогул Абдиев менен курган чакан маеги да басылды.

“Жаңырык апта” гезити Алым Токтомушевдин “Факт” деп аталган макаласына окурмандардын көңүлүн бурду. Бийлик жана көшөкөрчүлүк, жалган жана жагымпоздук жагдайларын кепке алган белгилүү журналист макаласын аяктап баратып: “Кечээ бийлик мамлекеттик резиденцияда “той-аш” уюштуруп, ага бийликке анча кайыр-каяша айтпаган “прогрессивдүү” журналисттер чакырылган, алар кудай буюрса Бакиев кайра шайланат, кайра дал ушул жерден тойлойбуз деген тос менен тарашыптыр, алардын ичинде “Азаттык” радиосунун, дүйнөгө өздөрүн өтө билимдүү, өтө калыс көргөзгүсү келген Англиянын Би-Би-Си радиосунун журналисттери да бар экен. Бирок алар ушундай “тарыхый мүнөттү” чагылдырган жок дешет” деп жазды.

Гезит андан ары “Ала Тоо ынтымагы” деп аталган коомдун “Ыдырабай ыркка келели” аттуу кыргызстандыктарга кайрылуусун ушул эле коомдун төрагасы Тургунбек Кулмурзаевдин “Бизде ынтымакты чыңдоодон башка жол жок” деген маеги менен жанаша жарыялады.
XS
SM
MD
LG