Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Бакиев да, база да калат


АКШ авиа базасы боюнча маселе кыргыз басма сөзүндө кайра козголо баштады.
АКШ авиа базасы боюнча маселе кыргыз басма сөзүндө кайра козголо баштады.

Жаңы жарык көргөн гезиттер шайлоо, америкалык авиабаза, экономикалык жана социалдык маселелер жөнүндө сөз кылышууда.

“Ачык саясат” гезити АКШнын админстрациясы эмдиги жылы Кыргызстанга экономикалык жардамын 25 миллионго жакын доллардан 41,5 млн. долларга көтөргөнү жатканын кабарлап: “Эмне үчүн биздин бийликке “таарынган” америкалыктар кайрадан “берешен” боло баштады?”, “Балким чын эле авиабаза боюнча жаңы сүйлөшүүлөр башталып кеттиби?” деп суроо коюп: “Такталбаган маалыматтарга таянсак Медет Садыркуловдун кандайча каза болгондугу тууралуу видеоматериалдарды АКШнын атайын кызматтары тартып алган имиш, ошол аркылуу кыргыз бийлигин кысып жатат дешет” деген аңыз таратты.

Аталган гезит ошондой эле “Админстративдик ресурстарды колдонуу – шайлоонун ыплас ыкмалары” жана “Шайлоодо жеңилүүнүн 25 ыкмасы” деген материалдарды басып чыкты.Ушул эле санга Алмаз Атамбаевдин пайдасы үчүн президенттикке талапкерликтен баш тарткан генерал Исмаил Исаковдун Кыргыз мамлекетинин түзүлүшү жөнүндөгү программасы да жарыяланды. Генерал программасынын соңун: “Бардык прогрессивдик күчтөрдү, топторду, ар түрдүү ишмерлердин бирикмелерин жана жарандарды, бийликке шайлоону фальсификациялаганга жана бурмалоого жол бербөө үчүн БЭКти колдоого чакырамын жана мен үчүн Кыргызстандын ар бир бурчунан кол топтогондорго чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Өзгөчө Алай районунун элине рахмат айтамын. Мени колдогонуңар менен сиздер Бириккен элдик кыймылды колдогонуңар” деп аяктаган.

“Айгай” гезити “Америка колдон чыгып бараткан авиабазасын кайрып алышы мүмкүн” деген аталыштагы CA-NOWS (KG) маалымат булагынан алынган көчүрмө макаланы орус тилинде сунуш кылды. Анда “Манас” аэропортунун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн АКШ 30 млн. доллар берүүгө даяр экендиги, мындан тышкары Кыргызстанга жыл сайын берилүүчү 25 млн. доллар жардам 41,5 млн. доллар болуп көбөйө тургандыгы тууралуу сөз болот. Серепчилер авибазанын тагдыры 23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин чечилерин айтышууда. Улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт Леонид Бондарец: “Ушундай жол менен АКШ “Манас” авиабазасын сактап калгысы келет, бул акча америкалыктардын Кыргызстан үчүн өзгөчө пряниги” деп мүнөздөсө, КМШ өлкөлөр аралык Институттун Бишкек филиалынын деректири Александр Князев: “Американын кетер-кетпеси Бакиевге байланыштуу. Анын үстүнө американын 30 миллиону орустардын 2 миллиардынын алдында түккө турбаган акча. Маскөөнүн, а балким Пекиндин кеңешисиз Бакиев өз алдынча эчтеке чече албайт” деп айтты. Кыргызстандын политологдор Ассоциациасынын башчысы Нур Омаров болсо президенттик шайлоодон кийин америкалык тарап менен “Манас” боюнча өзгөртүлгөн форматта жаңы келишим түзүлөрүн, АКШ жана Батыш өлкөлөрү өкүл болгон базаны кармап туруу үчүн бул ирет БУУ мандат бериши мүмкүндүгүн билдирди.

Гезит мындан тышкары Чүйдүн мурдагы губернатору Тургунбек Кулмурзаевдин кабарчы менен маегин сунуш кылды. Кулмурзаев учурдагы саясат туманга батканын, эки айдан бери Канттагы цемент заводу, Токмоктогу эки чоң айнек заводу токтоп турганын, өлкө түштүгүндө Майлуу-Суудагы лампа заводу токтогонун, финансы кризисинен Батыш өлкөлөрү 2-3 жылда чыгып кетебиз деп атса, Кыргызстандын качан чыгары белгисиздигин кеп кылган. Экс-губернатор ошону менен бирге эле азыр оппозициянын иш-чараларына такыр катышпай калганын, кайра келгин дегендер болгонун, бирок коомдук иштери көптүгүнөн ал сунуштан баш тартканын саймедиреп берген. Басылманын бул санында коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу жазылган көлөмдүү макаласы да бар.

“Кыргыз туусу” гезити Боршайкомдун төрагасы Дамир Лисовскийдин: “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам чегинде, пландуу иштеп жатат” деген маегине орун берди. Лисовский мырза анысында: “Президенттик шайлоо мүмкүн болушунча ачык жана айкындуулукта, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өтөт, андыктан Боршайком тарабынан талапкерлер үчүн бирдей шарттын камсыз болушуна жана өлкө жарандарынын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышына бардык аракеттер көрүлөт” деп айтты.

Ушул эле гезиттен алдыдагы туристтик сезонго карата “Сулайман тоого суктанып, Кара-Шорону кайра көрүүгө келишет”, “Көз кареги Ысык-Көл” аттуу макаалаларды, билим берүүнүн сапаты оңолсо коррупция жок болорун баяндаган, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроосуна арналган макаланы, ден соолук, тарых, маданият тууралуу метриалдарды да окууга болот.

“Агым” гезитине берген интервьюсун коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков “Биздин эл ойлонбой эле президент болгусу келет” деп атаган. Абдуразаков: “Эгерде Кыргызстанды чыныгы өлкөгө айландырабыз десек, анда шайлоо таза өтүшү керек. Бирок эл жарандык укугун пайдаланып, берген добушуна көзөмөл кыла алабы же жокпу? Кеп ушунда” деди. Андан ары ал кандай болгон күндө да коңшу өлкөлөр менен алаканы чыңдоо керектигин, колдон келсе бардык ири державалар менен жакшы мамиле түзүү зарылдыгын белгилеген. Париялар тууралуу сөз кылып, ал ”Партия дегенде АКШдагы президенттик шайлоо эске түшөт. Бизде акчасы жок киши өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Ал эми АКШнын жаңы президенти Барак Обоманын капчыгы жука бечара экен. Ага карабастан америкалыктар аны баалап, колдоп, атүгүл шайлоо өнөктүгүнө деп акча чогултуп беришти. Бизде ушундай болушу мүмкүнбү? Жок. Анткени Кыргызстан андай деңгээлге жете элек” деген оюн билдирди.

Гезит “Кыргыз-өзбек чегараларындагы акыркы окуялар өзбек бийлиги тарабынан Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушунун айынан атайын жасалышы мүмкүнбү?” деген суроо койду.

Коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков: – Чек айылында болгон окуяны Камбар Ата сындуу мамлекеттик долбоолорго байланыштыруунун кажети жок. Жергиликтүү бийлик органдарынын шалаакылыгынын айынан ушуга окшогон көрүнүштөргө жол берилүүдө.

ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев: - Чек айылындагы окуянын тегерегинде Жогорку Кеңештин атынан Өзбекстан парламентине кайрылуу жолдоо сунушун киргиздим. Жакын арада сессияда каралат. Ал эми Камбар-Ата чечилген маселе, кандай гана тоскоолдук болбосун ГЭС курулат.

Саясат иликтөөчү Марс Сариев: - Ири долбоор катары каралган Камбар-Атанын курулушу өзбек туугандарга жакпай жатат шекилдүү.

Коомдук Ордо Кеңешинин мүчөсү Жаркынбек Касымалиев: - Чек аранын тегерегиндеги чырды эки тарап тең саясый интсрумент катары колдонушу толук ыктымал. Бул окуяны Камбар-Атанын курулушуна байланыштыруу дагы абдан опурталдуу. Анткени өзбек бийлиги бул ири долбоорго башынан эле кызганыч мамиледе.

Журналист Ибраим Нуракун уулу: -Чек аранын чатагын Камбар-Атага байланыштыруунун кереги жок.

“Кыргыз руху” гезити “Таза шайлоо болбойт” деген баштема алдында доктор Жеңишбек Назаралиев менен депутат Бакыт Бешимовдун алым сабагына окурмандардын көңүлүн бурган. Маселен доктор Назаралиев:

-Мен сырттан туруп байкаганда Бакиевдин сүйлөгөн сөздөрүнүн 99 пайызы калп. Ал эми оппозиция ушул жолкусунда шайлоо тазараак өтөрүнө ишеним кылып атканы менен, Бакиев откөн шайлоодогудай эле элдин көзүнчө уят-шерменде кылганга даяр. БУУнун, Еврошериктештиктин, ЕККУнун өкүлдөрү эч нерсе деп айта алышпайт. Көздөрүн жуумп туруп, шайлоо таза өттү деп коюшат,- десе,

ЖК депутаты Бакыт Бешимов: - Бул шайлоо элдин тандоосуна байланыштуу болот. Азыр эл даңгыр жолго түштү. Ошондуктан мындан ары алдоо менен бийликте олтурууга чекит коюлат,- деп айтты.
XS
SM
MD
LG