“Мени тирүүлөй өлтүрбөй, баламды таба албаганыңарды ачык айткыла!” Мына ушинтип президент К. Бакиевге кайрылган кат бүгүн “Ачык саясат” гезитине жарыяланды. Каттын ээси Сузак районунун Ленин атындагы айыл тургуну Сыдыкова Суусар – дайынсыз жоголуп кеткен Бактыяр Амиржановдун энеси.
Ал президентке жазганын: “Урматтуу Курманбек Салиевич, сиз жакында Жалал-Абадга келгенде кайрылуу катымды колуңузга берип, эки-ооз арманымды айтканга мүмкүнчүлүк беришпеди. Не деген адамдар айланаңызга топтолгонуна түшүнбөйм. Кыргызстан үчүн 3 жыл арасында жүздөгөн жоголуу, жүздөгөн буйрук менен атуу, миңдеген тентимиштер, майыптар өтө эле көп эмеспи? Боору бүтүн, телегейи-тегиз үйбүлөдөн канчасы калды? Эсебин алган жетекчи барбы? Акүй элге кызмат кылуудан баш тартктанбы? Кайрылууга тез жооп күтөмүн. Жооп оң жакка чечилбесе, Акүй алдында баламдын артынан мени да жоготкула! Чын ыкластан макулмун, жаным Бактыярдан ашык эмес. Бул менин акыркы өтүнүчүм, “Ачык саясат” аркылуу акыркы кайрылуум” деп аяктайт.
Гезитке ошондой эле союз учурунда советтик, чарбалык кызматтарда иштеп, ардактуу эс алууга чыккан ардагер Калкаш Батыркановдун “Көмүрдүн үстүндө жашасак, “көң жак” дейт” жана гезит кабарчысынын “Техникалык текшерүүдөн кимдер өтөт: адамдарбы же автоунааларбы?” деген макалалары, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун маркум Дооронбек Садырбаевди эскерүүсү, БЭКтин өкүлдөрүн балыкчылыктар кантип басынтышкандыгы тууралуу баяндамалар басылды.
“Кыргызга мамлекеттин кереги барбы?” Мына ушундай суроо койгон басылма бул макаласында акыркы кездеги чегара, курултай чатагы же расмий жолугушуу дегендердин бири бирине байланышы барын, өлкөдө баштан-аяк мыйзамсыздык өкүм сүрүп, карапайым калк итке минип, ал эми мамлекет чегин бөтөн өлкө суроо-сопкуту жок эле басып алып жатса, кыргыз элитасы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоонун ордуна бийликтен “жугунду” үмүт этип, жагалданып жатканын жазат. “Ушундай коому, ушундай эли, ушундай элдитасы менен Кыргызстан деген өзүнчө мамлекет болуп жашай алабы, деги бизге мамлекеттин кереги барбы? Бүгүн кырдаал болочок президентити тандоону эмес, ушул маселелерди референдумга алып чыгууну талап кылып турган жокпу?” деген суроону коет журналист.
Ушул эле санда белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин бийликтин күнү ажаан аялдарга түшүп калганын, аларды аялдар көлдө кантип талаганын, бирок күрөш ушуну менен токтоп калбай тургандыгын айткып бергендери да окурмандарга тартууланды.
“Балдардын күлкүсү – бактылуулуктун үлгүсү” деген аталыш менен жаңы санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити Зита менен Гита кубанычка бөлөнгөнүн, бул сиам эгиздери үчүн президент К. Бакиев 100 миң сом кошумча кошуп, андан сырктары керебеттердин жаңыларын, шкаф, гардероб, үстөл, кир жуугуч машине, муздаткыч, телевизор белекке бергенин, өкмөт башчысы И. Чудинов эки кызга принтери менен компьютер тартуулаганын, КР транспорт министрлиги Бишкек-Москва-Бишкек авиакаттамы менен үч жолу бекер уча турган белет белек кылганын, бул эки кыз үчүн өткөрүлгөн марафонго кыргыз аткаиминерлеринин өзүлөрү эле эмес, бала-чакалары да келишкенин, жалпысынан Зита, Гита Резахановалардын ден соолугун чыңдоо үчүн 870 миң 159 сом чогултулуп берилгенин жазып чыкты.
Ушул эле санга социология илиминин доктору, мударис Кусейин Исаевдин “Кыргыздар оор сыноого кабылган кез” деген ат менен маеги басылды. Исаев маегинде Ата Журт, эл, өлкө үчүн жоопкерчилик сезими өчүп баратканын, Ата Мекенди, ыйык жерди, арбакты сыйлабагандык өкүм сүргөнүн, бийликтегилер элди бириндетип, темселетип чачып жиберип, карап олтура бербестен, аларды кантип чогултуу маселесин ойлонушу керектигин кеп кылат.
“Кыргыз туусу” ошону менен бирге эле бир катар илимпоз-окумуштуулардын, депутаттардын президент К. Бакиевге кайрылуусун да басты. Анда буга дейре гезит бетинде талкууга алынган ысырапкорчулукту чектөө туурасында маселе коюлган.
Журналист Орозалы Карасартовдун “Түштүктөгү чегараларыбыз бекемделүүгө муктаж” деп аталган макаласында жашаган жери Кыргызстандыкы болгон менен паспорттору Өзбекстандыкы болгон жарандар бар экенин Ала Бука районунун Көк Серек айылындагы 9 үйбүлөнүн мисалында сөз кылган. Мисалы Кара Коргон айыл тургуну өз үйүн Өзбекстандын жаранына сатып жиберген. Ак коргон айыл өкмөтүнө караштуу Узак-Арык аймагындагы Кыргыз Республикасынын 6,1 гектар жерине өзбек жарандары үй-жай салып, бак тигип алышкан. Жер салыгын Кыргызстанга төлөшкөнү менен, паспорттору Өзбекстандыы. Ошондууктан чегараларды тезинен бекемдеш керек деп жазат автор.
ММКлардын катарына жакындан бери кошулган “Көк асаба” гезитинин кезектеги жаңы саны да бүгүн жарык көрдү. “Оболу улуттун тарыхын тартып ал. Бир муун өткөн соң ал улут жөн гана үйүлгөн топко айланып калат. Дагы бир муун өткөндөн кийин ошол улутту мал сыңары башкарып алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт” деп айткан фащисттик Германиянын башкы насаатчысы Йозеф Геббельстин сөзүн шилтеме кылган гезит журналист Данияр Исановдун “Тарыхта калган так” аттуу рубрика алдында даректүү баянын сунуш кылды. Макалада фащисттердин колуна туткунга түшкөн Мустафа Шокайдын туткундагы кыргыз, казак, өзбек, каракалпак, түркмөн, тажик улутундагыларды топтоп, аларды апааттан аман сактап калуу максатында кантип “Түркстан легионун” түзгөндүгү туурасунда баяндаган.
Гезит кара сөздүн айтылуу чеберлеринин бири Ашым Жакыпбектин “Теңири Манас” романынан көчүрүп басууну уланткан. Жазуучу Асыкбек Оморовдун кыргыз ырым-жырымдары жөнүндө жыйнагандарынан үзүндү, талантуу акын Калчоро Көкүловдун “Сезим бар бирөөлөргө качып жүргөн, өчүм бар бирөөгө деп катып жүргөн” деген ат менен жаңы жазган ырлары да “Көк асабанын” бүгүнкү санында.