Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

М. Ниязов: “Шайлоо болор-болбосу да белгисиз...”


Саясатчы М. Ниязов "Айат пресс" гезитиндеги магеинде шайлоонун башы фарс менен башталганын, аягы комедиядан трагедияга айланып кетиши ыктымалдыгын айтты.
Саясатчы М. Ниязов "Айат пресс" гезитиндеги магеинде шайлоонун башы фарс менен башталганын, аягы комедиядан трагедияга айланып кетиши ыктымалдыгын айтты.

Гезиттер адаттагыдай эле алдыдагы шайлоо, көлдөгү окуя, саясат, эл турмушу, чегара маселелерин талкууга алууда.

“Бүгүнкү кырдаалда Кыргыз Республикасында таза шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес. Анткени ыплас шайлоонун аркасы менен келген бийлик эч убакта таза иштебейт, андай бийликтин, андай мамлекеттин дүйнөлүк коомчулук алдында эч качан аброю болбой тургандыгын эл деле түшүнгөндөй болду окшойт.” Бул сөздү бүгүн жарык көргөн “Айат пресс” гезити аркылуу “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Болот Шерниязов “Укугу тебеленген элге эшек да кожоюн болот” деп айтып чыкты.

Ушул эле гезит саясатчы Өмүрбек Текебаевдин үзгүлтүккө учураган курултай тууралуу: “Былтыр Көлгө келгенде Дооронбек Садырбаев нааразы болуп: “Маа демектен көлдүктөр көлүн, жерин кашыктап эмес, чөмүчтөп сатсын, алар эл эмес экен” деп кеткенин, бирок биз таарынбайбыз, жакынкы күндөрү чоң-чоң иштерди баштайбыз” дегенин шардана кылды.

“Парламенттегилер көлөкөсүн сүйрөп жүргөн иттей”. Мына ушинтип айткан саясатчы Мирослав Ниязов гезит кабарчысынын суроолоруна берген жообунда Ысык-Көлдөгү окуя акылсыздык менен уюшулганын, 2005-жылы дагы бийлик элди акылсыздык менен тебелеп-тепсегенде көтөрүлгөнүн, тарыхта элди эчким багынтууга күчү жетпестигин айткан. Ал: “Ачыгын айтканда бизде бийликтин бир дагы бутагы жок. Жалгыз гана Бакиев деген бар, калгандары бир адамдын сөзүн сүйлөй турган бутактар болуп калды. Ушундай жасалма жол менен эч качан кризистен чыга албайт” деп айтуу менен алдыдагы шайлоо болор-болбосу да белгисиздигин, мындай акылга сыйбаган окуялардын аркасында шайлоо өтпөй калышы толук мүмкүндүгүн, анткени шайлоонун башы фарс менен башталганын, аягы комедиядан трагедияга айланып кетиши ыктымалдыгын кошумчалаган.

“Учур” гезитине маек курган саясат иликтөөчү Марс Сариев оппозициянын азыркы абалына баа берип, оппозиция позициясын тактап алганы туура болгонун, жалаң гана бир идеяга бирикккен оппозиционерлер калганын, ийгиликке жетүүгө шаасы бар экенин, бир жагынан Темир Сариевдин чыгып кеткени оппозиция үчүн жакшы болгонун белгилеген. Саясат иликтөөчү андан ары “Сариевдей кылчактап, арсар болуп турган саясатчылардан оппозиция өз учурунда арылганы туура болот эле. Бул Ак үйдүн оюну болсо керек, буга чейин Сариев оюн билдирбей келип, жакын калганда чыга калганы шек туудурбай койбойт” деген оюн билдирген. “Шайлоодо жеңиш үчүн оппозиция кандай аракеттерди көрүшү керек?” деген суроого Марс Сариев: “Азыркы түзүлгөн кырдаалдын өзү эле оппозиция үчүн иштеп жатат. Курманбек Бакиев үчүн бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин кыйнап кол чогулттуруп, атайын тизмелерди түзүп жатканы эле элдин кыжырын келтирүүдө. Бул оппозиция үчүн жакшы. Бир караганда админстративдик ресурсту бүт бойдон колдонуп аткан бийликте шанс көбүрөөктөй сезилет. Орусия кредит берип колдоодо. Бирок жашоо оор болуп калганын, кландык, үй-бүлөлүк башкаруу орногонун эл деле түшүнүп турат. Шайлоонун алдында пенсияны көтөрүп койду. Буга чейин эл оппозиционерлердин кимисин ээрчишин билбей келсе, эми Атамбаевди колдоп берет деген ойдомун”, - деп жооп берген.

Гезит ошондой эле Атамбаевге кол койгон жарандарды ачык да, тымызын да коркутуулар болуп атканын, өлкөнүн баш салыкчысы Акмат Келдибековдун гезити деп жүргөн “Жаңырык аптаны” Түштүктө бекер таратуу вазийпасы көрүлүп атканын, анткени анда Темир Сариевдин заказы менен А. Атамбаевди каралаган материалдар орун алганын, акжолчу депутат Ибрагим Жунусов оппозиция Дооронбек Садырбаевдин эстелигинин ачылышынан да саясат издеп жатат деп бакырып алгандын ордуна мүрзөсүнө барып бата кылып кетсе болбойбу деп кабар таратты.

“Асман преss” гезити “Ата Мекен” партиясына мүчө болуп жүрүп андан чыгып кеткен жаш жигит Адилет Айтикеевдин “ Убагында “атамекенчилер” мени Атамбаевдин агенти дегенге чейин барышкан” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Айтикеев 2007-жылдагы апрель митингин эске салып, күч органдары кууп-таратып киргенде эл менен Темир Сариев гана болгонун, ошондон тартып анын позициясын сыйлап калганын, президенттикке татыктуу деп эсептээрин, ал эми таластыктардын Алмаз Атамбаевге көз карашы начар экендигин сөз кылган.

Аталган гезит “Ак шумкар” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Уланбек Карыповдун “Бүгүнкү оппозицияны пенсияга кетириш керек” деген аталыштагы интервьюсун жарыялады. Карыпов Темир Сариев жөнүндө сөз кылып, коомчулукта “аны чүйлүктөр эле колдойт, башка региондордо анчалык деле кадыр-баркы жок” деген сөздөр жалган экендигин, Сариев эки-жакка “куйтуланып” сатылбаган позициясы менен бүтүндөй Кыргызстанга таанымал экендигин белгилеген.

“Жаңырык апта” гезити акжолчу депутат Осмонали Аттокуров менен маек курган. Депутат “Ажобузду эл кайрадан тандап алат, анткени ал киши башкаруу багытында өзүнүн бийик деңгээлин көрсөттү, президенттин ынтымак, биримдик жөнүндө айткандары мени кубантты” деп айтты. Гезит андан ары мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев Чычкан капчыгайында Социал демократтардын катарынан кутулгандыгы үчүн “акжолчуларга” түлөө өткөзгөнүн, бул тойго “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов, вице-спикер Азиз Турсунбаев баштаган депутаттар барып, таң атканча чардашканын, Бишкектин борборундагы “Илбирс” аттуу имарат Адахан Мадумаровго таандык деген имиш угушканын, ажолукка ат салышкандар “жугунду” төккөнүнө карабай Т. Сариев 50 миң кол топтоп, Боршайкомго тапшырып салганын, көлдүктөр кууп чыккан оппозициянын оозу агала болгонун жазып чыкты. Басылмадан муну менен катар эле “Петровка боюнча талаптар аткарыла элек”, “Оппозициянын тулкусу бар, башы жок”, “Кыргыздар биригип бешбармак жейт, чыгып алып бири-бирин шыбайт”, көзү ачык аялдардын “Ажолукка талапкерлерден экөөнүн өмүрү кыска” деген интервьюларын окууга болот.

Бүгүн орус тилдүү “Лица” гезити да жарыкка чыкты. Гезит “Бакиевдин президенттин төрт жылы” жана Атамбаевдин амбициясы” деген макалаларды басты. Биринчи макаланын автору бүгүнкү президенттик так талашта Бакиевден артык эч ким жок экендигин, орустар берген карыз акча аркылуу өндүрүшчүлөр менен бизнесмендерге колдоо көрсөтүлүп жатканын, өлкөдө экономиканын өнүгүшүнө шарт түзүлүп, элементардык тартип орногонун сөз кылса, 2-макалада А. Атамбаев катуу сынга кабылган, Алмаз мырза эч качан оппозицияда болбогону, мамлекеттик башкарууга тажрыйбасы жоктугу айтылган.
XS
SM
MD
LG