Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

“Салт бузулат, сак болгун!..”


“Ачык саясат” өлкө саясаты, “Кыргыз туусу” президенттин Көл аймагын кыдырганы тууралуу жазса, “Көк асаба” гезити каада-салттын бузулушу тууралуу жазды.

“Көк асаба” гезити мударис Кусейин Исаевдин “Кыргыз ким? Ким болот? Ким эле?” деген макаласын окурман журтуна тартуу кылды. Белгилүү окумуштуу байыркы даанышман кыргыздын азыркы абалына баа берип, элдин социалдык жактан азып-тозгонун, жандүйнө рухунун жакырданышын төмөнкүдөй себептерден көрөт. 1-кландуулук, 2-коррупциялуулук; 3-карызга баткандык; 4-кредитке алдангандык; 5- калпычылык; 6-кымбатчылык... Илимпоз андан ары мындай азаптан чыгуунун үч багытын алдыга тартып, улуттук мамлекеттүүлүк жана келечек үчүн президент Курманбек Бакиевдин “Жаңылануу багытын” так аткаруу бул максаттар менен төп келер эле деген оюн айтат. Мударис К. Исаев кыргыз элинин жаңырууга угуту, көрөңгөсү али да терең экендигине ишенет.

Гезит буга улай Текебаев. Тейитбек. Телтору ат” деген аталышта белгилүү саясый ишмер Өмүрбек Текебаев менен маңдай-тескей маектешкен. Мисал тарталы.

Кабарчы: - Азыркы учурду сиз кыргыз тарыхынын кайсыл мезгили менен салыштыра аласыз?

Ө. Текебаев: - Мен Көлгө барганда аксакалдардан бир окуяны уктум, ошону айтайын. Балбай баатыр Алматыда түрмөдө жатып каза болуптур. Анын сөөгүн алып келип койгонго тууганы чыкпаптыр. Ошондо Шабдан баатыр “Кой, кыргыздын баласы эле, уят, казактарга сөзгө калбайлы” деп, сөөгүн алып келип, азыр күмбөзү турган жерге койдурткан экен... Мына кечээ биз барганда акими, милийсанын начальниги, баш прокурору биригип алып, артында турган топ балдарды “Мына булар Балбайдын урпактары” деп айтышты. Ал урпактар бизди Көлдөн кууп чыкты. Мага аким ошол жерден айтты: “Сен эмне үчүн келдиң, бар Ошко кет” деп, менb сөзгө жыгылат бекен деп “Макул, Ошко кетейин, анда менин катта акам президент Бакиев келсе ага да ошентип айтасыңбы?” десем, “Жок, аны тосуп алам. Кызматың болсо, байлыгың болсо сени да тосуп ала беребиз” дейт. Мына уят-сыйыты жок адамдын жообу.

Андан ары Текебаев көлдөн аларды мазарга барса да, батага барса да казандарды оодарып, дасторконду тепсеп, кууп, кыргыздын кылым карыткан ыйык салтын жүзү каралык менен бузуп киришкенин каңырыгы түтөп кеп кылган.

“Ачык саясат” гезити гезиттин башкы редакторунун орунбасары Абдувахаб Мониевди Бишкектин Токтогул – Жаш Uвардия көчөлөрүнүн кесилишине классташ баласы чакырып чыгып, анан ал аерге барганда белгисиз адамдар тепкилеп кеткенин маалымдап, демек Мониевдин токмоктолушу “Ачык саясат” гезитине жасалган саясый кысымдын уландысы деп баалады. Гезит андан аркы үч макаласын Ысык-Көлдө бийлик тарабынан тоскоолдукка учураган калган курултайга арнаган.

“Арзымат ырчы” атыкпайлы” деген макаласын окурмандардын элегине салган обончу Жалил Сыдыков көркөм өнөр адамдарын президенттик шайлоодо бир аз акчага, көрдүйнөгө азгырылып, “арзымат акын”, “десант ырчы” деген жаманатка калбай, шайлоо алдында тигил же бул тараптын үгүтүнө үлүш боло бербей, андан көрө Кыргызстанда шайлоонун таза өтүшүнө көмөктөш болууга чакырык таштаган. Гезит андан тышкары “Манас ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаевдин Чыныгы таза исламды колдоого алам”, журналисттер Айбек Шамшыкеевдин “Санаага салган саясат”, Нурбүбү Бөдөшованын “... кызынын аты Жармагүл”, Рыскелди Момбековдун “Чыңгыздын асыл арбагы, чындыкка жетпей калабы?” деген макалаларын тартуулады.

Белгилүү чекист Мирослав Ниязов маек куруп: “Кыргызстан тышкы коркунучка да, ички коркунучка да даяр эмес” деп айтты. Кабарчынын акыркы мезгилдеги өзбек-кыргыз чегарасындагы окуялар боюнча суроосуна жооп берген Ниязов, бул өзбек бийлигине каршы уюшулган күчтөр болушу мүмкүндүгүн, аны Кыргызстан тараптан кирди дегенди да жокко чыгарууга болбостугун, ушу тапта Кыргызстандын коопсуздук системасы өтө начардыгын, эң башкысы кыргыз эли менен эсептешкиси келбеген коңшулардын сүрсөөлөт үстөмдүгүнүн себеби эле – Бакиев баш болгон бийликтин кадыр-баркы жоктугун айтып чыккан. Гезит бул интервьюну “Азаттык” радиосунан көчүрүп баскан.

Басылма андан ары ушул эле санына Бириккен Элдик Кыймылдын бюро мүчөсү. Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин “Кыргызстанга башкаруунун кандай системасы керек?” деген макаласын басты. Т. Тургуналиев Кыргызстанды кандай аймактык түзүлүштөргө бөлүү менен кантип башкаруу керектиги жөнүндөгү долбоорун калкка сунуштаган.

Эртең улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына бир жыл болот. Мына ушуну эске салган макала жазган журналист Папан Дүйшөнбаев дагы бир макаласында Кыргызстанга араб инвестициялары келе баштаганын жар салды. КР президентине караштуу Стратегиялык анализ жана баалоо институтунун деректири Сергей Масауловдун “Анжыяндагы окуянын учугу Ооганстан менен Пакистанга барып такалат” деген интервьюсу жарык көрдү. Өзбекстандагы кол салуу окуясы тууралуу кеп кылган Масаулов мырза Ферганада көтөрүлүштүн болуу мүмкүнчүлүктөрү жок эместигин, анткени өзбек жетекчилигинин авторитардуулугу, коррупциянын, жек-жааттык, тууган-туушкандыктын күчөшү, күч органдарынын “катуулугу” элдин митингдерди уюштурууларында, масштабдуу террактардын болушунда жергиликтүү бийликтердин ишмердигин кыйла алсыздандырып коюшу мүмкүндүгүн белгиледи. Сергей Масаулов “Өзбекстан сырттан кол салууга туш болгон жок. Маселенин тамыры бул өлкөнүн ичинде жатат” деген ойду айтуу менен бул көрүнүштү террорчулардын “партизандык” тактикасы катары мүнөздөдү жана ага каршы Борбор Азия мамлекеттери аракеттерин бириктириши керектигин билдирди.

Гезит ошондой эле Чүй дубанында мамлекеттик тилдин абалы жакшы эместигин, мектептерде кыргыз тилин 1-класстан 11-класска чейин окуган окуучулар жадагалса “атың ким?” деген суроого жооп бералбай коюшканын, Чүйдүн айрым айылдарындагы көчө аттары мыйзамга ылайык кыргыз жана орус тилдеринде жазылыш керек болсо, эми дунганча жазыла баштаганын журналист Жыпар Исабаева макаласында сөз кылды. “Кыргыз туусунда” булар менен бирге эле президент К. Бакиевдин Ысык-Көл дубанын кыдырып, эл менен жолугушуусунун баяны, Кыргыз кино департаментинин деректири Абибилла Пазыловдун кыргыз киносунун кайра жаралуусуна арналган маегинин кортунду бөлүгү ж.б. материалдар басылган.
XS
SM
MD
LG