Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Кыргыз бийлигинин кылы кыйшайбады


Айтматов дүйнө салганына бир жыл болду.

Гезиттер Ч. Айтматовду эскерип, саясат, шайлоо, экономика, эл көйгөйү жөнүндө жазууда.

“Агым” гезити Чыңгыз Айтматов тууралуу карындашы Роза Айтматованын эскерүүсүн, өлкөнүн баш салыкчысы Акматбек Келдибековдун телефон жообун, “Кут” саясый партиясынын башчысы Болот Жанузаковдун маегин, цементтин бир мүшөгү 450 сомго чыкканын, гезит кабарчысы Келдибек Назировдун “Чек бекип жатабы же согушка даярданып жатабы?” деген макалаларын басты. Акыркы макалада автор Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров өзбек-кыргыз чегараларындагы акыркы окуяларга бийликтин позициясын эмдигиче билдире электигине, чек арада карабашыл адамды өз жеринде коңшулар атып өлтүрүп атса да кыргыз бийлигинин кылы кыйшайбаганына жаны кашайган.

Гезит “Ачык саясат” гезитинин анык кожоюну А.Атамбаевди колдогон экс-депутат Ташполот Балтабаев экен деп, Бишкектеги Жалалабад чайканасы “акжолчу” депутат Арапбай Төлөновдуку деп жүрсөк, кафеден Аскар Акаевдин аспиранты Кубанычбек Жумалиевдин эки кулагы далдайып чыгып калды, март ыңкылабы болору менен депутат Арапбай мырза аталган Жалалабад чайканасын мыйзамсыз басып алган имиш, бирок кафенин документи экс-ханзаада Айдар Акаевдин колунда экен деп, акыркы убакта Бишкек архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын башчысы Онушбек Турсунбаевге ар тараптан чабуул башталганын, бирок бул “фантаст” начальник ЖК төрагасынын орунбасары Азиз Турсунбаевдин бир тууган агасы экендигин, ошон үчүн үкам турганда эч кимиң кылымды кыйшайта албайсың деп көкүрөк каккан имиш деп, ЖК депутаты Айнура Кенжебаева Аламүдүн райархитектура төрагасынын орунбасары болуп турганда майлуу-сүттүү далай жерлерди сатып ийгени жөө жомокко айланганын, анын айынан Кенжебаевага кылмыш ачылган деген сөздөр барын, жакында эле парламентарий айым кесиптеши Нурпазыл Атамбаевге Аламүдүн районунан текейден арзан баага жер сатып алганга жардам бергенин эшиттик деп маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити президент К. Бакиевдин борбордук Ала Тоо аянтына мамлекеттик тууну көтөргөнүн кабарлап, ага арналган макаласынын атын “Ыйык туунун алдында биригели, өнүгөлү” деп атады.

“Эркин тоо” гезитине президент К. Бакиевдин “билим берүү реформасын жүргүзүүнүнүн концепциясы” жарыяланды.

“Кой деп корккудай Каримов-Бакиев каршылыганан өзбек-кыргыз жаңжалы чыкпайт, Ош окуясы кайталанбайт. Кыргызстандык өзбектер деле Каримовду жакшы көрүп жаткан жери жок. Өзбек чегарачылары атып кеткен Кыргызстандын жаранынын улуту өзбек экенин эске алсак, Каримов өз кандашын аяган жок. Ал кыргызстандык бир өзбек эмес, өзбекстандык миң өзбекти да аяган эмес” деп жазган “Кыргыз руху” гезитинин баш редактору Айзада Абазова өзбек чегарачылары чектен чыккан жоруктары үчүн жооп бериши керек деген оюн билдирген.

Ушул эле санда Азизбек Келдибеков “Кагылайын Каркырам, кайрылып келер күн барбы?” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. “Премьер-министр болот дешкендери калп” деген теманын алдында президенттикке талапкер Темир Сариевдин кабарчынын суроолоруна жообу басылды. Буга улай эле “Улуу Биримдик” саясый партиясынын башчысы Эмилбек Каптагаевдин “Талапкерлердин президенттикке аттанганы куру тобокел эмес” деген маеги жарык көрдү. Эмил мырза “Телеканалдар, радио, “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттери бир жактуу гана учурдагы президенттин бийлигин сактап калууга иштеп жатканы туура эместигин, анткени бул маалымат каражаттарынын баары эл эсебинен кармаларын, алар президенттин менчиги эмес, эл энчиси экендигин айтып чыкты. Каптагаев андан аркы сөзүндө “Эгерде ушул саам Бакиевдер элдин көзүн будамайлап кетсе, анда жакынкы 10 жылда буларга тике качырып чыгала турган баатырдын чыгышы күмөн. 23-июлдан кийин өйдө карап сүйлөгөн киши калтырбайт булар, атканын атат, чапканын чабат, Кокон хандыгынын түспөлүндөгү мамлекетке айланабыз. Азыр унчукпай, тымпыйып кутулуп кетебиз дегендердин баары жаңылышат!” деди. Ал андан ары алдыдагы шайлоодо бийлик кайра адгы жүзүкараллыкка барса, анда ал үчүн акыркы шайлоо болорун да кошумчалады.

Аталган басылма Токтогул райакими Таалайбек Чотоев менен аңгеме дүкөн курган. Аким өз сөзүндө жеке адамдын талапкерлигин өткөрүү боюнча жогору жактан эч кандай буйрук берилбегенин, өзү президенттин өкүлү катары эл менен тыгыз иштешип жатканын белгилеп, Камбар Ата ГЭСинин курулушуна кенен токтолгон.

Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын катарына дагы бир гезит келип кошулду. Аты “Пресс kg”. Башкы редактору Бакыт Аскарбек уулу. Алгачкы саны 2000 нускада жарык көрдү. Аталган гезит “Болочок президенттерге сереп” аттуу макаласында “Курманбек Салиевичтин шайлоодогу тандемдеши ким болот? Албетте, Нурлан Мотуев! Ал теледебатка чыгабы же эл менен жолугушууга катышабы, Бакиевдин негизги атаандаштары болгон А. Атамбаев жана башкаларды жеберине жеткире шыбап, өзүнүн да, Ак үйдүн да моокумун кандырары анык. Чындыгында Мотуев үчүн элден добуш алуу маанилүү эмес, башкаларды ашата сөгүп, өз добушун элге жеткирүү маанилүү” жеп жазды.

Гезит “Ачык саясат” гезити эмне үчүн чыкпай калды деп суроо коюп, ал гезиттин баш редактору Бабырбек Жээнбеков президенттикке талапкер Темир Сариевдин короосуна кирип кеткенден кийин көмүскө кожоюну аны иштен бошотконун, ошондон улам гезиттин баш редактору мөөрүн катып алып качып жүргөнүнө байланыштуу гезит чыкпай калганын кабарлады.
XS
SM
MD
LG