Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

КР эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев: “Бул наадандык”


Гезиттерде "Ала-Тоо" аянтындагы айкелдер боюнча талкуу уланууда
Гезиттерде "Ала-Тоо" аянтындагы айкелдер боюнча талкуу уланууда

“Кыргыз туусу” гезити ырасмий маалыматтар, тарых, социалдык маселелер тууралуу жазса, “Эркин тоо” гезити мыйзамдарды басып, экономика маселелерин сөз кылган. “Ачык саясат” гезити саясат жана “Ала Тоону” чуу кылган айкелдер жөнүндө жазды...

“Ачык саясат” гезити “Эпос каармандарына коюлган айкелдерден чыр чыкты” деген тема алдында макалалардын топтомун жарыялады. “Кыргыз бийлиги 1-июнда "Ала-Тоо" аянтын шашылыш түрдө оңдоп-түзөө, жаңылоо “саясатын” бүткөзүп, анын бет ачаар аземин өткөзгөн. Бул салтанатка ажобуз Курманбек Бакиев өзү баш болуп катышкан. Ал эми аянттын башкы “жасалгалоочусу” же мэри Нариман Түлеев аянт укмуш өзгөрүлгөндүгүн Бакиев мырзага өзү көргөзүп чыккан эле. Ушунча болуп, кыргыз тарыхынан мындай шумдукту көрбөгөн ажобуздун сүйүнчүнө да, таңкалуусуна да УТРКнын түз эфиринен бүт эл күбө болуп турду” деп баяндаган басылма аянтка орнотулган, бүгүн кыргыздардын кыжырын келтирип аткан эстеликтердин арасында элдин эзелки душмандары Нескара, Жолой, Шыпшайдар жана Мадыкан өңдүүлөрдүн айкелдери турганын, аны КР сүрөт Академиясынын айкелчилери жасаганын, маселен Токмоктон бери атайын көрөм деп келген адамдар шаар башчысына ызырынып жүргөнүн, кыскасы кыргыз бийлиги шаарды “артык кылам деп, тыртык кылганын” баяндады. Буга удаа эле айкелдерге карата алгачкы ой-пикирлер пайда болду.

КР Билим берүү Академисянынын жооптуу кызматкери С. Жаанбаев: - Прагада, Сингапурда, Индонезияда деле турбайбы жомоктордун каармандары. Ошол эле орустарда өлбөс Кащейден баштап Баба Ягага чейин турбайбы.

Журналист Эртабылды Аттокуров: - Эмне иш кыларын, акчаны каякка жумшарын билбеген чоңдор илгерки ата-бабаларына эстелик тургузуу же бабаларынын ысымын айылга же көчөгө ыйгаруу “саясатын” жакшылап өздөштүрүп алышты.

Кыргыз эл акыны О. Султанов: - Бул биздин маданиятка чоң уят көрүнүш. Дүйнөдө мындай болгон эмес, болбойт дагы. Бул жанагы билбестиктин, маңкуртчулуктун кесепети.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев: -Бул наадандык. Аны атабыз Манасты билбегендер жасаган. Мындай болбош керек эле. Муну кимдер уюштурган, идея кимдики, акыл кимдики, эми андан жыйынтык чыгаруу керек. Бул кыргыз көркөм дөөлөт таануунун деңгээлинин наадандагын көрсөтүп койду.

Саясатчы Мукар Чолпонбаев: - Кайсы эле улут өзүнүн душмандарын бизге окшоп ардактап, даңктап, болгондо да борбордук аянтка эстелигин коюп жатыптыр.

Ушул эле санга Азат Саматовдун Дастан Исламович, мен сизге таң калам, неужели сизге никак не доходит?” деген макаласынын соңку бөлүгү басылды.

Баса, “Ачык саясат” гезити бүгүн Рыскелди Момбековдун редакторлугу менен жарык көргөнүн да окурмандарга эскерте кетели, анын себеби ушул санда айтылган. Басылма андан ары АКШ президенти Б. Обаманын президент К. Бакиевге кат жолдогонун, Александр Князев аттуу саясат иликтөөчүнүн айтымында, Кыргызстан Америкалык авиабазаны калтыруу үчүн 350 млн. доллар сурап жатканын, өзбек тараптын чегараны бойлото казган аңгектеринин айынан Жалал-Абад облусуна караштуу 100 гектар жерге суу жетпей калганы, Манас районунун Сары-Булак айылында өткөн чогулушта таластын “чоюн билек”, “манты кулак” жаштары Темир Сариевди сүрөмөкчү болуп атканын, президенттикке талапкерлердин дагы бири Алмаз Атамбаев үгүт ишин түштүктү түрө кыдыруудан баштаганы калганын, ал арада түштүктүн жергиликтүү атка минерлери ага каршы чагымчыларды даярдап жатканын эшиттик деп жазып чыкты.

Баяндамачы Эртабылды Аттокуровдун “Билимдин кетип кунары, сынактан көбү кулады” деген макаласы өткөн жылы өлкөдө коррупция жагынан баарынан алдыга озуп “1-орунга элге билим берүү тармагы ээ болгонун” бийлик өзү ырасмий түрдө белгилегенин эскертип, дал ушул коррупцияга каршы күрөштү элге билим берүү министрлигинен баштоо керек, адегенде агартуу тармагын реформалап, билим берүүнүн жол-жобосун түп тамырынын бери өзгөртүүгө көңүл буруу зарыл деп эсептейт.

“Эркин тоо” гезити Дастан Сарыгуловдун “Улуу Кыргыз дөөлөтү” же байыркы кыргыз тарыхынын биринчи бөлүгү жөнүндө жазган эмгегин жарыялоону улантты. Андан ары айтылуу комузчу Нурак Абдрахман уулунун “Арманга баткан Арсланбап” аттуу макаласы сунушталган. Нурак күүчү жаңгак токою эмес, кыргыздын хан-кагандарынын акыркысы деп санжыраларда айтылып келген Арслан хандын тарыхын иликтөөгө алган. Жазгүл Кенжетаеванын макаласы “Дипломдуулар көбөйсө, жумушсуздардын саны арбыйт” деп аталат. Автор эксперттердин маалыматына караганда жогорку билимдүүлөрдүн көрсөткүчү Кыргызстанда 73, Казакстанда 48, Өзбекстанда 30 пайыздан төмөнкү деңгээлди түзөрүн кеп кылат. Кесиптик билим берүү жагын күчөтүү керек, антпесе жаштардын чет өлкөгө кетип жаткан толкунун токтото албайбыз деген ойду айтат. Гезитке ошону менен катар эле Д. Шабдановдун “Өлкөнүн финансы системасы өнүгүү, жаңылануу жолунда” аттуу көлөмдүү макаласы, адабий бет, футбол дүйнөсүнөн баян, жазуучу Бекен Назаралиевдин “бешик” деп аталган аңгемесинин өзөгүндө белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагуловдун “бешик” аттуу кинотасмасынын бет ачаары болуп өткөнүн кабарлаган маалыматтар ж.б. материалдар тартууланган.

“Кыргыз туусу” гезити президент К. Бакиевдин көчмөндөр цивилизациясы жөнүндө сүйлөгөн сөзүн жана ага карата айрым жарандардын жагымдуу ойлоруна орун берген. Ал эми белгилүү жазуучу Казат Акматтын макаласы “Айтматовдун трагедиясы дүйнөлүк алкакта жатат же улуу жазуучуга реквием” деп аталат. Гезиттин тарыхка арналган бөлүмүндө чыныгы тарых улутту чыйралтаары тууралуу казак тарыхчысы Мамбет Койгелдиев маек курса, баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин макаласы “Ак жүрөктөр караланып, абийирсиздер акталбайт” деп аталат. Автор Орусияда тарыхка мамиле өзгөрүлүп атканын баяндаган биринчи макаласын элдин элегине салат. Гезит муну менен бирге эле журналист Бермет Мааткеримованын “Башкысы баада эмес, кесипкөйлүктө” деген, башка авторлордун “Руханияттын кезектеги эрдиги”, “Жакшыны куруш кыйын, бузуш жеңил” деген макалаларын сунуштаган. Акыркы макаланын автору Кенжебек Какишов: “... ал эми аянттын күн чыгыш жана күн батыш тараптарында жайгашкан “Манас” эпосуна арналган монументтерди көрүп, өткөн тарыхты, мезгилди кыялданып эстейт. Бирок бул майдандын реконструкцияланып бүткөнүнө аз гана убакыт өтүп, анын айрым жерлери урай баштады. Монументтерди даярдоого 500 миң сом жумшалган. Учурда монументтин автору, сынган айкелди оңдоого даяр. Бирок ушундай мамиле улана берсе биз көп чыгымдарга учурашыбыз мүмкүн” деп жазды.
XS
SM
MD
LG