Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-октябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Кыргыз, өлгөн сайын өрчүгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн...


Алат-Тоо аянтында он күнчө турган Нескаранын айкели

Ала-Тоо аянтындагы “нескаралардын” чатагы чындап эле Манастагы “Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башына” айланганы калды окшойт...

“Кыргыз руху” гезити гезиттин башкы редактору Айзада Абазованын “Кытай духу Ала Тоо аянтын эки жума басып жатты” деген макаласын туртуулады. Макалада: “Духу өлуп тирүү жүргөндөн өткөн кордук жок. Эгемендик алгандан бери кыргыз элин тирүү өлүккө айландыруу процесси ар тараптан болууда. Баарынан жаманы өзөктөн чыккан өрт жаман” болуп, өзүбүздүн бийлик төбөлдөрү кыргызды тирүүлөй өлүккө айландыруунун жалаңдаган жасоолдору болуп атканында.

Акаевдин бийлиги кыргызды тирүү өлүккө айландырып бүттүк деп ишенимдүү 4-мөөнөткө барды эле, өзүн өлкөдөн кууп салды” деп баяндап, Ала Тоодогу “нескаралардын” айкелдерин көргөн эл кыжырдана баштаганын, муну сезген “калмакчылык” өзү баштаган оюнду өзү токтотуп, айкелдерди алдыртып кеткенин, бирок ал түп орду менен жоголбогонун, айрыкча калмак каны терең сиңип кеткен Түп, Ысык-Көл өрөөнүндөгү кийинки окуялар мына ушул “калмакчылыктын” далили экендигин эскертти.

“Агым” гезити буга карата журналист Зайыр Ажыматовдун “Айкел чатагы Коңурбайдын урпактарынын атайын акциясы беле...” макаласын сунуштады. Анда айкелдерди жасоо идеясы кимдики экендигин изилдеп таппай коюшканын, бул “чыгармачылыктын” жетекчиси Т. Садыков Казакстанга “кире качканын” талдоого алган. Буга улай эле “Бизге “Манас” эпосундагы терс каармандардын айкели керекпи?” деген суроо менен гезит айрым жарандарга кайрылган.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев- Бул өзү кыргыз элин мазактоо. Душманды урматтаган адам ошол элге караниеттик ойлогон адам. Бул айкелдер жошодон курулган, аны кайра таштан жасатып койдурабыз деген сөз бар. Бул композицияны түбөлүктүү кылганга аракет жасап жатышат окшойт. Ага жол бербеш керек.

Жазуучу Нурлан Кабылбеков: - Көтөрүп чаап атканын шылтоо кылып Жолойду Кошойдун үстүнө чыгарып койгону эмне деген шермендечилик.

Жазуучу Мамат Болот: - Бул кокусунан болгон жок. Койнуна котур ташын катып жүргөн ички душмандарыбыз бар экенин көрсөттү. Маселен, Айчүрөктүн айкели торпок айдап жүргөн секелектей көрүнсө, Алмамбет бир бечера чабанга окшоп калган. Ал эми кыргыз элинин душмандары болгон Шыпшайдар, Жолой, Мадыкан шаңдуу, дандуу чыккан. Мындан 300 жыл мурун Бахадур хан “нукура кыргыздар аз эле калды, эгер бул аз эл бирдиктүү болбосо, алардын атынан башка бир уруу, башка бир элдин өкүлдөрү ар кандай иштерди жасап, түпкүлүгүндө кыргыз улутунун тамырына балта чабат” деген экен...

“Ачык саясат” гезити “Кыргыз бийлиги “Манасты жомок” деди, же Манас чын эле жомокпу?” деген макала басып, Бишкек мэриясынын Ала-Тоо аянтына салган “жортуулун” кеп кылып келип: “Урматтуу Нариман мырза! Манас жомок болсо, анда эмнеге сиз сыйлаган, жамандыкка кыйбаган Курманбек “шефиңиз” алдыдагы президенттик шайлоодо өзүнүн үгүт иштерин жүргүзүү маршын Таластагы Манастын күмбөзүнө барып, ага куран окуудан баштады? Эми дагы мындай суроо. Манас бабабыздын түбүнө жеткен душмандарынын эстеликтерин борбордук аянтка тургузууга жол берип коюп, ажобуз “уялбай” кантип Манас бабабыздын күмбөзүнө барып куран окуп, кантип алакан жайды экен?” деп жазып чыкты. Макаланын катарына окурмандардын СМС аркылуу айткан ачуу ой-пикирлерине да орун берилген. Ошолордун биринде: “Акаев аялга түндүгүн көтөртүп, Бакиев аянтка кыргыздын душмандарын койдуртуп, бири Үзөңгү- Куушту кытайларга, бири Каркыраны казактарга карматып, кыргыз элинин убалына калып олтурушат. Экөөнү тең Манас атабыздын арбагы урсун! “ деп айтылган.

Аталган басылма булардан тышкары саясат иликтөөчү Марс Сариевдин “Таймаш К. Бакиев менен Атамбаевдин ортосунда болот” деп аталган интервьюсун “Азаттык” радиосунан көчүрүп баскан.

“Кыргыз туусу” гезити Боршайкомдун төрагасы Дамир Лисовскийдин үгүт жүргүзүү иштери боюнча түшүндүрмөлөрүн, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде өнөктүктү жалпыга маалымдоо каражаттарында эң мыкты чагылдырууга президент тарабынан жарыяланган конкурс жобосун, өлкө аймагынан тышкары жактарда түзүлгөн шайлоо участкаларынын тизмесин жарыя кылды. Гезитте ошондой эле сандан санга берилип келаткан тарыхы, даректүү баяндардын уландысы, профессор Амангелди Бекбалаевдин “Билим берүү реформасы – Жаңылануу багытынын жаңы бийиктиги” деген макаласы, “Таза суу- алтындан да кымбат” аттуу маек ж.б. материалдар бар.

Гезит Акылбек Жапаровдун “Бизнес жүргүзүү” рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот”, Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимовдун “Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек”, “БЭКтин активисттерине кысым күчөдү”, “Коркутуу-үркүтүүлөргө карабай штабдар иштеп жатат” деген макалаларга, маектерге окурмандардын назарын бурган.

“Эркин тоо” гезити “Бишкек тазарып, кулпуруп баратат”” деген рубрика алдында “Мэр болсоң Нариман Түлеевдей бол” деген ат менен макала басып, шаар жаңыланып атканын, президент Бакиевдин буйругу менен түзүлгөн “Жаңыланган борбор шаар” долбоорунун алкагында иштер башталганын, 2009-2012-жылдарда Бишкек болуп көрбөгөндөй ажайып шаарга айланарын саймедиреген.

“Жаңы ордо” гезитине акыйкатчы Турсунбек Акундун “Курманбек Салиевич экономика, өндүрүш тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар экенин көрсөтө алды” деген интервьюсу жарык көрдү. Акаевдин бийлиги учурунда көптөгөн заводдор талкаланып жок болуп кетпеди беле. Азыр ал заводдордун баарын Курманбек Салиевич ишке киргизип койду. Мына Канттагы цемент заводу, Кызыл Кыядагы завод иштеп, өзүбүздүн эле элге эмес, Борбор Азияга да продукция бере баштады” деди жана ал Акаев учурунда кызматтар сатылып, каражаттар анын үйбүлөсунүн чөнтөгүнө түшүп келсе, азыр андай эместигине токтолду.

“Айгай” гезити Атамбаевдин шайлоо штабынын мугалимдерге, медицина кызматкерлерине жана элге кайрылууларын жарыя кылды. “Балакет падыша болсо да элдин кусуру, каргышы дегенден коркуш керек” деп аталган маегинде БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров мурун Акаевдин ар бир айылда бирден дүжүр чалы болсо, Бакиевдики ондон болуп калганын, аким, айыл өкмөтү, токой башчысы же кайсы бир тармакка жетекчи болом дегендер Бакиевдин туугандарына чыгып, кызматка келип атышканын билдирип: “анан уялбай эле алар “мени Жаныш койду”, “мени Максим бекитти”, “Ахмат алып келди” деп айтып жүрүшөт. Үйбүлөлүк башкарууну Бакиев Акаевдан да ашырып гүлдөттү” деп билдирди.

“Млиция эл депутатына кол көтөрүп жатса, унчукпаган президентке таң калам” деп аталган маегин ушул эле санга жарыялаган ЖК депутаты Кубынчбек Кадыров Түп рамилийсасынын начальниги Эрнист Дүйшембиев деген аны жакалаганын, мына ушундай немелер милийсанын кадырын кетирип жатканын, эгер Дүйшембиев жазасыз калса, анда башкалары да каалаганын жасай берерин, өкүнүчтүүсү ушунун баарын угуп, билип туруп унчукпаган, чара көрбөгөн, Конституциянын гаранты болгон президенттин билмексен болуп атканына таң калып келатканын кеп кылган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG